СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Алым шыйпаңдап, Айдананын кареги менен чимирилип жатты.
– Кел эми, бүгүнкү майрамыбызды өзүбүзчө белгилейли.
Столдун үстүндө коньяк, төөнүн көзүндөй эки рюмка турганын көргөн Айдана эрдин кырча тиштеп алды. Ушул ийгилигин, ушул улуу күнүн куттуктаганга Алымдан башка киши жок экенине жаны ачышып турду. Ыза болгон жаны коньякты кантип алып, кантип тартып жибергенин сезбей калды.
– Мына, азамат! Кел, закускадан...
– Жок, закусканын кереги жок. Дагы куюңуз.
Баса-баса коньяктан ичип алган Айдана шалдырай диванга отуруп калды. Жүрөгүндөгү ызасы, сагынычы удургуп, жанын жай таптырбай жатты. Мунун баары Алымдын көз кырынан калган жок. Кылыр көзү менен кыздын ар бир кыймылын аңдып жатты.
– Айка...
– Дагы куюңузчу...
– Мен сени эмне кыйнап жатканын билем. Бирок өзүң ойлончу. Сени ушул абалга таштап кеткен адам сага татыктуубу? Сен колуна көтөрүп ала турган кызсың. Баркыңды, талантыңды түшүнбөгөн немеге убактыңды коротпо.
– Сиз эмнени билет экенсиз?! Деги эле Рустам тууралуу ким эмне билет? Анын жакшы адам экенин менден башка эч ким билбейт,- деди кыз тиштене.
– Эх, сен...
Бүгүнкү күндүн деми, коньяктын күчү кызды алып учуруп кетти. Оюна бир нерсе түшкөндөй ордунан секирип турду.
– Жүрүңүз,- деди Алымды колдон ала.
– Кайда?
– Рустамга...
– Акылың ордундабы сенин? Жети түндө аялы бар адамга кантип барасың? Ал сени кучак жайып тосуп аларын бир Кудай билет.
– Анда өзүм барам. Өзүм барам...
– Алдыгы түрүң мененби?
– Алым байке, түшүнсөңүз. Ичим от-жалын болуп күйүп бара жатат. Мен мындан ары чыдай алчудай эмесмин. Аны бир көрүп, акыркы жолу көрүп...
Айдананын мындай абалын Алым биринчи көрүшү эле. Адатта токтоо, муңайым көздөрү күйүп-жанып турганына таң калды. Башын чайкап алып, эркине көнгөнгө аргасыз болду.

ххх

Түн ортосунда уйкусу качып жаткан Рустам үйдүн коңгуроосу чырылдаганда эле ордунан ыргып турду. Уйкусураган Айнура саатты карап, түйшөлүп калды.
– Ким болду экен?
– Мага бирөөлөр иштер менен келмек. Сен укта... Уктай бер.
Эшикти ачкан Рустам маңдайында турган Айдананы көрүп, оозу ачыла түштү. Чын эле өзү! Чачтары ийинине төгүлүп, көздөрү жаралуу аркардай муңайым тиктеп турат. Экөө тең үн катышкан жок. Адаттагыдай бирин-бири үнсүз түшүнүштү. Кандай күч жети түндө кызды жетелеп келгенин, кайсы күч өзүнүн түн уйкусун алганын сезип турушту. Рустам үйүнүн жанында турганын, мыйзамдуу аялы үйдө уктап жатканын унутуп, Айдананы кучагына кыса берди. Ушуну гана күтүп тургандай Айдана да Рустамды бекем кучактады. Өзүнүн Рустамы! Ортодо эч кандай убакыт өтпөгөндөй энтиге дем алды. “Баарына ыраазымын! Эч нерсеге өкүнбөйм! Рустам менен өткөн бир мүнөтүм, бир өмүргө барабар” деп ойлоп турду Айдана. Кучагынан бошото берген Рустамды кайра бекем кучактады.
– Кучагыңдан чыгарбачы...
– Айка...
– Сени сагындым. Келбейин дегем. Бирок чыдай албай кеттим. Эч түтпөй кеттим. Бүгүн мен үчүн башкача күн эле. Сени аябай күттүм. Бир туруп, көзүмө элестеп да кеттиң.
– Мен концертиңе баргам. Өзүң жактырган гүлдү алып алган элем. Бирок жаныңа жакын бара албай, бирөөдөн узатып жибергем. Гүл алып барганга акым жок деп ойлодум.
– Сен келген экенсиң да.
Бактылуу жылмайган Айдана өзүн жекире тиктеп турган Айнураны көрдү. Кучактаган колдору өзүнөн-өзү бошоп бара жатты.
Аркасына кылчайган Рустам да аялын көрдү. Эмне дээрин билбей туруп калды. Айдана эми Айнуранын бөрсөйгөн ичин даана көрдү. Жүрөгү тырс үзүлүп бараткандай сезилди.
– Акмак!- деди Айнура тиштене.
– Кайсы бетиң менен түн ичинде келдиң? Дагы эл көзүндөгү адам...
– Айнура, токтот! Айдананы мен чакыргам.
– Мен чакыргам дечи. Эмне, менин үйүмдөн башка жер таппай калдыңарбы? Акмактар! Жогол, азыр жоголгула...
Колун көтөрүп Айданага атырылып келе жаткан аялынын колун кармай калды Рустам. Анын жаалы чыккан көздөрүнөн артка кайтпасын, баарынан кечип кете турганын сезген Айнуранын деми кайта түштү. Ичиндеги баласын ойлоду. Аялдык куру намысын акылы басып, саамга токтой калды.
– Жетет! Үйгө кир. Экөөбүз анан сүйлөшөбүз.
Ушинтип айткан Рустам Айдананы колдон ала төртүнчү кабаттан ылдый багыт алды. Шалдырай басып келе жаткан Айдана Рустамдын жетегинде үнсүз кете берди. Ийининен тына солуктай үнсүз ыйлап бара жатты. “Үйлөнгөнүнө алты гана ай болду го. Кызык, канча ай болду экен? Балким, бизди ажыраткан нерсе ушул болуп жүрбөсүн? Эми анын мааниси барбы? ”
Рустам түнөрүп келе жатты. “Эмне дейт эми? Ансыз да көргөнү жетишерлик болуп бара жатпайбы”. Ошентсе да өздөрү көп отурчу орундукка келгенде акырын үн катты.
– Отур.
– Жок, Рустам...
– Отур дейм!
Айдана отурганга аргасыз болду. Алдына чөгөлөй отурган Рустамдан көзүн ала качып жатты.
– Жок, сен көзүңдү ала качпа. Экөөбүз уяла турган эч нерсе кылган жокпуз. Эмне, сүйүүбүздөн уялабызбы? Эми сен баарын түшүндүң да, ээ? Эгерде ушундай жагдай болбогондо, бала ортобузга турбаганда мен сенден эч качан баш тартпас элем.
– Эмнеге айтпадың?
Рустам оор үшкүрүп алды.
– Билбейм, сени биротоло жек көрүп калабы деп корктум. Айка, бир гана түн... Ошол түн менин, сенин тагдырыңды чечип кетти. Баланы таштай албадым. Айка, анын күнөөсү эмне? Жашоодо дагы бир адамзат “ата” деген сөзгө куса болуп жашашын каалабадым. Сен мени түшүнөсүң. Түшүнүүгө тийишсиң.
– Кечир мени! Мен бекер келген экем. Экинчи эч качан сени издебейм.
Айдана ордунан шалдырай туруп бара жатып ушуларды айтты. Рустам жаалдана Айдананы ийининен ала кайра отургузду.
– Кайда кетмекчисиң? Мени түшүнбөй туруп кайда кетмекчисиң дейм?..
Өзүнүн алсыздыгына өзү жини келип, буулугуп турду. Жанындагы кымбат, жароокер жан ошол боюнча кайрылбай кетерин ойлогондо жанын коёрго жер таппай жатты. Айдана аны тиктеп отура берди. Бир кезде гана шыбырай үн катты.
– Эмнеге мени сүйдүң? Экөөбүзгө тең бакыт алып келбеген сүйүүнүн эмне кереги бар эле? Бирге боло албагандан кийин эмнеге жолуктук?
– Айка...
– Сен мыкты ата болосуң. Сен бактылуу болосуң, Рустам. Эми мени унут. Мен дагы сени унутканга аракет кылам. Кош бол!
– Токтосоң...
Айдана ордунан акырын туруп, бет алды жөнөдү. Токтогон жок. Илкий басып кетип бара жаткан анын караанын узата караган Рустам кара түндү жара кыйкырып алды. Ушул боюнча эч качан көрбөсүн жүрөгү менен сезип турду. Энтигип, чуркамакчы болуп бара жатып, боюнда бар Айнуранын жалгыз калганын эстеди да, токтоп калды.
Аргасыз аркасына кайткан Рустам үйүнө жөнөдү. Кирип барып, үстөмөндөп жаткан Айнураны көрдү.
Эмне кыларын билбей үнсүз тиктеп турда да, чечкиндүү сүйлөдү.
– Айнура, ордуңдан турчу. Мен сени менен сүйлөшкүм келет.
– Мен сүйлөшкүм келбесечи...
Айнуранын ыйлагандан көзү шишип, сөз айта албай турду.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
SST
2010-09-19 18:04:45
Рустам азамат жигит экен. Чыгармаб болсо да.
0
SST
2010-09-19 18:07:50
Эхх жашоо, неге ушундайсын? Суйбогонду кошуп коесун да, суйушкондорд ажыратып коесун? Менин да суйгон жигитим уйлонуп алган, эмн кылам тагдырдын жазмышына айласыз моюн сунуп жашап келем.
0
diko
2010-09-20 16:17:43
а мен аялы бар адамды жакшы кором. Айданадай болуп аны издеп баргым келет. Бирок антпейм. Бирок Айданадай болуп сагынам.........
0
kyrgyzmyn-94
2013-05-10 18:15:21
Бул чыгарманы окуп ыйладым гооо меееен:(суйуктуу адамдан айрыбасын кудайым ар бир пендеге.бакыт берсииин.....
0
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан