ӨМҮРЛӨРДҮ АЛЫП ЖАТКАН ПНЕВМОНИЯ

Учурда эл ичинде эртеден кечке коронавирус темасы талкууда. Жумушта, үйдө, ооруканада, базарда... Эң коркунучтуу делген инфаркт, инсульт, кант диабети, рак оорулары коронавирустун көлөкөсүндө калды. "Вирустун өзү эле эмес, ал пайда кылган пневмония да коркунучтуу" дешет пульмонологдор. Мына ушул элдин үшүн алган пневмония тууралуу кеп козгойбуз. Маалыматты Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов берди.

Учурдагы атиптик пневмония (вирустук пневмония) буга чейин элге белгилүү болгон кадимки пневмониядан айырмаланат.

"КАДИМКИ ПНЕВМОНИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?"

Пневмония – өпкөнүн сезгенүүсү. Эки өпкө же бирөө гана сезгенүүсү мүмкүн. Пневмонияга суукка катуу урунуу, грипптен толук айыкпай калуу, үйдүн ашыкча ным, сыз болуп көк басып турушу, балдардын шал оорусу, бактериялар жана вирустар, ДЦП жеткирет. Пневмонияга ошондой эле дем алуу жолдорунун оорулары – бронхит, тонзиллит, астма менен ооругандардын да кабылуу коркунучу чоң. Оору белгилери күтүлбөгөн жерден башталып, адам чыйрыгып, дене табы 40 градуска чейин көтөрүлөт. Дем алуу кыйындайт, адам энтигет. Өпкөнү рентгенге тартуу, анализдерди тапшыртуу менен диагноз коюлат. Убагында дарыланбаса өпкөнүн канча бир бөлүгү, жарымынан же бир өпкөдөн кол жууп калуу коркунучу бар. Оору өтүшүп баштаганда өпкөнүн альвеолдорунда (өпкөнү желдетүүчү мүшөкчөлөр) суюктук же ириң толуп, жөтөл жана какырык пайда болот. 65 жаштан жогоркулар, 2 жашка чейинки балдар, жүрөк, бронхит, астма, боордун циррозу, кант диабети бар адамдарда оору катуу өтөт. Айрымдар өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка (ИВЛ) жатып калуусу мүмкүн.

Дары-дармектерден антибиотик, жөтөлгө каршы, какырыкты чыгарчу, дене тапты түшүрүүчү дарылар, витаминдер жана башкалар керектелет. Башкача айтканда, кадимки пневмониянын өзүнө таандык оору белгилери, дарылары бар.

"КОРОНАВИРУСТУК ПНЕВМОНИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?"

– Жаңы вирус козгогон пневмония өзгөчө өтүүдө. Анткени бул оору менен ооругандардын өпкөлөрү түрдүү даражада, түрдүү клиникалык белгилери менен жабыркай тургандыгы маалым болууда. Мисалы, кээ бир бейтаптардын коронавируска чалдыкканы лабораториялык тест аркылуу аныкталат. Кээ бирлерде оору белгилери жок, “бир жерим ооруп жатат” деген арыз-доосу да жок. Ошондой эле калтырап-титирөө, чыйрыгуу, жөтөл, демигүү да байкалбайт. Бирок компьютердик томографияга тартканда өпкөсүнөн пневмониянын белгилери билинип жатат. Андыктан СOVID-19да биз пневмониянын абсолюттук оору белгилери жок түрү менен бет келишип жатабыз. Ооруканада жаткандардын 95-100 пайызында өпкөсүндөгү пневмониялык өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз.

Коронавирустуу пневмонияны коронавирус гана козгойт. Оорунун бат же жайыраак өнүгүшү организмге вирустун аз же көп санда кирип кеткендигинен, иммунитеттин күчүнөн көз каранды. Кадимки пневмонияга салыштырмалуу коронавирустук пневмонияда 2 өпкө бир учурда, көбүнчө төмөнкү бөлүктөрү, кээде оң өпкөнүн ортосу сезгенүүдө. Өпкөнүн сезгенүүсү ооругандардын 75 пайызында жолугат. Алардын үчтөн биринде курч респиратордук дистресс синдрому пайда болууда. Башкача айтканда, тахикардия (жүрөктүн ылдам кагышы), цианоз (аба жетпей көгөрүү), гипоксия (кычкылтектин жетишсиздиги), кандын коюуланып же суюлуп кетиши күтүлөт. Тагыраак айтканда, 2 өпкөгө тең суу, ириң толуп, аба жетишпей демигип, ооругандардын 70-80 пайызы өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка жатып калат. Эгер аппаратка убагында жаткызылбаса, каза болуп калат.

Сепсис, септикалык шок күтүлүшү да мүмкүн. Боюнда барларда чыйрыгып калтыроо, демигүү катуу болот.

“ӨПКӨ КАПКАРА БОЛУП КЕТКЕНИН КӨРДҮК”

– Тесттен коронавирус чыгып, бирок оору белгилери жок же оору белгилери жеңил түрдө болгондор да бар. Иммунитети өтө төмөндөрдө, химиотерапия алгандарда, ВИЧ менен ооругандарда вируска кабылуу коркунучу чоң. Ооруда денеге бүдүрчөлөр чыгат, дене табы көтөрүлөт, өпкө жана тери сезгенет, шишийт, көз, кан тамырлар, жүрөк кошо сезгенет. Оору көбүнчө 4 күнгө созулат. Бизге 3 жана 8 жаштагы эки бала ушундай синдром менен түшкөн. Орточо оор түрү менен ооруду. Биз аларды суюк кычкылтек менен дем алдырып, керектүү дарыларды сайып жатып аман алып калдык. Оору өтүшүп баштаса өпкө капкара болуп, сары суу, ириңге толуп, жүрөктүн кан тамырлары да сезгенип, жукарып кетет. Жүрөккө күч келгенде кан тамырлары жарылып кетип, адам каза болуп калат. Ички органдары да боор, бөйрөктөрү сезгенип, айрым жерлериндеги клеткалар өлүп, некроз боло баштайт. Заара чыгуу азаят. Азыркы пневмония ушундай өтө кооптуу оору.

Бизде коронавирустун биринчи толкуну каптаганда абалы оор келген 4 адам каза болуп калган. Ошондо биз себептерин изилдеп, алардын өпкөлөрүн союп көргөнбүз. Өпкөлөрүнүн альвеолдор менен бронхиолдоруна кара кочкул гель сымал суюктук (вибрин) толуп, аларга өпкөнүн сезгенгенден өлгөн клеткалары кошулуп, өпкө капкара болуп катып калыптыр.

Коронавирус пневмониясы өнөкөт оорусу жоктордо жеңил өтөт. Кант диабети, жүрөк, жогорку кан басым, бронхит, астма оорусу барларда оор түрдө өтүүдө.

“КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАР ООРУП КАЛСА...”

– Кош бойлуу аялдар ооруп калса, аларды өзүнчө изоляцияга жаткырып дарылоо кажет. Коронавирусту дарылоочу күчтүү дары-дармектен ичтеги бала каза болуп же майып болуп калуусу мүмкүн. Айрым учурда аялда кан кетүү да күтүлөт. Ошондуктан кош бойлуу аял вирустан өтө сактанып, оору белгиси билинсе дароо врачка кайрылуусу зарыл.

Бизге кош бойлуу аял СOVID-19 менен ооруп келген. Өнөкөт кошумча ооруларына, анализдерине жана башкаларына абдан көңүл буруп, күнү-түнү кайтарып дарылап отуруп айыктырдык.

Кыскасы, коронавирустук пневмониянын оор түрүндө 1 күндө эле вирус өпкөнүн 30-40 пайызын иштен чыгарат экен. Эгер адам врачка кайрылып, дарылана баштабаса 2-күнү өпкөнүн 50-60 пайызы, 3-суткада өпкө толук иштен чыгып, адам көз жумуп калат.

Коронавирустун оору белгилери жоктордун өпкөсүн жакшы, жаңы рентгендик аппаратка тартканда пневмония белгилери билинет. Эң так аныктама өпкөнү компьютердик томографиядан өткөргөндө чыгат. Ооругандардын 20-30 пайызында канынын анализин лабораториядан текшергенде оору белгилери жок болуп чыгууда, бирок компьютердик томографиядан пневмония экени билинип жатат.

Негизи биздин тажрыйбада өпкө 15-20 пайыз соо бөлүгү калгыча дем алдыруучу аппараттын жардамы менен иштей бере тургандыгын билдик. Ушундай учурда да туура дарыларды чектеп берүү менен адамды өлүмдөн алып калса болорун, дарылоо менен өпкөнү акырындап калыпка келтирсе болоруна ишендик.

ДАРЫЛОО

– Дарылоодо Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көрсөтмөсүндө жазылган дары-дармектер колдонулууда. Алардын ичинде ВИЧти, гриппти, калтыратманы дарылоодо колдонулуучу дарылардан бери бар. Биздин оорукананын врачтары коронавирустан адамды суюк кычкылтек менен дем алдырып сактап калуу ыкмасын колдонуудабыз. Мындай кычкылтек өпкөсүнүн 20 пайызы эле иштеп калгандарды да тиги дүйнөдөн сууруп чыгарат. Анткени суюк кычкылтек 6 кычкылтек конденсаторунун ордун алмаштырат.

Алгач коронавирус менен ооруп, оор абалда энтигип, дем ала албай, дене табы көтөрүлүп, күчөгөн жөтөл менен келгендерди кычкылтек конденсаторуна туташтырып, дем алдырып баштаганбыз. Бирок кычкылтек жетишсиздигинен экинчи, үчүнчү болуп отуруп бир адамга 6 кычкылтек конденсатору керек боло тургандыгы билинди. Аларды оорулуулардын оозуна, мурдуна туташтырып жаттык. Анан ойлонуп отуруп бачокторго куюлган суюк кычкылтектерди алдыра баштадык. Андай кычкылтек бир мүнөттө адамды 30 литр кычкылтек менен камсыз кылат. Оорулууларды суюк кычкылтекке туташтыра баштагандан тартып алардын абалы кескин жакшырып баштады. Анан дарылоого антибиотик, вируска каршы дарыларды коштук. Анткени вирустан ооругандардын бөйрөк, боору иштен чыга баштап, кан басымы көтөрүлүп кетет. Ошентип суюк кычкылтектин арты менен оор оорулууларды да аман алып кала баштадык. Суюк кычкылтекти Орусия, Казакстан, Өзбекстандан буюртма менен алдырабыз.

Дагы бизде гана колдонуп, башка аймактарда колдонулбаган ыкма – бул коронавирус менен ооруп айыккан адамдын канынын плазмасын вирусту жаңы жугузуп келген адамга куюу. Бул Кытай ыкмасы. Бул үчүн ооруп айыккан адамдын кан тобу, резус-фактору жаңы ооруп келген адамдыкы менен дал келиши керек. Ошентип биз ооруп айыккандардын макулдугу менен канын алып, плазмасын ооругандарга куюп, аман алып кала баштадык. Анткени ооруп айыккандардын канында антитела, башкача айтканда, вируска каршы күрөшүүчү иммунитет бар. Ал иммунитет организмге кирген вирусту таанып, аны менен жакшы күрөшөт.

СOVID-19 менен ооруп калган адам күнүгө абалын байкап, жазып турушу керек. Мисалы, дене табынын өлчөмүн, кан басымы, канынын курамындагы кычкылтектин деңгээли канча (пульсоксиметр аппаратын манжага тагып өлчөйт), жөтөлү канчалык күчөгөнүн, канча күндө жыт, даам сезбей калганын жана башка. Булар врачка кайрылганда оорунун кандай өнүгүп жатканын аныктоо үчүн керек.

“РЕАНИМАТОЛОГДОР ПЦР АНАЛИЗДЕРГЕ ИШЕНБЕЙ КАЛЫШТЫ”

– Биздеги реаниматологдор ПЦР анализдерине ишенбей калышты. Анткени бир вирус жугузганга шектелип келген бейтапты 8 ирет текшергенде да вирус жок деп чыкты. Компьютердик томография аркылуу гана СOVID-19 экенин аныктадык. Андыктан ооругандар компьютердик томографиядан өтүүлөрү керек. Коронавирустук пневмониянын орточо жана жеңил түрүндө компьютердик томографияга ооругандын 4-5-күндөрү түшүү керек. Андан эрте түшсө, өпкөдөгү азыраак сезгенүү билинбей калат.

Коронавирус менен ооруган адам организмдеги вирустун уулары чыгып турушу үчүн суюктуктарды, компот, морс, чай, суюк шорпо жана башкаларды көп ичиши керек. Илимпоздор адам ооруп айыккандан кийин да организминен 8-20 күнгө чейин өлгөн вирустар бөлүнүп чыга тургандыктарын айтышууда. Демек, айыккандан кийин да 20 күндөй суюктук ичүүнү, ден соолукка кам көрүүнү улантуу керек.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
vikidiki
2020-07-13 13:07:30
Ошондо айыккандан кийин да 29кундой вирусту "алып жүрүүчү" болуп,башка адамга жуктуруу ыктымалдыгы барбы? Урматтуу админ билип бериңизчи?
+2
№ 918, 9-15-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан