“КЫРГЫЗ ЛОТО” ОЙНОГОНУҢ – ӨЛКӨНҮН МАДАНИЯТЫН, СПОРТУН, БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН КОЛДОГОНУҢ!

МАМЛЕКЕТТИК ЛОТЕРЕЯЛЫК ИШКАНА ТУУРАЛУУ

2016-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтү дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып «Мамлекеттик лотереялык компания» мамлекеттик ишканасын түзгөн. Бүгүнкү күндө ишкана Кыргыз Республикасынын «Лотереялар жөнүндө» мыйзамынын алкагында «Кыргыз Лото» бренди менен ишмердүүлүк жүргүзөт. Алгачкы тираждык оюнду 2018-жылдын август айында баштап бүгүнкү күнгө чейин улантып келе жатат. Тираждык лотереядан сырткары көз ирмемдик “ОРДО”, “ТУЛПАР”, “ЖЕТИГЕН” жана “ИЛБИРС” лотереяларын 2018-жылдын октябрь айынан бери сатууга чыгарып, өз жеңүүчүлөрүн кубандырып келе жатат.

МАМЛЕКЕТТИК ИШКАНАНЫН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА МАКСАТТАРЫ:

Спортту, маданиятты, билим-илимди, искусствону, инсанды рухий жактан өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана балдарды, жаштарды, кары-картаңдарды, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү коргоо жаатында комплекстүү иш-чараларды уюштуруу.

КЕЗЕКТЕГИ ТИРАЖ ТУУРАЛУУ

Кезектеги 17-тираж 2020-жылдын 22-июль күнү саат 19:50дө НТС телеканалынан түз эфирде көрсөтүлөт. Мындан сырткары kyrgyzloto Youtube, Instagram жана Faсebook социалдык тармактардагы расмий баракчалардан түз эфирде көрсөтүлөт. Жалпы байге фонду 3 000 000 (үч миллион) сом.

БАЙГЕ ЭЭЛЕРИ КАНДАЙ ЖОЛ МЕНЕН, КАНЧА УБАКЫТТА БАЙГЕСИН АЛЫШАТ?

1000 сомго чейинки байгелер сатуу түйүндөрүбүздөн берилет. Андан жогорку байгелер кеңседен гана (!) берилет. Себеби ар бир билет текшерүүлөрдөн өтүшү керек, мында билетти жасаган ишкана билеттин жасалма эместигин тастыктайт. Кыргыз Республикасынын «Лотереялар жөнүндө» мыйзамына ылайык, байгелер 10 күндөн баштап 90 күн ичинде берилет. Азыркы пандемия шартына байланыштуу утушка ээ болгон байгелүү билеттерди кабыл алуу мөөнөтү узартылган. 2020-жылдын 20-февралында өткөрүлгөн 14-тиражга катышкан жеңүүчүлөр 2020-жылдын 20-июлуна чейин, ал эми 25-мартта өткөрүлгөн 15-тиражга катышкан жеңүүчүлөр 2020-жылдын 25-августуна чейин кайрылса болот. Байланыш телефону: 0 (312) 62 39 25.

БИЛЕТТЕРДИ КАЙСЫ ЖЕРЛЕРДЕН САТЫП АЛСА БОЛОТ?

Билеттерди сатуу шаарлардын жана райондордун соода жайларында уюштурулган сатуу түйүндөрүнөн, андан сырткары Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык почта бөлүмдөрүнөн, Токтогул райондук жана Таш-Көмүр шаардык бардык почта бөлүмдөрүнөн сатып алса болот. Катышуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн kyrgyzloto.kg сайтынан “Элкарт” жана “Элсом” электрондук төлөө системасы аркылуу онлайн билеттерди сатып алса да болот. Билет баасы 150 сом. Жакынкы аралыкта MegaCom жана О!kg тиркемеси аркылуу сатуу ишке ашырылат.

МАМЛЕКЕТТИК ЛОТЕРЕЯЛЫК КОМПАНИЯНЫН МУРДАГЫ ЖЕКЕ КОМПАНИЯЛАРДАН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Эң биринчи айырмасы – бул мамлекет тарабынан көзөмөлдүн күчтүүлүгү, мындай көзөмөл лотерея уюштурууда махинация жана ар кандай мыйзамсыз жолдорго бөгөт коёт. Экинчи айырмасы – түшкөн каражаттын бир бөлүгү жогоруда айтылган максаттарга жумшалат жана таза кирешенин бир бөлүгү республикалык бюджетке түшөт.

ИШКАНАНЫ КӨЗӨМӨЛДӨӨ ТАРТИБИ

Лотерея ишмердигин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы көзөмөлдөйт. Түшкөн каражаттын туура сарпталышына Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы аудит жүргүзөт жана башка мамлекеттик органдар мыйзамдарда каралган компетенциясына ылайык текшеришет. Ошол себептен биз уюштурган лотереялардын ачык-айкын өтүшүнө кепилдик бар.

ЛОТЕРЕЯДАН ТҮШКӨН АКЧА КАЙДА ЖУМШАЛАТ?

Кыргыз Республикасынын «Лотереялар жөнүндө» мыйзамына ылайык лотереянын байге фондунун акчалай эквивалентин эсептеп чыгаргандан кийинки лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын 10 пайыздан кем эмес өлчөмү Максаттуу чегерүүлөр фондуна бөлүнөт. Максаттуу чегерүүлөр фондуна түшкөн каражатты жылдын аягында өкмөт спортту, маданиятты, искусствону, илимди, билимди жана социалдык программаларды колдоого жумшайт. Дагы 10 пайызы сатуучулардын акысына бөлүнөт, калган 20-30 пайызы жарнама, маркетингдик, административдик керектөөлөргө, жумушчулардын айлык акысына жумшалат. Байге фондуна 50 пайыздан кем эмес өлчөм сарпталат.

УТУШКА ЭЭ БОЛГОНДО КАНДАЙ САЛЫКТАР ТӨЛӨНӨТ?

Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык, 1000 сомдон жогорку көлөмдөгү байгеге ээ болгон жарандар мамлекетке киреше салыгын, башкача айтканда, байге баасынын 10 пайыз өлчөмүндөгү акчалай салыкты төлөшөт. Ал эми 1000 сомдон аз көлөмдөгү байге ээлери тарабынан эч кандай салык төлөнбөйт.

БАЙГЕ ФОНДУ КАНДАЙ ТҮПТӨЛӨТ?

Кыргыз Республикасынын «Лотереялар жөнүндө» мыйзамына ылайык, байге фонду сатылган лотерея билеттери үчүн алынган акынын эсебинен же болбосо лотереяны уюштуруучунун өздүк каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Бүгүнкү күндө лотереянын байге фонду сатуудан түшкөн каражаттардан түзүлүп жатат.

ЭЛГЕ КАЙРЫЛУУ

Биздин ураан «Өнүгүүгө – бирге»! Ошондуктан лотерея ойноп, байге утуп алуу эле эмес, баарыбыз бирге спортту, маданиятты, искусствону, илимди, билимди жана социалдык программаларды өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошолу. Ишенич менен мамлекетибиз ийгиликтерге жетишет!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 918, 9-15-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан