ШАМШЫБЕК ӨТӨБАЕВ

Ата журт” деген ырды укканда дароо көз алдыңа залкар акын Алыкул Осмонов же болбосо бул ырга шедевр обон жараткан композитор Шамшыбек Өтөбаев элестелет. Өзүнүн кесиби башка болсо да, катыра обон жазып, «мен, мен» деген композиторлорду артка калтырган Шамшыбек чындап чыгармачылыктын артынан түшүп иштесе, ким билет, анда кыргызда кылымдан кылым карыта турган укмуш чыгармалар жаралмак беле?! Анда эмесе, “Жүрөктө калган жылдыздар” рубрикасында 14 республикалык, 8 эл аралык конкурс, фестивалдардын жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор жана атка­руучу Шамшыбек Өтөбаев тууралуу макаланы сунуштайбыз.

БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК
Ар бир адамдын киндик каны тамган туулган жерин кичи мекени деп коёт эмеспизби. Шамшыбек аганын кичи мекени – Ноокендин Шыңсай айылы. Атасы Тагай эки жогорку партиялык мектепти бүткөн билимдүү адам болгон. Өз мезгилинде көп жылдар партиялык, советтик кызматтарда иштегенине байланыштуу Кыргызстандын көп жеринде жашаган. Ошол кезде Кетментөбөдө иштеп турганда балалуу болууну эңсеген ата касиеттүү Шамшыкал тоосуна карап өзүнө уул тилеген тура. Жараткан жалгап, арадан ай өтүп, жыл айланбай, 1951-жылы 11-декабрда уулдуу болгон экен. Шамшыкал атанын ысымына ырымдап азан чакырып, 25 жашында көргөн уулунун атын Шамшыбек коёт. Ал – атасы Тагай менен энеси Бактыкандын беш баласынын улуусу.
Ырчы таенесинин колунда чоңойду. “Атамдын ырдаган ырлары менин сезимдеримди ойготкон. Кичинекей кезимде мени чоң кишидей көрүп сүйлөшүп, кеңешип калаар эле. Таенем бир башкача киши эле, чукугандай сөз тапкан, кошокчу, санжырачы, тарыхты мыкты билген адам болгон. Айылда Курманжан даткадай сүрү бар, ошончолук кадыр-барктуу адам эле. Ар дайым мага “сен Кошой болуштун тукумусуң” деп ата-бабам жөнүндө көп нерсе айтып берчү. Таенем: “Биздин эшикте Токтогулдан тартып Жеңижокко чейинки ырчылар ырдашчу”,- деп айтып калаар эле. Бул киши 91 жашында каза тапты”,- деп эскерет таенеси жөнүндө ырчы.
Шамшыбектин балалыгы айтылуу Чилмайран тоолорунда өттү. “Балалыгымды эстесем эле көз алдыма алгач тоолор элестелет. Болгондо да тоонун жыты буркурап келип, тү­шүмө тоонун түркүн-түстүү гүлдөрү кирет”,- дейт Шамшыбек ага. Үйдүн тун уулу болгондуктан, эрке, шок өстү. Ушунчалык шок болгондуктан, колхоздун чөбүн өрттөп, чоң машинасын жүр­гү­зүп жиберип тил уккан күн­дөрү да болгон.
Бала кезинде эле Рыспайдын обондоруна таасирленип аккордеон кармап, созолонгон үнү менен эл көзүнө көрүнө баштаган. Балким, бул өнөр ага атасы Тагайдан жуккандыр. Анткени, атасы комузда кол ойнотуп, элдик ырларды эң сонун ырдагандыктан, ал ырдаганда айылдын тоолору жаңырып тураар эле. Кайда барбасын жанына баласын алып алгандыктан, Шамшыбек атасынын өзүндөй кылып ырдаганга көнгөн. Ошондой тоодо баратып, жол кыскартмакка Атай менен Мусанын обондорун созолонтуп ырдаганын угуп: “Атам эмнегедир эл алдына чыгып ырдабайт. Бир билгени бардыр. Эгер атам ырчылык кесиптин аркасынан сая түшсө, чоң ырчы болоор беле?! Үнү абдан коңур келип, жанга жагымдуу. Атамды белгисиз калган ырчы деп эсептеймин”,- деп өзүнчө ойлонгон ойноок жигит же батынып суроо салалбайт. Аккордеондо, мандолинада ойногонду өздөш­түрүп алган, теңтуш балдарынын арасында, мек­тептеги кароо-сынактарда ырдай калып жүргөн баласын байкаган атасынын: “Эй, уулум, ырчылык – чоң өнөр, бирок, артисттик кесип эмес. Мунуңду ташта. Сен Мырзакул бийдин чөбө­рөсү, Кошой болуштун небересисиң. Бизге ырчылык өнөр жарашпайт”,- деген сөзү­нөн кийин анын ырчылыкка эмне себептен маани бербей жүргө­нүн ошондо түшүн­дү. Ошентсе да кайсы бир учурларда жүрөгүнө бир нерсе жетишпегенсип, кө­ңүлү ырга алып учкандыктан, “ырчы болом” деген тилеги тээ көкүрө­гүнүн түп­күрүнө сакталып калса керек. Атасы Тагайдын: “Артисттер бир дубанадай эл болот, балам”,- деп каршылык көрсөткөнү аганын инженердик кесипти тандап алууга түрткү болгону менен көкүрөгүндөгү талант дагы да болсо өнөр жолунан алыстоого жол берген жок.

КЕЛЕЧЕККЕ БАГЫТ АЛГАН ЖОЛ
Убакыт өтүп, кечээки чөп өрттөп, тентектик кылып жүргөн тестиер бала бойго жетип, келечек жолго багыт алат. Мектепти күмүш медаль менен аяктаган Шамшыбек аганын чоң максаттарынын бири жогорку окуу жайга өтүү болчу. Табиятынан зирек, талыкпаган эмгекчилдигинин артынан борборубуздагы Политехникалык институтка кирет. Ошол кездеги классташтарынан 18 бала баары тең бир жогоркуу окуу жайга өтүп кетишет. Классташы маркум Шералы Назаркулов менен жатаканада бир бөлмөдө жашап, студенттик курактын таттуу мезгилин баштаган. Жатакананын бөлмөсү кечкисин бака-шака толуп, эртең менен китеп кубалап окуган күндөр биринин артынан экинчиси өтүп, Шамшыбек 2-курс да болуп калат. Бир күнү сабакта отурса, институттун көркөм жетекчиси Султан Юсупов кирип: “Араңарда ырдагандар барбы?”- деп сурап калат. Отурган балдардын баары Шамшыбекти карап калышат. Анда ал тура калып: “Агай, менин ырдагым келбейт”,- деп жооп берет атасынын сөзүн эстеп. Анда Юсуповдун жанында турган декан: “Ырдайт, ырдабаса стипендиясынан айрылат”,- дейт. Көнбөскө айла жок. Ошентип, хордо ырдап калат. Аны менен кошо жеке номер да ырдап, аккордеон да тартып жүрөт. Ал мезгилде кыргызга жат, тааныш эмес болгон эстрада жанры жаңыдан пайда болуп, Чоро Кожомжаровдун аты кыргызга тарай баштаган кез. Анан Шамшыбек ага да эстрада ансамблин түзүү жөнүндө кыялдана баштайт. Ошентип, окуу жайда алгач ирет “Назик” деген ансамбль түзүлөт. Бул ансамбль Сардарбек Жумалиевдин “Толкундар” деген ырын аткарып, ошол жылы өткөн телеконкурста биринчиликти жеңип алууга жетишет. Ошондо Политехтин актовый залында Шамшыбек агалар биринчи жолу концерт бергенде кээ бир кыргыз улан-кыздар сүйүн­гөнүнөн отуруп алып ыйлашкан. Андан сырткары, студент кезде КВНге катышып, Москва шаарынан биринчиликти алып келгенге да жетишкен. Кыргыз эл артисти Султан Юсупов, актёр Экия Мукамбетовдордун устаттыгы ырчыны ийгиликтерге илгерилеткен десек жаңылышпайбыз.

АЛГАЧКЫ ЖАНА ТҮБӨЛҮК СҮЙҮҮ
Ар бир адам жашоосунда кайталангыс махабатка кабылат эмеспи. Көкү­рөгүн сезим уялап, Шамшыбек ага да өз махабатына жолугат. Ошол учурда институтта 3-курста окуп жаткан кези эле. Бир күнү эле классташы, курсташы Шералы Назаркулов: “Дүкөнгө практикага бир кыз келиптир. Жакшынакай кыз экен”,- деп калат. Шамшыбек ага ал кызды сыртынан бир көрүп жактырган соң курсташы Канат менен сүйлөшүп жүргөн кыз Гуляны ортого салып, 1970-жылы 17-майда анын туулган күнүндө таанышышкан. Жигиттин жүрөгүнө чок салып, көңүлүн ээлеп алган бийкечтин аты Сабира эле. Ырчынын ак көңүл, токтоо мүнөзү, бийик адамгерчиликтүү сапаты кыздын жүрөгүн да багындыра алган. Экөө таанышкан соң арадан туптуура бир жыл өткөндөн кийин Шамшыбектин кудалап койгон кызы бардыгына карабай эки жаш баш кошуп бир бүтүнгө айланышкан. Кыз Нарындык болгондуктан, алгач ата-энеси “түштүк тарапка кетти” деп ызы-чуу кылышканы менен күйөө баласын жана анын үйбүлөсүн көрүп унчукпай калышкан. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Сабира эже Шамшыбек агага өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк жан шериги болуп келе жатат. “Далай күндөр өттү баштан. Бирде турмуштун бурганактаган бороонуна бет келсек, бирде кубанычка бөлөнгөн далай ирмемдерге туш болдук. Кыйын мүнөттөрдө бирге болуп кыйышпадык. Азыр Кудайга шүгүр”,- дейт Шамшыбек ага. Эженин кесиби – орус тили мугалими. 35 жыл бирге түтүн булатып келе жаткан бактылуу ата-эне 5 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрүшкөн. Улуу уулу Нурдин бажы кызматкери болуп иштейт. Экинчиси Алмаз аэропортто эмгектенет. Андан кийинки Чыңгыз менен Медер Москва шаарында билим алышууда. Ал эми эң кичүү уулу Бакыт – мектеп окуучусу. Кызы болсо Ошко турмушка чыгып, өзү менен өзү. Бир баласы бар. Учурда Шамшыбек ага менен Сабира эже өмүрдүн эң бир жемиштүү мезгилинде бактылуу чоң ата, чоң эне болуп, 5 небересин эркелетип жүрүш­көн мезгилдери.

ТАЛАНТ ТАРЖЫМАЛЫ
Өз кесиби менен иштесе да, көкү­рөгүндөгү талант көрөңгөсү ичине батпаган Шамшыбек ага ушул боюнча тынчып отуруп кала албады. Ырдан жаралган сезим-туюму жөн койбой, республикада алгачкылардан болуп “Назик” эстрада тобун уюштурат. Андан көп өтпөй Чоро Кожомжаров жетектеген кыргыздын туңгуч эстрада тобуна солист болуп кирет. Кесиби боюнча да иштеп ,“Наристе” ансамблинин даңкын көтөрүп, ыр менен эриш-аркак жүрөт. “Набат”, “Асем” деген топ түзүп, жетекчилик кылган. Бул топтор көптө­гөн эл аралык жана республикалык конкурс, фестивалдардын лауреаты жана жеңүүчүлөрү болушкан. Кийин Ош пединститутуна мугалим болуп которулуп, “Назик” эстрадалык тобу 8 жылдын ичинде 12 жолу чет өлкөлөрдө кыргыз өнөрүн тартуулаган. Шамшыбек ага “Москва-87” Бүткүл союздук кароосунун дипломанты болгон. Анын аткаруусундагы “Таң сыры”, “Сары челек”, “Көл кечи”, “Кыргыз жери”, “Сен менин жазылбаган ырларымсың”, “Сага”, “Фрунзенин теректери” жана башка жүрөккө жеткен ырлары элге сиңип, эчак эле эл оозуна алынып, классикага айланган. Андан сырткары, “Ат келет”, “Кутман жер”, “Алтын тумар”, “Атама”, “Өмүр керемет”, “Кыялдагы мырзага”, “Кат жазчы мага”, “Дүрдана”, “Ата журт” деген ырлары бүгүнкү күнгө чейин популярдуулугун жоготпой, профессионалдык жогорку деңгээлдеги ырлардын катарында өз ордун тапкан. Ырчы «музыкага этият мамиле кылбаса болбойт, анткени, ал жакшы болсо, элдин рухуна от жагып, ой чабытын күчөтөт, жаман болсо, сезимди мокотот» деген принцип менен чыгармачылыкка мамиле жасайт.
Шамшыбек аганын учурда Ак үйдө президенттик администрацияда эмгектенип жаткан убагы. Жакындан билбегендердин “эмнеге тээтигил артист Ак үйдө отурат?” деп айткандары да жок эмес. Качан гана сүйлөгөн сөзүн, кылган ишин көргөндөн кийин антип айткан адамдардын жаагы жабылып калган учурлар болгон. Шамшыбек ага артист деген атты алганы менен артисттин жашоосун өзүнө алган эмес. Башкача айтканда, артистке тиешелүү жашоодон алыс. Балким, убакытты туура пайдалана билип, табитинин күчтүүлүгүнөнбү же иш билгилигиненби, айтор, ушундай ийгиликке жетип отурат.
Аганын чыгармачыл 25 жылдык автордук кечесинде белгилүү депутат Дооронбек Садырбаев: “Сенин ырларың менен өсүп, сүйүшүп, канча жаштар очор-бачар болушту. Сен эчак элдик ырчы болуп калгансың. “Наам албадым” дебе. Эч нерсеге жарабай калганда мага окшоп депутат болуп кетесиң”,- деп айткан экен азил-чынды аралаштырып. Ошондон бери арадан 10 жыл өтүп, мына минтип быйыл 35 жылдык юбилейине даярданып жаткан мезгили. Жашы эр ортону 50дөн ашып, 60ка аяк басса да, жүрүш-турушу жеңил, сергек. Ырдала элек ыры, айтыла элек ою бардай... Түрк туугандар айткандай, “кыргыз ырындагы өчпөс ысым” бойдон кала бериңиз, Шамшыбек ага.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 236, 11-17-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан