Коронавирус пандемиясынан улам велосипедге суроо-талап кескин түрдө өстү. Аны дүйнөнүн ар бурчунда велосипеддин көп сатылганы далилдеп турат. Өндүрүүчүлөр дагы мындай бурулушка даяр эмес экенин билдиришкен.
Америкалык NPD Group компаниясынын иликтөөсү боюнча, АКШда апрель айында эле велосипед жана ага керектүү тетиктердин сатылуусу мурунку учурга салыштырмалуу 75 пайызга, Улуу Британияда пандемия башталгандан бери 60 пайызга өскөн.
Голландиялык электрондук велосипед өндүргөн VanMoof компаниясы да апрель-июнь айларында товарына дүйнөлүк суроо-талап өскөнүн белгилеген. Ушундай эле өсүш Европа өлкөлөрүндө байкалган. Маселен, өткөн жылдын июнь айына салыштырмалуу Италия, Испанияда велосипедди интернет аркылуу алгандар эселеп өскөн.
Динара Акимова
koom@super.kg