Астролог Жанар Кадыралиевдин божомолу
– 2020-жылдын 22-июлунан тартып 10-ноябрга чейин өтө кооптуу учур. Анткени агрессивдүү Марс планетасы кой жылдызында узакка, башкача айтканда, 3 айдай туруп калат. Марс 3 планетага: Юпитер, Сатурн, Плутонго терс таасирин тийгизет. Андыктан 22-июлдан 10-ноябрга чейин коомчулукта, саясатта, экономикада чыңалуулар күтүлөт. Эл аралык мамилелер курчуйт, саясатчылар жана саясий партиялар арасында тирешүүлөр, адамдарда агрессивдүүлүк, экономикада кризис күчөйт. Жаратылыш кырсыктары, жер титирөө, өрт көбүрөөк күтүлөт. Элдин бийликке нааразычылыгы чоң митингдер, элдик толкундоолорго алып келиши ыктымал. Андыктан саясатчылар саясатты абайлап жүргүзүүлөрү керек.
3-октябрдан 12-октябрга чейин да өтө кооптуу мезгил. Шайлоонун ызы-чуусу абдан көп болот, жеңилген партиялар тим калбай чоң тирешүүлөргө, териштирүүлөргө барат. Бул элдин чайпалуусун жаратат.
Шайлоодон кийинки 9-октябрь датасы өтө кооптуу датага кирет. Плутон менен Марс планетасы бири-бирине терс таасир этүүчү абалда жайгашат. Бул элдин экономикалык кризистен, жашоонун начарлашынан, иштин жоктугунан, айлыктын аздыгынан улам кыйналган элди толкундоого жеткириши мүмкүн. Ошондуктан 9-октябрь эң кооптуу күн.
Жалпысынан 22-июлдан 10-ноябрга чейинки мезгилдеги эң кооптуу күндөр күндөр болуп төмөнкүлөр эсептелет:
28-июль, 3-4-август, 13-август, 19-август, 25-август, 12-сентябрь, 30-сентябрь, 9-октябрь, 29-октябрь, 4-ноябрь. Андан кийин чыңалуулар азаят.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg