АДАМГА АБАДАЙ ЗАРЫЛ C ВИТАМИНИ

Учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу адамдар иммунитетти күчтөп, организмди керектүү витаминдердин запасы менен толуктоого ыктап жаткан маал. Мындай жандалбастаган аракетти жай турмушта эмнеге кылбай жүргөнбүз деген суроо сизде да жаралдыбы? Дарыгерлердин айтымында, курамында С витамини бар азык-түлүктөрдү колдонуу менен организмди вируска каршы чыңдоого болот. Төмөндө ушул витамин тууралуу жана аны кайсы азыктардан алса болорун айтып беребиз.

ТАРЫХЫ

С витамини – бул кадимки аскорбин кычкылы. Анын алгачкы табылышы Шотландиянын борбору Эдинбург шаары менен байланыштуу. XVIII кылымда Эдинбург шаарындагы медициналык университеттин жөнөкөй бир студенти эл арасында жайылып кеткен цинга дартына цитрус өсүмдүктөрү жакшы таасир берерин байкаган. Мындан 2 кылым өткөндөн кийин окумуштуулар негизги сыр аскорбин кычкылында жатканын аныкташкан. Дал ушинтип С витамини изилденип калган.

АЛ КАНДАЙ ВИТАМИН?

С витамини – бул сууда эрүүчү, антиоксиданттык касиетке ээ витамин. Аскорбин кычкылы организмде коллаген затын иштеп чыгууга жооп бергендиктен, аны “сулуулуктун витамини” деп да атап коюшат. Кан тамырлар, муундар дал ушул коллагенден тургандыктан, С витамини бизге ар дайым керек, организм аны үзгүлтүксүз талап кылат. Ошондой эле темирдин сиңишин да шарттайт. Аскорбин кычкылы организмди ар кандай инфекцияларга каршы турууга да даярдайт. Белгилей кетчү нерсе, адам инфекциялык оору менен ооруп калгандан кийин аскорбин кычкылын ичкени пайдасыз. Организм ооруларга туруштук бериши үчүн алдын ала даярдалып, иммунитет бекемделиши керек.

КАНДАЙ АЗЫКТАРДА КЕЗДЕШЕТ?

С витамини цитрус өсүмдүктөрүндө, тактап айтканда, апельсин, лимон, киви, ананас сыяктуу жемиштерде көп. Мындан тышкары ит мурун, кызыл калемпир, карагат, чычырканак, брокколи, алмада, жашылча-чөптөрдө, анын ичинде петрушка, укропто да бар. Баарыбызга эле бул азыктар жеткиликтүү боло бербеши ыктымал. Андыктан бир күндүк С витамини менен организмди толуктоо үчүн помидор, пияз, түстүү капуста же Брюссель капустасы жана картошканы тамак рационуна кошууга болот. Мындан тышкары өсүмдүктөрдү гана эмес, малдын боорун жана бөйрөгүн бышырып жеп дагы С витамини менен азыктанууга мүмкүн. Учурдун сезондуу суусундугу болуп жаткан кымыз дагы С витаминине бай. Андыктан элден обочолонууну шылтоолоп, жайлоого барып кымыз ичүү эң пайдалуу болмокчу.

С ВИТАМИНИНИН СУТКАЛЫК НОРМАСЫ

Аскорбин кычкылынын күнүмдүк дозасы адамдын жаш курагынан көз каранды. 6 айлык эмчектеги бала үчүн күнүнө 30 миллиграммдан С витаминин алуу жетиштүү. Эненин сүтүндө бардык керектүү азыктар камтылгандыктан, адистер баланы узакка чейин эмизүүнү сунуштаганынын себеби ушунда. 3 жашка чейинки бала күнүнө 45 миллиграмм С витаминин алуусу шарт. Өспүрүм курактагылар 60 миллиграмм, ал эми чоң адамдар 75 миллиграммдан кем эмес аскорбин кычкылы менен азыктануусу керек. Кош бойлуу жана эмчек эмизген аялдардын суткалык дозасы 95 миллиграммга чейин болуусу шарт. Мындан тышкары чылым чеккен адамдар С витаминин толуктап турбаса, ден соолугуна олуттуу зыян келиши ыктымал. Анткени 1 даана тамеки 25 миллиграмм аскорбин кычкылын жокко чыгарып салат.

С ВИТАМИНИ ЖЕТИШСИЗ БОЛСО ЭМНЕ БОЛОТ?

Тез чарчоо, алсыроо, физикалык кыймыл жасаганда энтигүү, тахикардия, иммунитеттин түшүп кетиши – мунун баары организмде С витамининин жетишсиздигинен кабар берет. Эгер анын ордун толуктабаса, ар кандай ооруларга организм туруштук бере албай калат. Аскорбин кычкылынын жетишсиздигинен тиштер бошойт, бүйлө канап баштайт. Тиш жууп жатканда көп кан түкүрсөңүз, сөзсүз дарыгерге көрүнүп, анализдер топтомун тапшыруу керек. Ошондой эле адамга “үлп” эткен желден деле суук тие берет. Бут, далы, арка сөөктөрү ооруксунат. Варикоз, геморрой дарттары жаралат, зат алмашуу процесси бузулат, натыйжада адам толуп кетет. Бетте бырыштар пайда болуп, эрте картаят, чач түшө баштайт. Бара-бара эс-тутум начарлайт, уйку качат, депрессияга кабылуу абалы жаралат. Мындай көрүнүштөрдүн арты менен адам өнөкөт ооруларга чалдыгып, айлана-чөйрөдөгү зыяндуу нерселерге туруштук бере албай калат.

С ВИТАМИНИ АШЫКЧА БОЛУШУ МҮМКҮНБҮ?

“С витаминин узак убакыт бою кабыл ала берсе зыян эмеспи?” дешет. Эгер витаминди кадимки азыктардан (жашылча-жемиш, малдын боор, бөйрөгү) алса, ал организмге топтолбойт, тактап айтканда, заара менен кошо чыгып кетет. Ал эми синтетикалык витамин түрүндө (драже, таблетка, капсула ж.б.) көп колдонсо, ашказандын иштөөсүнүн бузулушун шарттайт. Натыйжада ич өтүү, көңүл айлануу, кусуу, зарна орун алат. Ич көөп, оорутушу да мүмкүн. Мунун негизинде уйкусуздук, баш оору жаралып, бөйрөктө таш пайда болушуна чейин жеткирет. Ошондуктан аскорбин кычкылын колдон келсе С витамини камтылган жашылча-жемиш жана азык-түлүктөрдөн эле алган жакшы дешет адистер.

Гүлжан Асанкожоева
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 918, 9-15-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан