Кыргыз салттуу музыкасынын аткаруучусу, дастанчы Азиз Батыров уулдуу болду. Ата болуу бактысына ээ болуп, кубанып турган ырчыга байланышканыбызда буларга токтолду:
– Элдин батасы тийип, баш кошконубуздан жыл айланбай балалуу болуп жатканыма кубанычым коюнума батпай турат.
Кудайга шүгүр, келинчегимдин да, баламдын да абалы жакшы. Уулум салмагы 3 килограмм 500 грамм, бою 51 сантиметр болуп төрөлдү. Уулумдун атын эл-жерибизде жана улуттар аралык ынтымак болсун деген ниетте Ынтымак койдум. Элдин ынтымагынын көпүрөсү болуп, биримдигин бекемдеген жигиттерден болсун деп тилек кылдым.