Күлкү ден соолуктун мүлкү
Учурда кайда барбагын, “Кызыл өрүк, кызыл өрүк, сүйүп калдым сени көрүп...” деген ыр жаңырууда. Бул ырды ийине жеткире аткаргандар да, клиптеги “шылуундар” да, албетте, “Жоролор” тобу. Аталган топтун жигиттери ырдагандан тышкары элдин боорун эзгенге да маш экен. Ишенбейсизби? Анда жигиттердин тамашаларына күбө болуңуз.
ТОП ТУУРАЛУУ
Сыймык Бейшекеевдин тобунан бөлүнүп чыккан.
Топтогу төрт жигиттин баары ит! Ой, Ит жылында төрөлүшкөн.
Жигиттердин киндиктери чие байланып калганбы, айтор, бири Орусияга кетсе, артынан үчөө чымын-куюн болуп жетип барат.
ЖЫЛДЫЗБЕК АБДРАИМОВ
Туулган жери – Талас району, Кара-Суу айылы
Билими – Бүтпөй калган окуусун быйыл улантышы мүмкүн
Жактырган машинасы – Газ 53
Үй-бүлөлүк абалы – Бир аялы ичиндеги баласы менен бар
Учурда – Топтун жетекчиси жана узуну
ЭСЕНБЕК КЫДЫРШАЕВ
Туулган жери, жылы – Токтогул району, 1982-жыл. 1983-жылы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес.
Бизнеси – “Дордойдо” жеңил машинанын дөңгөлөгүн сатат
Тилеги – КамАЗдын дөңгөлөгүн сатуу
Жакшы көргөн тамагы – Бирөө алып берген тамак
Үй-бүлөлүк абалы – Бир аялы, бир кызы бар
АЛТЫНБЕК АЖАЛИЕВ
Туулган жери, жылы – Токтогул району, 1982-жыл, 14-сентябрь. Медведев экөө бир күндө туулган. Бирок Медведев акылдуу.
Топтун куудул-сатириги.
Жакшы көргөн тамагы – «Обед»
Жактырган унаасы – №134-маршрутка
Хоббиси – Хобби деген эмне эле?
МИРЛАН БАЕКОВ
Туулган жери – Бул да токтогулдук.
Топтун “эң узуну”
Жашаган жери – Көчмөн кыргыз. Кышында Алтынбектикинде, жайында Эсенбектикинде.
Үй-бүлөлүк абалы – Супер бойдок
Жакшы көргөн буюму – Албетте, аккордеон!
Бир абышка базарга барып, кемпирин жоготуп жиберет. Кемпирин издеп жүрүп келинчегин жоготуп жиберген жигитке жолугуп калат. Жигит:
– Эми кайдан табабыз? Жүрүңүз, радиотүйүнгө барып параметрлерин айтып издештирели. Кемпириңиздин кебете-кешпири кандай эле?
– Кебете-кешпири дейсиңби? Эми кемпир да. Анын эмнесин сүрөттөмөк элем?
– Мисалы, менин аялым ак жуумал, бою узун, сулуу болчу.
– А меники бети-башы бырыш-тырыш, чачына ак кирген. Меникин тим эле коюп, андан көрө сеникин издейличи,- дептир.
ххх
Төрт кыргыз келе жатса, алдынан бир өзбек чыгып калат. Кыргыздар аны сабамак болгондо өзбек:
– Калыстык кылгыла, кыргыздар. Мен жалгыз болсом, силер төртөө болсоңор...
– Анда биздин бирөөбүздү кошуп ал.
– Анда деле калыстык болбой жатпайбы. Биз экөө, силер үчөө болуп каласыңар.
– Дагы бирөөбүздү кошуп ал!
– Анда деле калыстык болбой калат. Биз үчөө, силер экөө болуп каласыңар.
– Ээ, кете берчи, биз, кыргыздар, өзүбүз деле мушташа беребиз,- дешиптир.
ххх
“Жоролор” тобу Аксынын Кербен шаарына концерт коюп барып, бир өзбектин үйүнө түнөп калышат. Үйдүн кожоюнунун Заида аттуу кызы болот. Жылдызбек түн ичинде сыртка чыгып, Заида менен сүйлөшүп калат. Заида:
– Жылдызбек, Ташкентке качып кетеличи?
– Ташкентке мага эмне бар?
– “Клондогу” кыз деле качып кетпедиби?
Ошондо “Клонду” көрбөгөн Жылдызбек минтип ыр чыгара салыптыр:
– Заида мага сыр айтты,
Чын-калппы билбейм, муну айтты.
Ташкентке кетип калсак деп,
Жыландын башын кылтыйтты.
Аш кылбай ичкен водкамды,
Айтпай жүр андай хохмаңды.
Бишкекте араң жүргөндө,
Ташкентте мага бок барбы?
Жаш өткөн кезде карт болуп,
Көкүрөк толгон дарт болуп,
Чал болгон кезде келбейин,
Чаар допу кийген сарт болуп...
ххх
Бир жигит түрмөгө түшүп калат. Жанындагылары:
– Эмне болуп бул жакка түшүп калдың?- деп сурашат.
– Төрт така уурдагам.
– Төрт така үчүн 7 жылга кесиштиби?!
– Жок, үстүндө ат бар болчу...
ххх
Өзбек кыргызды конокко чакырып, тоок соёт. Өзбек тооктун жарымын кечинде, жарымын эртең менен бышырып берип кыргызды коноктойт. Анан кыргыздын үйүнө өзбек конокко келип, кыргыз козу соёт. Кыргыздын баласы:
– Ата, баарын асайынбы же кандай кылайын?
– Эмне, козу тоок беле, бөлүп аскандай, бүтүн эле ас,- деп өзбекти сөзгө жыгып, этке тойгузуптур.
Дамира Арстанова
tamasha@super.kg