IT АКАДЕМИЯСЫ: ПРОГРАММИСТ – КЕЛЕЧЕКТҮҮ КЕСИП

БИЗДИН ДОЛБООРДУН МАКСАТЫ:

Токмок, Талас, Каракол, Нарын, Кызыл-Кыя шаарларындагы кесиптик лицейлердин негизинде IT лицейлер тармагын түзүү. Python, Javascript программалоо тилдери боюнча 200 программисттерди даярдоо, 2 жыл ичинде мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк жана "программист" (башталгыч деңгээл) кесиби боюнча баштапкы кесиптик билим жөнүндө диплом.

Билимдин контрагы:
1 окуу жылга (10 ай) – 500 доллар

9-11-класстардын окуучуларын Python, Javascript программалоо тилдерин толук окуп үйрөнүүгө чакырабыз.

Жатакана менен камсыздалат.

Программист болуп, үй-бүлөңүзгө жакын болуңуз.

ЭМНЕ ҮЧҮН IT`НИ ТАНДАШ КЕРЕК?

Маалыматтык технологиялар (IT) азыркы учурда дүйнөлүк өнүгүүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат, анткени бүт процесстерди түзүп, кабыл алып, сактап жана пайдалануунун ыкмаларын изилдейт. Күн сайын IT технологиялары тез өнүгүп, адамдын практикалык ишинде көптөгөн тапшырмаларды автоматташтырат. Бирок азыркы учурда региондук жаштардын бул тармакта сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелген, анткени актуалдык окуу программалары жана IT боюнча компетенциялары бар билим берүү мекемелери жок. Кыргыз Республикасында IT билими боюнча негизги көйгөйлөр:

- студенттердин компьютердик сабаттуулугунун деңгээли төмөн, натыйжада компьютердик инженерия факультеттерине кабыл алууга даярдыгы начар;

- билим берүүнүн эскирген стандарттары;

- иш берүүчүлөр менен окуу жайларынын ортосунда байланышы начар болгон үчүн натыйжада эмгек рыногунда пайдасы аз сапаттар жана маалыматтар берилет;

- аймактарда IT мугалимдердин жетишсиздиги;

- Программист кесиби дүйнөдө каалаган компанияга үйдөн иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Жумуш тартиби ыңгайлуу жана айлык маянасы жогору болгондуктан, үй-бүлөңүздүн жанында болосуз. Америкалык компаниянын эмгек акысы тажрыйбасына жараша жылына 60 000-100 000 долларга чейин жетет. Кыргызстанда жаңы келген программист айына 300 доллардан өйдө маяна алат. Ири компанияларда IT адистеринин маянасы 5000$ тегерегинде болот. Аймактык кесиптик окуу жайлардын базасында IT-лицейлерин ачуу үчүн, Кыргызстандагы Сорос Фонду (КСФ) жана Программалык камсыздоолорду жана кызматтарды өндүрүүчүлөрдүн Кыргыз Ассоциациясы (ПККӨКА) менен биргеликте лицейлердин тренерлери окутулду. IT академиясында заманбап программалоо тилдерин билген тренерлер менен биргеликте окутуу методологиясын киргизүү – кесиптик лицейлерди жаңы деңгээлге көтөрүп жана эмгек рыногунда талап кылынган кесипти бере турган билим берүүчү уюм.

БАЙЛАНЫШ ҮЧҮН:

Токмок өнөр жай билим берүү колледжи (ТИПК)

Облус: Чүй облусу

Адрес: Токмок шаары, Шамшы көчөсү 35

Телефон: + (9963138) 20631

Директор: Карышкырбаев Орозбек Кыргызбаевич

Координатор: Мидина Станбекова, 0707 430 507

Электрондук почта: ktipk@mail.ru

№87 кесиптик лицей

Облус: Нарын облусу

Адрес: Нарын шаары, Ленин көчөсү 91

Телефон: + (9963522) 5-09-06

Директор: Турганбаев Байыш Мукашевич

Координатор: Ширин Турдумбек кызы, 0703 757 995

Электрондук почта: licei87n@mail.ru

№14 кесиптик лицей

Облус: Ысык-Көл облусу

Адрес: Каракол шаары, Тыныстанов көчөсү 61

Телефон: + (9963922) 5-32-95

Директор: Бекишов Урмат Муканович

Координатор: Улан Шукурганов, 0551 631 465

Электрондук почта: karakolpl14@mail.ru

№70 кесиптик лицей

Облус: Баткен облусу

Адрес: Кызыл-Кыя шаары, Асаналиев көчөсү 3

Телефон: + (9963657) 5-44-47

Директор: Эргешов Сүйүнали Парпиевич

Координатор: Маматурай Исаков, 0773 123 277

Электрондук почта: kushbekov_azim@mail.ru

№6 кесиптик лицей

Облус: Талас облусу

Адрес: Талас району, Көк-Ой айылы, Манас көчөсү 101

Телефон: 0 (3422) 5-85-40

Директор: Кушубеков Алтынбек Асанбекович

Координатор: 0770 451 909

Электрондук почта: pl.6kok-oy@bk.ru

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 918, 9-15-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан