ӨПКӨНҮ ЧЫҢДАЙБЫЗ!

Спорт менен машыкпаган, көнүгүүлөрдү жасабаган, чуркабаган, кыскасы, активдүү жашоо образын карманбагандардын өпкөсүнүн жогорку жана төмөнкү бөлүгү активдүү иштебей, "уйку" абалында болорун билчү белеңиз? Дал ошол уктап жаткан жерге аба менен кирген микроб, вирустар топтолуп, көбөйүп, сезгенүүнү жаратат. Андыктан өпкөнүн бардык бөлүгү иштеп, инфекцияга, ооруларга туруктуулугу жогору болуп турушу үчүн көнүгүүлөрдү жасап туруу керек.

Дем алуу көнүгүүлөрүнүн максаты – организмдеги ткандарга кычкылтектин баруусун көбөйтүү менен, организмдин гипоксияга (кычкылтектин жетишсиздиги) туруктуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Эскертүү: Көнүгүүлөрдү жасоо алдында бөлмөнү желдетип, кыймылдаганда ыңгайлуу болушу үчүн кененирээк кийим кийүү кажет.

1. ТАНОО МЕНЕН КЕЗЕКТЕШТИРИП ДЕМ АЛУУ

Таноонун бир жагын сөөмөй менен басып, экинчиси менен дем алуу жана терең дем чыгаруу.

Эми бул экинчи таноого кайталанат.

Көнүгүүнү бир жасаганда 1 мүнөттөй жасоо керек. Негизи көнүгүүнү 1 күндө 3-4 ирет кайталоо туура. Айрымдардын бир таноосунан жел кирип-чыкпай, бүтөлүп калышы мүмкүн. Анын себептери – сасык тумоо, өнөкөт аллергия же гайморит сыяктуу оорулар болушу мүмкүн. Учурдагы кырдаалга байланыштуу маал-маалы менен мурунду бошотуп, туздуу суу менен чайкап, өпкөгө аба барчу жолдорду ачып туруу керек.

2. БУТЕЙКО ЫКМАСЫ

Демди ичке алуу – 2 секунд, демди ичте сактап туруу – 4 секунд, дем чыгаруу – 4 секунд.

Мында сиз кычкылтектин жетишсиздигин байкайсыз, бул нормалдуу көрүнүш. Кычкылтек жетишпегенден баштын бир аз чыңала түшкөнү – Бутейко көнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү. Бул көнүгүүнү акырын, өтө бышылдап-күшүлдөп шум чыгарбай эле жасоо керек.

Бутейко гимнастикасын жасоо менен бронхит, пневмония, аденоидит, тери патологиялары, Рейно оорусу, май басуу (семирүү), ревматизм сыяктуу оорулар менен күрөшсө болот.

3. ДЕМ АЛУУНУ КӨЗӨМӨЛДӨӨ

Мында абаны курсакка толтуруп жана өпкөгө толтуруп дем алуу жолдорун жасайбыз:

1. Бир колду көкүрөккө, экинчи колду ичке (курсак) коюу кажет. Дем алганда көкүрөккө коюлган кол гана көтөрүлүшү керек, ич кыймылсыз абалда кала тургандай болсун. Демди ичте сактап туруп, анан демди ооз аркылуу чыгарыңыз.

2. Эми дем алганда ичке коюлган кол гана көтөрүлгүдөй болуп, көкүрөк бөлүк кыймылсыз калат. Демди ооз аркылуу чыгарасыз.

4. ДЕМДИ ООЗДОН ЧЫГАРУУ

Демди ичке толтуруп, кайра чыгарып жатканда ооз аркылуу 2-3кө бөлүп чыгаруу.

Бул 3-6 ирет кайталанат.

5. ӨЗҮН-ӨЗҮ КУЧАКТОО

Түз туруп, эки бутту ийиндин кеңдигинде ачабыз. Эки колду эки жакка жайып, алакандарды өйдө каратабыз. Терең дем алып, кайра демди сыртка чыгарып жатканда эки колду кайчылаштырып өзүбүздү кучактайбыз. Колдор кайчылашканда эки алакан далы тушка тийгендей болсун. Демди тез жана катуу чыгаруу керек.

6. “ОТУН ЖАРУУ”

Буттун учуна турабыз. Эки колдун салааларын кайчылаштырып, өйдө көтөрүп, тизелерди бүкпөй бир аз эңкейебиз. Демди ичке алып, кайра чыгарып жатканда эки колду түшүрүп ылдый эңкейебиз, кадимки отун жарып жаткандай. Кайра демди ичке алуу менен баштапкы абалга келебиз.

Каршы көрсөтмөлөрү

Бардык эле көнүгүүнү жасоодо каршы келген таасирлерин эске алуу керек. Өзүңүзгө пайдалуу болгон жана сунушталган көнүгүүлөрдү жасоодон мурун врач менен кеңешип, инструктордон кеңеш алган оң.

Эгер сизде күчтүү гипертония, алысты көрбөө (близорукость) маселеси болсо, жакында эле инфарктты башыңыздан өткөрсөңүз, ОРВИ же жүрөк-кан тамыр патологиясы менен жабыркасаңыз, дем алуу гимнастикалары менен машыкпай туруу сунушталат. Жогорудагы көнүгүүлөр мындай маселелерди курчутуп жиберет.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
assanov97
2020-07-13 09:12:14
Кыз жок бекен
0
№ 918, 9-15-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан