Ыйман жана салт
Редакцияга Айгүл аттуу окурманыбыздан:
“Урматтуу “Супер-Инфо” гезитинин жамааты, мен көп жылдан бери балалуу боло албай жүрөм. Жолдошумдун “бала багып алалы” дегенине көңүлдөнүп жатам. Бирок бир курбу кызымдан “бала багып алуу – күнөө” деген сөздү угуп, түшүнбөй калдым. Анын айтымында, бала багып алсаң, ал бала үй-бүлөдө ата-энеге бала эмес, чоочун адамдай эле орунду ээлейт экен. “Баккан энесине да үйлөнсө болот” десе, эсим эки болуп жатат. Ушул суроонун так жообун ислам изилдөөчүлөрүнөн алып берип коёсуздарбы?”- деген кат келген эле.
Буга жооп алуу максатында муфтиятка кайрылдык.
АСЫРАНДЫ БАЛА ЭМЧЕКТЕШ БИР ТУУГАНЫНА ҮЙЛӨНӨ АЛБАЙТ
Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Чубак ажы Жалилов:
– Шариятта бала багып алууну күнөө эмес, сооп дегенибиз туура. Ал эми кээ бир айымдар “меники мынча кыз болуп кетти, эркек бала керек эле” деп же никесиз төрөп алып сатып жиберип жатышпайбы. Бул – күнөө. Айрым учурда ата-эненин бала багууга шарты жок болуп калат. Мисалы, оорукчан болуп калышты дейли, анда кимдир бирөө жардам кылып багып берсе болот. Асыранды баланын атасы ким экени белгилүү болсо, анда ал баланын фамилиясын эч кимдин өзгөртүүгө акысы жок. Наристе көчөдөн табылып, ата-энесинин ким экени билинбей калган учурда гана багып алгандар фамилиясын берсе болот.
Эгер баккан эне наристеге эмчек эмизсе, анда бала эненин башка балдары менен эмчектеш. Бул учурда ал эмчектеш бир туугандарынын эч кимиси менен баш кошо албайт. Эгер эмизбеген болсо, ата-эненин балдары менен бир туугандай бир үйдө чоңойсо да, жактырып калган бир тууганына баш кошууга же турмушка чыгууга уруксат. Ал гана эмес, баккан энесине да баш кошсо болот (эмчек эмизбесе). Мындай нерсе биздин салтта жок болгон үчүн одоно көрүнөт.
Аял киши чоочун эркектин алдында жоолук салынып жүрүшү керек. Ошол сыңары эмчек эмизбеген болсо, аял баккан баласы эр жеткенде да анын алдында жоолук салынып жүрүүгө тийиш (өз балдарынын алдында жылаңбаш жүрө берсе болот).
ТАЕЖЕСИНЕ ҮЙЛӨНҮҮГӨ БОЛОБУ?
Аял киши бир тууган эжесинин же сиңдисинин баласын багып алды дейли. Бул учурда эмчек эмизбесе да, ал бала чоңойгондо таежесине үйлөнө албайт. Анткени шарият буга жол бербейт. Аял сиңдисинин же эжесинин кызын багып алды, бирок кийин ажырашып кетти. Анда бакма кыз бой жеткенде баккан атасына турмушка чыгууга уруксат берилет. Ал эми бөлөлөр үйлөнө беришет. Маселен, эркек адам бир тууган агасынын же инисинин баласын багып алды деп коёлу. Эгер бала эмчек эмбесе, эр жеткенде баккан энесине үйлөнүүгө болот (агасы каза болуп калса же аялы менен ажырашып кетсе). Кыз баланы багып өстүрсө, анда туугандык жактан агасы болгон адам кызга үйлөнө албайт.
Мураска токтоло турган болсок, ата-эненин көзү өткөндө бакма бала башка балдары сыяктуу мураска ээ боло албайт. Ата-эне эмне бергиси келсе, мисалы, үй-мүлктү же малды белек катары гана калтыруусу шарт.
ЖУСУП ПАЙГАМБАР ЖАНА ЗУЛАЙКА
Асыранды бала эмчек эмизбеген энесине үйлөнө алары туурасындагы икаялар шариятта да бар. Төмөндөгү икая Жусуп пайгамбарга байланыштуу.
Жусупту атасы балдарынан башкача жакшы көрчү экен. Бир күнү атасы балдарына “Жусупту ойнотуп келгиле” деп сүймөнчүк уулун кошуп берет. “Бизден артык көргөн баласын карышкыр жеди кылып жок кылалы” деп ич тардык кылган Жусуптун бир туугандары аны кудукка салып кетип калышат. Ошондо жолдон өтүп бара жаткан кербендер Жусупту куткарып калышат да, бир байга сатып жиберишет. Ошентип, Жусуп байдын үйүндө асыранды бала катары жашап калат. Келишимдүү болуп чоңоёт. 14-15ке келгенде аны байдын сулуу аялы Зулайка сүйүп калат. Жусуп дагы Зулайканы сүйүп калышы мүмкүн эле, бирок өгөй апасынын никеси бар үчүн көңүл бурбайт. Бир жолу Зулайкага “сен Жусуптун артынан отуз жыл чуркайсың, анан ал сенин артыңан отуз жыл чуркайт” деген сыйкырдуу үн угулат.
Арадан отуз жыл өтөт. Жусуп пайгамбар аталып, элдин сүйүктүү адамына айланат. Ал эми Зулайка сүйүүнүн азап-тозогунан көзүнөн ажырап сокур болуп калат. Бир жолу арыктын жээгинде отурган Зулайка жолдон өтүп бара жаткан пайгамбарга колунан кармап коюусун өтүнөт. Сураныч аткарылганда сокур аял мурунку сулуу абалына келип, көзү көрүп калат. Ошондо баягы табышмактуу үн дал келип, пайгамбар Зулайканы сүйүп калат. Ошентип, пайгамбар багып өстүргөн энеси Зулайкага баш кошкон экен.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg