ИШКЕР АЗАТ ИСАКУНОВДУН АТЫНАН ООРУКАНАЛАРГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ

Коронавирус пандемиясында Кыргыз ишкерлери элге жардам колун сунуп жатышат. Алардын бири – ооруканаларга абдан зарыл жабдыктарды алып берген ишкер Азат Исакуновдун жардамы тууралуу айта кетүү керек.

Учурдун башкы темасы – коронавирус болууда. Интернет желесине “ишкер Азат Исакунов ооруканаларга техникалык жардам көрсөттү” деген маалымат чыкты. Эмне болгон жардам? Бул тууралуу сурап ал түптөгөн “Жашоо булагы” кайрымдуулук фондуна кайрылып маалымат алдык.

Фонддун өкүлдөрү кыскача маалымат беришти. Ал маалыматтарга таянсак, Азат Исакуновдун жеке каражатынан ооруканалар үчүн жалпы суммасы 8 миллион сомго 120 кычкылтек концентратору, 120 даана пульсоксиметр, 300 даана медиктер үчүн жеке коргонуу каражаттары жана хлор алынды. Анын ичинен Ысык-Көл облусунун ооруканаларына жалпысынан 80 кычкылтек аппараттары (ар бир ооруканага 10 даана аппарат) берилди. Каракол шаарындагы облустук ооруканага, Балыкчы шаардык ооруканасына, Чолпон-Ата, Ананьево, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң аймактык ооруканаларына кычкылтек аппараттары менен чогуу башка медициналык каражаттар жеткирилгенин билдиришти. Ошондой эле илдетке кабылып, учурда дарыланып жаткан медицина кызматкерлеринин дары-дармектерине жардам катары 400 000 сом берилгени айтылды. Фонддун берген маалыматы боюнча, Бишкектеги Республикалык балдар ооруканасына 10, Кемин аймактык ооруканасына 8, Нарын облусунун Кочкор районуна 4, Ат-Башы райондук ооруканасына 4, Баткен облусунун Айдаркен аймактык ооруканасына 8 кычкылтек концентратору берилди. Мындан тышкары, бул ооруканалардын көпчүлүгү пульсоксиметрлер, коргонуу костюмдары жана башка медициналык каражаттар менен да камсыздалган.

Белгилей кетсек, 6 кычкылтек концентратору Бишкектин аппаратка муктаж болгон тургундары үчүн бекер колдонууга берилген.

Азат Исакунов – быйыл март айында коронавируска каршы күрөшүүгө жеке эсебинен 15 миллион сом каражат бөлгөн ишкер катары көпчүлүктүн эсинде.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Tynchtykbek8484
2020-07-20 13:08:08
Рахмат, Алла Таалам сизди колдосун!! Үй-бүлөңүз менен бар болуңуздар
+4
Asman779
2020-07-23 22:30:25
Ушундай татыктуу жигиттер турганда Кыргызстан созсуз онугуп осот.
0
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан