Пархат Тулендыбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ БУЛ ООР КҮНДӨРДҮ ЫНТЫМАК МЕНЕН ЖЕҢҮҮГӨ ЧАКЫРАМ»

Коомчулукта парламентке карата “оор учурда эс алууга тарап кетти” деген сын айтылууда. Бул сын депутаттардын баарына тийиштүү эместигине, арасында эл аралап иш үстүндө жүргөндөрү да бар экенине Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев менен маектешип жатып ынандым.

– Пархат мырза, саламатсызбы! Сөзүбүздү коронавирус илдетин жеңүүгө кошуп жаткан салымыңыздан баштасак. Аз күн мурда өз колуңуз менен дарыгерлерге тамак бышырып, аны таратып жүргөнүңүздү көрдүк. Ошондой эле обсервация ачыптырсыз. Кепти ошондон уласак.

– Ооба, учурда убактымдын көпчүлүгүн ошол жакта өткөрүп, обсервациянын ишинен жакындан кабар алып жатам, силерге да ошол жактан түз келдим. Обсервацияда кандайдыр бир кемчиликтер, жетишпестиктер болсо, ыкчам түрдө чечип берип жатам. Обсервация 40 оорулууга ылайыкталган. Учурда оорулуулар жаткырылып, аларга сапаттуу медициналык жардамдар берилүүдө. Төрт дарыгер, 2 санитарка, бир нече медайымдар иштешүүдө. Алар үчүн бардык шарттарды түзүп бердим. Медициналык персоналдын маяналарын өзүмдүн жанымдан төлөп берем, алардын эмгектери, мээнеттери татыктуу бааланат. Дарыланып жаткандардын чөнтөгүнөн акча кетпейт, бардык керектүү зарыл нерселер, дары-дармектер менен камсыз кылабыз. Алардын дарыланып, обсервациядан шыпаа таап чыгуусуна бардык шарттарды түзүп жатабыз. Бул иште мага туугандарым, жакындарым жардам берип жатышат. Аларга ыраазымын.

Айта кетчү нерсе, ушундай эле стационарларды Пригородный, Васильевка, Ленинский, Октябрь, Молдовановка айылдарында да ачканбыз. Ал жерлерде да бейтаптарды кабыл алып, медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

– Мындай кадамга эмне себеп болду?

– Себеби бирөө гана. Мамлекетибизге ушундай сыноо келип, элибиз кыйналып, башыбызга оор мүшкүл түшүп турганда эч нерсе болбогондой четте карап тура алган жокмун. Мага окшогон ишкер, мүмкүнчүлүгү бар жарандар элибизге, мамлекетибизге ушундай мезгилде жардам колун сунуп, колдоо көрсөтпөгөндө качан жардамыбызды беребиз? Колумдан келишинче жардамымды берип, элиме пайдамды тийгизейин деп ниет кылдым.

Мен кайрымдуулук иштерине башынан эле маани берем, көп эле жардамдарымды берип жүрөм. Бирок буга чейинки кайрымдуулук, меценаттык иштеримди айтчу эмесмин. Бул ирет коомдо, эл арасында Жогорку Кеңештин депутаттарына карата терс пикирлер, сындар көбөйүп кеткендиктен, көрсөтүп жаткан жардамдарымды элдин билишин туура көрдүм. Мындай иштерди колго алуу менен мүмкүнчүлүгү бар жарандарга үлгү көрсөткүм да келди. Муну менен аларды оор күндөрү четте карап турбоого, кол кабыш кылууга чакырып жатам десем болот. Айрымдар өзүн пиар кылып жатат деп ойлошу да мүмкүн. Бирок андай эмес, мен өзүмдү пиарлаганды абдан жаман көрөм. Мен үчүн кайрымдуулук иштеримди элдин эмес, Жараткандын билгени, жардамды алгандардын билгени жетиштүү.

– Депутаттарга карата коомдо терс пикирлер көбөйүп кетти. Сиз дагы депутатсыз, өзүңүз андай сын пикирлерге кандай карайсыз?

– Бардык депутаттарды күнөөлөө, аларды жаман көрүү туура эмес. Парламентте чындап эл, мамлекет үчүн күйгөн эл өкүлдөрү көп. Өздөрү даярдаган мыйзамдар аркылуу мамлекеттин социалдык, экономикалык өнүгүүсүнө, элдин турмуш деңгээлин жакшыртууга өз салымдарын кошуп жатышат. Депутаттар деле эл арасынан чыккан адамдар. Эл депутаттарды ушул оор күндөрү эс алууга кетип калышты деп сындап жатпайбы. Ооба, биз мыйзамдык укугубуздан пайдаланып каникулга тараганбыз. Бирок депутаттарды эс алып эле жүрүшөт деп ойлоо туура эмес. Аз эмес депутаттар илдеттин жайылуусун токтотууга, вирусту жуктургандардын санын азайтып, ооруп жаткандарды дарылоого каржылык, материалдык түрдө жардамдарын беришип, эл арасында жүрүшөт. Мисалы, спикерибиз Дастанбек Жумабеков, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Бактыбек Жетигенов, Нурбек Тотонов, Айбек Алтынбеков, Абтандил Кулбараков, Эльвира Сурабалдиева жана башка бир катар эл өкүлдөрү элдин оорун колдон, жеңилин жерден алышууда.

– Айтыңызчы, коронавирусту канткенде жеңебиз деп ойлойсуз? Эмне кылуу керек?

– Илдетти жеңүүнүн бир гана жолу бар, мен аны баса белгилеп айткым келет. Баарыбыз биримдикте, ынтымакта болуп, колубузда бары да, жогу да коронавирусту токтотууга кол кабыш кылышыбыз керек. Өлкөбүз бүгүн кыйын кезеңде турат. Коронавирус бизди эле эмес, алдуу, кубаттуу өлкөлөрдүн да айласын, шаштысын кетирип койду. Абал башкаларда жакшы, бизде эле жаман дегенге болбойт. Бирок ар бир мамлекет өзүнүн каржылык, жана башка мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ооруга каршы күрөшүп жатат. Акчасы көптөр акчага басым жасап жатса, башкалары элдин биримдигине таянууда. Биздин да илдетти жеңүүдөгү күчүбүз – элибиздин биримдигинде. Элдин биримдиги – бул зор күч.

Кээ бирлер бүгүнкү абал үчүн күнөөлүүлөрдү издеп, жоопкерчиликтерин кароону талап кылып жатышат. Азыр бири-бирибизди айыптап, күнөөлүүнү издей турган кез эмес. Бул тууралуу президентибиз да элге жасаган кайрылуусунда айтып, азыр күнөөлүүлөрдү издөөгө убакыт жоктугун белгилеп, бардык күч-аракеттерди түзүлгөн кырдаалдан чыгууга жумшоого чакырды. Эгерде элдин бүгүнкү оор абалынан, оорудан, адам өлүмдөрүнөн саясат, акча жасап, элдин мүлкүнө кол салып же келген жардамдарды туура эмес, жең ичинен тараткандар болуп жатса, алар эртеби, кечпи мыйзам алдында, Жараткандын алдында сөзсүз жооп беришет. Ушул маселеде да президентибиз эң туура айтты. «Эгерде ушул абалдан пайдаланып, өзүн капчыгын кампайтууну ойлогон жарандар болсо, алар кыргыз элинин душманы. Аларга эч кандай аёо болбойт» деп айтпадыбы. Мен президенттин айтканына толугу менен кошулам. Андайларга карата катуу чаралар көрүлүп, жазалар колдонулушу керек.

– Сиз уйгур улутунун өкүлүсүз. Кыргызстандагы уйгур элинин өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошуп жаткан салымдары тууралуу айта кетсеңиз.

– Кыргызстанда 60 миңге жакын уйгурлар жашайт. Кыргыз элине рахмат, азчылыкты түзгөн элдерге толеранттуулук менен мамиле кылышат, кыргыздар менен уйгур эли ынтымак-ырашкерликте жашап келишүүдө. Мен башка улуттарга сый менен мамиле кылган кыргыз элине таазим этем. Дүйнөдөгү эң мыкты улуттардын бири кыргыздар деп жүрөгүм менен айта алам. Кыргызстандын экономикалык, социалдык жактан өнүгүүсүнө уйгурлар да өз салымдарын кошуп жатышат. Көптөгөн жумуш орундарын камсыз кылган уйгур ишкерлери, коомдук ишмерлер бар. Уйгурлардын диаспорасы уйгурлардын кыргыздардын маданиятына, тилине карата интеграциялануусу үчүн чоң иштерди алып барып келет. Биз Кыргызстанда жашап жатканыбызга сыймыктанабыз жана мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн салым кошууга ар дайым даярбыз.

– Сиздин бүгүнкүдөй ийгиликке жетүүңүздүн сырын эмнеден көрөсүз?

– Туура коюлган максаттан, талыкпаган эмгектен, аракеттен көрөм. Армиядан келгенден кийин коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеп жүрүп, бизнеске аралаштым. Албетте, башында кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок ишкерликте чоң ийгиликтерге жетем деген өжөрлүгүмдүн аркасында ал кыйынчылыктарды жеңдим. Күндөп, түндөп иштеген учурларым болду. Ошентип жүрүп тери жана тыбыт иштетүүчү эки завод ачтым. Ал заводдор азыр да иштеп, аларда жүздөгөн адамдар жумуш ордулары менен камсыз болушкан.

– Үй-бүлөңүз тууралуу билгибиз келет. Балдарыңызды тарбиялоодо эмнелерди жетекчиликке аласыз?

– Мен баатыр атамын (күлүп). 12 балам бар. Аларга туура тарбия берип, коомдун татыктуу мүчөлөрүнөн кылуу үчүн аракет кылып келем. Балдарыма ак эмгек, мээнет менен ийгиликке жетүү керектигин көп айтам. «Колуңардан келсе жардам бергиле, бирок эч качан бирөөгө жамандык, карасанатайлык кылбагыла» деген насаатым тарбиялоодогу башкы принциптерден. Келечекте кыргыз элине, кыргыз мамлекетине кызмат кыла тургандай уулдардан, кыздардан болушуна аракет кылам. Өздөрү жашап жаткан өлкөнүн тилин, маданиятын, үрп-адат, каада-салттарын билүүгө үндөйм. Мен бир нерсеге ишенем, келечекте балдарым мени уят кылбаган, Кыргызстанга, кыргыз элине кызмат өтөп, пайдаларын тийгизген адамдардан болушат.

– Кыргызстандын атуулу, ишкер, депутат катары өлкөбүздүн келечегин кандай көрөсүз?

– Кыргызстандын келечеги кең, өлкөбүздү жаркын келечек күтүп турганына ишенем. Ар кандай кыйынчылыктарды биримдик, ынтымак, сабырдуулук менен жеңип келген көп улуттуу элибиз бүгүнкү кырдаалда да биримдиктин зор үлгүсүн көрсөтүп жатат. Бекеринен Россиянын, Казакстандын жарандары Кыргызстандын элинин ынтымагына суктанып жатышкан жок. «Кыргыздарды карагылачы, азамат эл экен, кыйын күндө бир туугандай биригишип, коронавирусту жеңүүгө аракет кылып жатышат. Ар бир жаран колдоо көрсөтүп, бири акчалай, экинчилери материалдык түрдө жардамдарын беришүүдө. Мындай элдин келечеги кең, мамлекети өсүп-өнүгүүгө жетишет» деген мазмундагы постторду социалдык тармактарга жазышпадыбы. Бул ар бир кыргызстандыкты сыймыктандырышы керек. Муну менен айтайын дегеним, ушундай кыйын күндөрдө «бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаргандай» бириге билген элдин келечеги зор.

Учурдан пайдаланып жалпы кыргызстандыктарга кайрылып кетким келет. Биз, Кыргызстандын эли коронавирусту биримдик менен жеңебиз. Эң башкысы, ынтымагыбыз кетпесин! "Ынтымак бар жерде ырыс бар" дейт эмеспи кыргыз элинде. Ынтымактуу болсок, колубуздан баары келет. Ар бирибиз өзүбүзгө, жакындарыбызга жоопкерчиликтүү болуп, оорудан сактануунун талаптарын аткаруу менен апаатты жеңүүгө салым кошо алабыз. Азыр бизге биримдик жана бекем тартип керек!

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurka_85
2020-07-20 12:28:57
Гимнди жаттады бекен? Жасаган иштери жакшы экен.
+1
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан