ЫСЫКТА БЕТКЕ КАМ КӨРҮҮ

Жайкы ысыкта айымдар бетке ар кандай каражаттарды сүйкөбөгөнү абзел. Айрымдар үчүн жай бет териси тердеп, безеткилер чыгып, көйгөйлөр четтен жаралчу мезгил болуп саналат. Эң пайдалуу жолу – бет терисине туура кам көрүү.

1. Күнүнө жок дегенде 2 жолу жуунганга аракет кылыңыз. Демек, калың тоналдык кремди жаап алуунун кажети жок.

2. Эртең менен бетти жууган соң кургатып, сөзсүз түрдө күндөн коргоочу бет май сүйкөп, анан көчөгө чыгыңыз. Колдон келишинче категориясы SPF 35тен жогору болуусу шарт.

3. Азыктандыруучу бет майдын ордуна нымдандыруучу бет май колдонуңуз.

4. Күнүнө 2 литрден кем эмес суюктук ичиңиз (колдон келсе жөнөкөй эле таза суу).

5. Тоналдык крем же упаны колдонуу сунушталбайт. Эгер макияжсыз жүрө албасаңыз, анда үйгө келериңиз менен аарчып, бетти жууңуз.

6. Жайдын бышыкчылыктуу мезгилинен пайдаланып жер-жемиш, мөмө-жемиш жана жашылчаларды көп-көптөн жеңиз. Андагы витаминдер бет терисинин жакшырышына, жашарышына таасирин сөзсүз берет.

7. Жайкысын пилинг кылдырууга такыр болбойт! Пилингден кийин жукарып калган бет териси жайкы ысыкка туруштук бере албай калышы ыктымал. Айрым салондор жайкысын пилингдин кызматын “акция жүрүп жатат” деп арзандатышат. Буга азгырылбоо керек.

8. Масканын түрүн коюңуз, чектебеңиз: мөмө жана жер-жемиштерден же кадимки азыктандыруучу чүпүрөк маскалардан коюп туруу маанилүү.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан