Малайзиядагы деңиз жээктеринин биринде кармалган оозу адамдыкына окшош балыктын сүрөтү интернет аркылуу тарап, талкууга алынды. Чет элдик басылмалар жазгандай, сүрөттөгү балык мүйүзөркөч түркүмүндөгү деңиз жаныбарларына кирет. Балыктын оозу дал адамдыкындай, ошондой эле тиштери дагы адамдыкына окшош экенин көрүүгө болот. Балыктардын бул түркүмү Атлантика, Инд жана Тынч океандарынын тропиктик жана субтропиктик аймактарында жашашат. Алар өздөрүн агрессивдүү алып жүргөндүктөн, аквалангисттерге тиш салып, сууда сүзүүчү костюмдарын тиштеп, айрып сала алышат.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg