ПСИХОСОМАТИКА. ООРУНУН СЕБЕБИН ӨЗҮҢДӨН ИЗДЕ

Учурда оору күч алган сайын адамдарда коркуу сезими өөрчүп турган чак. "Ооруп жатат окшойм же ооруп калбаймынбы" деп күмөн санап дүрбөлөңгө түшпөстөн, "менин деним сак, мен оорубайм" деген ишенимди жаратыңыз. Көпчүлүк оору жан дүйнөнүн абалынан улам жараларын аңдабайбыз. Ичибиздеги таарыныч, стресс, ачуулануу, кайгыруу сыяктуу психикалык факторлор ден соолугубузга терс таасирин тийгизет. Адамдын психикасы көйгөйлөр менен күрөшө албай калганда негатив ойлордун баары аң-сезимге чогула берет да, организм көтөрө албай калат. Башкалардан жашырып, керек болсо өзүбүз моюндабаган маселелер топтолуп отуруп кайсы бир ооруну жаратат. Бул көрүнүштү камтыган психологиядагы багыт – психосоматика тууралуу айтып беребиз.

ПСИХОСОМАТИКА ДЕГЕН ЭМНЕ?

Психосоматика – грек тилинен которгондо жан дүйнө жана дене дегенди билдирет. Бул медицинада жана психологияда психикалык маселелердин адамдагы оорулардын пайда болушуна тийгизген таасирин иликтөөчү багыт болуп саналат.

Адамдагы оорулардын 70 пайызы негативдүү эмоциялардан (ачуулануу, тынчсыздануу, кыжырдануу, таарынуу, күнөөлөө, көрө албастык жана башка) пайда болсо, 30 пайызы туура эмес тамактануу, ичкилик, тамеки тартуу, экологиянын бузулушу, ашыкча жумуш, аз уктоо, тукум куучулуктан улам пайда болот.

Турмуштук кырдаалдар, үй-бүлөдөгү чыр-чатак, жумуштагы көйгөйлөр же калыптанган мүнөз, жүрүм-турум, керек болсо кубанычтуу окуялар да стрессти жаратат. Эгерде психика бекем болсо, адам өзгөрүлүп жаткан шарттарга тез көнүп, кайгыга батып кетүүдөн алыс болот. Мунун бардыгы адамдын инсандык өзгөчөлүктөрүнө, акыл-эсинин өнүгүүсүнө байланыштуу. Психикасы начар адамдар көйгөйлөрдү чечүүгө күч жумшабастан, ичинен эле тынчсызданып жүрө беришет. Жыйынтыгында организм өзүн-өзү жөнгө сала албай калат.

Эгерде адам стресске кабылса, башкача айтканда, жашоосунда болгон өзгөрүүгө көнө албай жатса, кырк сааттан кийин терс сезимдер денеде калып калат. Булчуңдар кысылып, жүрөк бат согуп, айтор, кырк саат бою дене коргонууга аракет жасайт. Ал эми кырк күн – социалдык ыңгайлашуу мезгили. Мисалы, жакын адамыбыздын каза болгонун кабыл алуу кыйын, бирок кырк күндө адам жоготуу фактысын кабыл алып, жашоодо бир нерсени өзгөртүп, социалдык байланыштарды калыбына келтириши керек. Эгер андай кадам жасай албаса, сөзсүз түрдө психологиялык жардамга муктаж. Адам ушуну менен жабылып түнт болуп калса, эч ким менен сүйлөшө албаса, анда стресстен кийинки синдром коркунучу пайда болушу мүмкүн. Мындай абал ден соолукка байланыштуу көйгөйлөрдөн арылууда кыйынчылык жаратат.

ПСИХОЛОГИЯЛЫК АБАЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ КЕРЕК

Адам ооруп калганда дарыгердин салттуу дарылоосу менен катар оорунун психологиялык себептерин жеңиш үчүн психотерапевт, невропатолог, психиатр менен да иштешүү керек.

Бейтаптын оорунун келип чыгышына себеп болгон психикалык абалын калыпка салмайын эч кандай психосоматикалык ооруну түп тамыры менен айыктырууга мүмкүн эмес.

Эгерде адам узак убакыт стресстик абалда жүрсө, адегенде ал баарына тынчсыздана берет. Убакыттын өтүшү менен бул абал депрессияга айланып кетиши мүмкүн. Анткени денедеги коргоочу механизмдер түгөнүп, ошол эле учурда иммунитет төмөндөйт. Мисалы, адам суук тийгенде ооруйт, муну психосоматикалык оору деп атоого болбойт. Бирок стресстин таасири астында иммунитет төмөндөп, адам вирустук инфекцияларга көбүрөөк чалдыгат.

Көп нерсе психикалык маанайдан көз каранды. Оору – бул алдыга жылуудан баш тартуу. Ооруп калууну каалабаган адам спорт менен машыгып, өзүнө ар тараптан кам көрүп турат. Андыктан психикалык абалыбызды жөнгө салып, оорудан оолак болууга ар бирибизде мүмкүнчүлүк бар.

Макаланы даярдоого психолог Альбина Закирова көмөктөштү.

Динара Акимова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Alia82
2020-07-20 10:25:10
Рахмат, пайдалуу макала!
+1
snikers.12
2020-07-20 10:50:25
Аябай керектуу кенеш экен.
+1
i1urp
2020-07-20 16:17:45
Эн сонун.
+1
Guli9390
2020-07-21 22:10:26
Макала учун рахмат.
0
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан