Мода дүйнөсүндө
Стилист Замира Молдошеванын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен 9-сентябрь “Cулуулук чеберлери күнү” болуп белгиленмей болду. Бул күнү Улуттук филармонияда майрамдын алгачкы барагы ачылды. Кызыл килем, Лимузин... “Лимузинден түшкөндөрдү көрөбүз” деп жардангандардын саны да арбын болду.
Замира айым кечеге келген сыйлуу коноктор менен бирге жетишкен ийгиликтери үчүн дизайнер, стилист, визажисттерге Ардак грамоталарды тапшырды. Сынакка катышкандардын эмгегин мына ушул профессионалдар баалап отурушту.
1-орунду “Trend” командасы жеңип, 30 000 сом акчалай сыйлык алышты. 2-тактыны кызыл өңгө басым жасаган “Harmony of Naz-Dan” командасы илип кетти. Бул чеберлерге 20 000 сом тапшырылды. 3-орунга ээ болгон “Chika Boom” командасына
10 000 сом ыйгарылды.
"Сулуулук чеберлери күнүндө" кызыл килем үстүнөн баскан сыйлуу коноктордун башында АКШнын Кыргызстандагы элчи айымы Татиана Кэтрин Гфеллер, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов болду.
Фестивалды өткөрүүдө "ICG" басмаканасынын жетекчиси Раушан Рыкунованын эмгеги зор. "Раушан айым болбосо, балким, бул фестиваль өткөрүлбөй калмак. Демөөрчүлүк колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирем" дейт Молдошева. Аталган майрамды эл унутта калтырбай жыл сайын майрамдап турарына ишеним чоң.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg