Чыңгыз Султанов, актёр: “АЙЧҮРӨК КЫЙЫН КҮНДӨРДӨ ЖАНЫМДА БОЛДУ”

“Жарайт сити”, “Эл эмне дейт?” долбоору аркылуу таанылган актёр, вайнер Чыңгыз Султанов кабыргалуу болду. Ал 3-июлда сүйүктүүсүнө баш кошту. Үй-бүлө очогун жаңы тутанта баштаган жаш түгөйлөр махабат баянын баяндап беришти.

– Чыңгыз, Айчүрөк салам! Куттуктайбыз, куш боо бек болсун!

Чыңгыз: – Салам! Рахмат. Эл көзүндөгү адам болгондон кийин “эл эмне дейт?” деп ойлоп калат экенсиң. Ошондуктан “ушундай маалда үйлөнбөй эле койсоңор болмок” деп эл урушпасын деп үйлөнгөнүбүздү жашырганга аракет кылдык. Бирок биз чоң той кылган жокпуз. Көлгө барып кыз узатуу кылып, кыргыздын каада-салты менен сүйүктүүмдү үйгө алып келдим. Пандемияга байланыштуу кыз узатууга катышкан эки тарап тең алдын ала коронавируска карата тест тапшырдык. Аз гана эл катышты. Бул кырдаалдан өтүп кеткенден кийин, буюрса, эл-журтту чакырып чоң той беребиз. Ошо, 6 миллион эл бата тургандай тойкана табыш керек эми (күлүп).

– Айчүрөк, келиндик доор кандай өтүп жатат?

Айчүрөк: – Келин болгон жакты. Мен “оор болот го” деп ойлогом. Бирок жеңил эле экен.

– Чыңгыз, сүйүктүүңдүн колун сурап жатканда кандай сезимдер болду?

Ч.: – Мен колун суроо тууралуу ойлогон эмесмин. “Ата-энебиз таанышты, ошону менен болду да” дегем. Ал эми кыздарга бул маанилүү эмеспи. Айчүрөк 27-июнда Ысык-Көлгө кетмек. 26-июнда колун сураганы даярданып жатсам, бул мага чалып алып “эртең кетип жатсам, сен мага жолукпайсыңбы?” деп таарынат. Мен болсо креативдүү кылайын деп досторумду чакырып, светтерди коюп даярданып жүргөм. Шам жаксам, шамал аны улам өчүрүп салат. Жиним келип жатса Айчүрөк да улам-улам “сени күтөйүнбү же үйгө бара берейинби?” дейт. Нерв болуп жанымда турган досумдун аялына “тиги кызды алаксытып турчу” дедим.

Колун сураганда Айчүрөк “ооба” деп жооп берерин билчүмүн. Бирок ошентсе да анын алдында гүлүмдү көтөрүп алып бутум титиреп, сүрдөдүм.

– Сюрприз жактыбы?

А.: – Жакты. Бирок мен ошол күнү колумду сураарын билип калгам. Башында билген эмесмин, акырында баары сюрпризин билдирип алышты.

– Айчүрөк кандай келин болуп жатат?

Ч.: – Айчүрөк тамакты жакшы жасай аларын башында эле көрсөтүп койгон. Съёмка учурунда күн сайын 2-3 маал тамак алып келчү же салып жиберчү. Башында “кафеден буюртма берип жатат окшойт, даамдуу экен” деп ойлогом. Алып келген бир баштык тамакты балдар тамшанып жеп алып, “ушул кыз менен эле жүрө берчи, жакшы кыз экен” дешчү. Негизи эркекти курсагы аркылуу алдаш керек. Мени даамдуу тамак берип алдап койду да (күлүп).

– Эми эки жаштын тагдырын байлаган таанышкан күн тууралуу айтып бербейсиңерби...

А.: – 2015-жылы Ысык-Көлгө КВНдин Жайкы кубогун көрүүгө барганбыз. Кыздар болуп пирсте жүрсөк Актан Рыскелдиев, Радик Эшимов, Чыңгыздар келип калышты. Алар “кыздар, силерге тоскоол болгон жокпузбу?” дешкенде “жок” дегенбиз. Сууга түшүп бүткөндөн кийин кетип баратышып “КВНге келгиле” деп чакырышкан. Кийин Бишкекке келгенде ар кандай иш-чараларда көрүшүп жүрдүк. Бирок жакындан сүйлөшчү эмеспиз. “Чика байке” деп эле жүрчүмүн. 3 жылдан кийин, 2018-жылдын 28-июлунда Ысык-Көлдөн кайрадан жолугуп калдык. Ошол күндөн баары башталды. 3 жылдан кийин ошол эле күнү жолугушуп калганыбыз тагдыр деп ойлойм.

Ч.: – Эми менин версиямды айтып берейин. 2015-жылы Көлгө КВНдин Жайкы кубогуна барып калдык. Пирске барсак, кичинекей кыздар жүрүшүптүр. Айчүрөктүн өзүнө окшош 5-6 жакын курбусу бар экен. Жалаң жөжөлөр. Кичинекей кыздар болгону үчүн мен аларга кыз катары такыр көңүл бурган эмесмин. Балдар болсо алардын көңүлүн көтөрүш үчүн тамаша ыргытып тийишип жатышкан.

Булар бир маалда “Актан байке, Чика байке, жакшы калгыла” деп кетип жатышканда “ий, жөжөлөр, жакшы баргыла” деп калып калганбыз.

3 жылдан кийин жолугуп калсак, баягы кыздар чоңоюп калышыптыр. Сүйлөгөндөрү да башкача. “Ии, чоңоюп калышкан турбайбы” деп ошондо көз салып койгом. Ошол күндөн баштап Айчүрөк экөөбүз сүйлөшө баштадык. Ошентип ал 3 жыл карындашым, 2 жыл сүйүктүүм болуп жүрдү.

– Бири-бириңердин жүрөгүңөрдү оңой эле багындырган окшойсуңар?

Ч.: – 2 жыл мурун апамдан айрылып калганда 1-2 ай эч ким менен сүйлөшпөй койдум. Апама аябай жакын элем. Сырымдын баарын апама айтып, эркелечүмүн. Апамдын көзү өтүп кеткенде Таиландда болчумун. Мени алдап алып келишти. “Апаңа операция жасалат экен, сенин каның керек болуп жатыптыр” дешти. Ошондо эле апамдан айрылып калганымды билип, стресс болдум. Бирок өзүмдү “сен коштошконго жетишесиң, Кудайым турат го” деп сооротуп жаттым. Алматыга учуп келгенде жакын досторум тосуп алышты.

Үйгө келип боз үйдү көрүп, өзүмдү жоготуп койдум. Тынчтандыруучу дары сайып жатышты. Бөлмөдө отурсам Айчүрөккө окшош бир кыз өтүп кетти. Көзүмө көрүнүп жатат го деп ойлоп койдум. Көрсө, бул тыпылдап жардам берип жүргөн экен.

Ошол маалда аябай орой болуп калгам. Эч нерсе жакпай, тамак жебей, 10 килограммга арыктап кеттим. Айчүрөккө “жолобо мага, жакындаба, кет!” деп кыйкырып, урушуп салчумун. Бул ага болбой, “жок, жаныңда болом. Сага колдоо керек” деп ыйлап, жанымда жүрө берди. Ошол оор күндөрдө жанымда болуп, сабырдуулугу менен жибитип алды.

Бейшемби сайын куран окутулуп турат эмеспи. Бир жолу Айчүрөк кечирээк келип калды. Келип жардам бергенге деле милдеттүү эмес болчу да. Мен “эмнеге кечигип келесиң?” десем, “кечирип койчу” деп ыйлап жатканда байкем чыга калып “адамды чакырып алып эмнеге урушасың?” деп мени урушуп салган. Азыр байкемдер мага караганда Айчүрөктү жакшы көрүшөт. Атам да бир жакка чыгып баратканда “кызым, бул жакка барып келейин, ээ?” деп суранып калат.

Дагы бир окуяны айтып берейинчи. Апам өтүп кеткенде Айчүрөк келип ашканада идиштерди жууп жүрсө, атам көрүп “сен Эрландын келинчеги болосуңбу?” деп сураса, “жок, мен Чиканын сүйлөшкөн кызымын” дептир. Атам таң калган боюнча калыптыр. Ошону атам азыр да айта берет (күлүп).

– Буга чейин тааныбаган үйгө барып жардам бериш үчүн эрк керек болсо керек?

А.: – Айкоша деген аяшкабыз чалып “Чыңгызга айтпа, ушундай болуп калды” деди. Чика Таиландга кеткенине 2 күн эле болгон. Жеткенде эле апасы өтүп кетти. Мен дароо эле жоолук салынып алып үйүнө барыптырмын. Кыркына чейин жардам берип жүрдүм.

Кайнатам менен жаңы таанышканда “Чыңгыздын “девушкасы” болом” деп өлө айтыптырмын, азыр уяла берем. Атам мени “келиним” дебейт, “өз кызымсың” дейт. Чиканы менин ата-энем “балам” дешет. Мен үй-бүлөдө 3 эркектен кийин жалгыз кыз болгондуктан “дагы бир уулдуу болдук” деп сүйүнүшкөн.

– Өзүң тууралуу айта кетсең...

А.: – Мен Нарындын кызы болом. Ата-энем жумуштарына байланыштуу Ысык-Көлдө турушат. 3-курстун студентимин. Эсепчи кесиби боюнча билим алам. 6 жыл бий менен машыккам. Азыр машыкпай калдым.

Ч.:“Күйөөм тыйып жатат” деп койбойсуңбу? (күлүп).

А.: – Комузда ойнойм. Тамакты, пирогду жакшы жасайм.

Ч.: – Той болсо чакырып койгула. Комуз ойноп, “Кара жорго” бийлеп берет (күлүп).

– Таттуу түгөйлөр, кызыктуу маек куруп бергениңерге рахмат. Бактылуу болгула!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Ajara_13
2020-07-20 09:51:42
Бактылуу болгула❤️абдан жакшы маек болуптур❤️
+8
Bakbai
2020-07-21 00:28:54
Бактылуу болгула алтындарым
+3
Adil18
2020-07-21 21:21:11
Эн сонун маек болуптур.
Бактылуу болгула.
Ар убак бири-биринерди колдоп,улгулуу уй-булоодон болуп журо бергиле.
Кооп балалуу болгула.
Барга кооп кетпей,жокко чогуп кетпей бир калыпта жургуло.
Бири-биринерди колдогула.
+2
Hhjji
2020-07-22 02:19:50
Чика байке,Айчурок эже бактылуу болунуздар,аябай сонун маек болуптур,аягына чейин жылмайып окудум,бири-биринерге абдан топ келет экенсиздер
+3
Arinnur2018
2020-07-23 00:47:16
Бактынарга коз тийбесин
+3
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан