(Башы өткөн сандарда)
Жашоодо оор жагдайлар болот. Анын бири Искендер үчүн ушул болду. Сенин эки эгиз балаң бар! Жөн эле бар, алар кайсы бир жерде жүрүштү. А сен алардын жүзүн көргөн жоксуң. Жүзүн тим кой, алардын бар экенин билбей жашадың. Ата үчүн мунун канчалык оор экенин билген билер. Ыза, айласыздык, жанын ачыткан өкүнүч ээлеп алды. Биринчи жолу Айтурганга кабарлабай, телефонун өчүрүп жок болуп кетти. Тоого кетти. Жалгыз калып ойлонушу керек эле. Эки күндөн кийин келди. Эшикти ачкан Айтурган аны таң кала тиктеп турду.
– Искен, сенби?
– Мен.
Моюнуна асылып, шолоктоп ыйлап жиберди. Көпкө ыйлады, өзүн токтото албай жатты.
– Ой, эмне болуп кетти?
– Эмне болду деп өлүп кала жаздадым мен, сен кайда кеттиң? Эмнеге чалсам жооп берген жоксуң? Телефонун ошондо араң ачты. 115 жолу чалыптыр, толтура СМСтер. Көздөрүн ала качты.
Жуунуп чыгып тамакка отурду. Аялынын көздөрү суроолуу тигилет. Өңү бозоруп, шалпайып арыктап кетиптир. Боору ооруп кетти. Унчукпай бооруна тартты.
– Билесиңби, Айтуш? Мен бир туура эмес иш кылдым.
– Эмне кылдың?
Тили күрмөлбөй койду. Бир сутка жок болуп кетсе ушундай абалга келип калыптыр, эгерде бул кабарды айтса, ал тирүүлөй өлтүрөт. Айта албады. Аяды. Балдарына, башкаларга караганда ушул аялдын өзүнө болгон ишеними бийик экенин сезди. Кудайындай ишенип, ушунча жыл чогуу жашады. Мындан ары анын “ушундай эле белең?” деген иренжиген көз карашын көтөрө албайт. Аялын бооруна кыскан ушул абалда ал маанилүү чечим кабыл алды. Эмне болсо болсун, бул чындыкты эч качан айтпайт. Чындык көкүрөгүндө күйүп-жанып турса да, өзү өрттөнүп жатса да айтпайт.
– Кел эми, тамак ичели,-деди ал акырын гана. Кийин канчалык суранса да, чукуласа да эч нерсе айтпады. Айтурган жан дүйнөсү баладай таза аял болчу. Эч ким анын күндөй күлүп турган жүзүн көрүп туруп жамандыкка кыя алчу эмес. Жашоодогу бардык оор нерселер андан айланып өткөндөй, өмүр бою барчылыкта, бактылуулукта жашап, эл тууралуу жаман ойлоно албаган адамдын жан дүйнөсү ушундай болсо керек. Дал ошол тазалыгы, баладай баёо дүйнөсү, аялдык назиктиги жана алсыздыгы менен Искендерди багындырса керек. Анын тазалыгы менен жуунуп тургандай сезилчү.
– Сен мага ушундай керексиң, жанымдан чыкпачы,- деди Искендер ошол күнү. Аялы уйкуга киргенден кийин деле ага уйку келбеди. Көз алдында эки бала...
ххх
Таң атпай жумушуна барды. Ойлонуп отуруп телефонду колуна алып Аянага чалды.
– Ало...
Баары бир жүрөк болк этти. Ушул мүнөттөн баштап жашоосу, жүрөгү, ойлору экиге бөлүндү да калды. Кээде жашоосундагы бул эки аялдын кимисин көбүрөөк сүйөрүн так биле алчу эмес. Бир гана билгени бар эле, ал эч качан Айтурганды таштай албайт болчу. Кээ бир түгөйлөрдө ортосунда мал-күлк болгон үчүн ажыраша албайт, же балдары үчүн. Бул сезим тигинисине да, мунусуна да кошулбаган бир сезим эле.
– Мен силерге барышым керек, дарегиңди айт.
– Эмнеге?
– Мен балдарды көрүшүм керек!- деп кыйкырып жибергенин өзү да сезбей калды. –Бул эмне деген суроо? Сен келип менин эгиз уулум бар экенин айтасың да, эми кайра эмнеге сага барарымды сурайсың.
– Макул, тынчтан. Болгону балдар сен тууралуу эч нерсе билишпейт. Абайла. Сени бир таанышым катары тааныштырам. Суранам сенден, балдарга өтө абайлап мамиле кыл. Экөө тең...
– Даректи айт.
Аяна даректи айтты. Жарым саатта жетип барды. Эшиктин алдында бир аз туруп калды. Демин басып, эми коңгуроону баса берерде эшик ачылып кетти. Бирине бири куюп койгондой окшош эки бала аны тиктеп турушту.
– Салам!
– Саламатсызбы, сиз кимге?- деди оң жактагысы.
– Мен силердин апаңарга келдим. Силер Аянанын уулдарысыңарбы?
– Ооба.
– Кана, мен силердин кимиңер ким экенин айтайын. Сен Алансың,- деди ал купкуу болуп, тез-тез дем алып жатканына карап. Ал акырын башын ийкеди.
– Сен Адамсың.
Шоктоно көздөрүн ачып-жумуп турган бою бир аз узунураагы күлүмсүрөй баш ийкеди.
– Кана, үйгө кирели.
Ойноп жатышты, талашып-тартышып кетип жатышты. Жулмалай бири-бирине асылып жатышты. Канча тиктеп отурса да, бул көрүнүштөн Искендердин сонуну таркачудай эмес. Жылмайып эле тиктеп отура бергиси келди.
– Мен канча нерселерин көрбөй калдым? Мага алар жөнүндө айтып берчи,-деди ал өкүнө.
– Адам мүнөзү шок, бир орунда тынч тура албаган, кыймылдуу бала. Китепти да тез окуйт, ойлонгону да башкача. Ал сага жүзү эле эмес, мүнөзү да окшош. Ал эми Алан башкача. Мага окшош. Өзүнүн бир дүйнөсү бар. Ага мени дагы кээде киргизбейт. Кишилерге ачыла бербейт, дайым оолактап турат. Азыртадан ырларды жазат. Албетте, Москвада жашаганы үчүн орусча жазат, кийин кыргызча да жаза алат болуш керек,- деди Аяна сыймыктана.
– Кимиси жакын сага?
– Экөө тең. Мен кээде балдарымды өзүмө өтө байлап алдымбы деп ойлойм. Жалгыз бой энелер кааласа да, каалабаса да балдарынын психикасына абайлап мамиле кылышса керек. Анткени жалгызсың. Ошого эки эсе жоопкерчиликтүүсүң. Ошол себептен эки эсе үйрүлүп түшөсүң. Бул нерсе балдарды энесине катуу көз каранды кылып коёт.
– Эми баары башкача болот,- деди Искендер чечкиндүү.
– Ал эмне деген сөз?
– Алар менин балдарым. Мындан ары ата тарбиясын да алышат. Бул жалгыз энеси эле эмес, атасы да бар экенин сезип чоңоюшат деген сөз.
– Искендер, азыр бул тууралуу сүйлөшпөй туралы. Биринчи Алан жакшы болуп кетсин.
– Албетте, мага медициналык маалымдамасын берчи.
Эки күн бою окуп, изилдеп, ойлонуп чыкты. Эч качан мынчалык апкаарып коркуп көргөн эмес эле. Таразанын ташында анын уулу болчу. Миңдеген бейтаптардын анын чебер колдору менен өмүрлөрү узарды. Миңдерден алкыш укту. Бирок бул жолу анын баары бир тең болуп турду. Өз канынан жаралган баланын өмүрүн сактап кала албаса, ошончо атак-даңкы, чеберчилиги эки тыйынга арзыбай калмак. Ушул күндөрү аябай кыйналып, арыктап кетти.
– Сага эмне болду?- деди бир күнү Айтурган.
– Эмне болуптур?
– Башкачасың, үйгө келгенде сүйлөбөйсүң. Балаңа, мага көңүл бурбайсың.
– Бир баланын жүрөгүнө операция жасоо алдында турам. Билесиң, мен көптөн бери жасай элек болчумун. Мындан ары да жасабайм дегем. Анткени мен Кудай эмесмин, бир да адамдын өмүрүн ушул колдорума кармап туруу жоопкерчилигин ала албайм дегем.
– Анан эмне болду?
– Мен бул операцияны жасашым керек. Эгиздин түгөйү экен. Сен билбейсиң, экөө бири-бирине аябай окшош. Киндиктери туташып калгансып дайыма чогуу. Бири ооруп калса, экинчиси да ооруп калат экен. Ошон үчүн мен биринин эле эмес, экөөнүн тең өмүрүнө жооптуумун.
– Ата-энеси бар бекен?
– Апасы менен жашашат.
– Атасы кайда экен?
– Билбейм.
– Ажырашып кетиптирби же атасы өлүп калыптырбы?
– Ой, эмне эле ошону чукулап жатасың?- деп тарс жарылды Искендер.
– Сага эмне? Барбы же өлүп калдыбы? Мен балдардын өмүрү тууралуу айтып жатсам сен атасын сурайсың.
– Ага эмнеге анча жинденип кеттиң?- деди таң калган Айтурган.
– Мен дачага барып келейинчи, ошол жактан иштейм. Болбосо үйдө тынчтык жок.
– Искен, бул эмне дегениң?
Аялы ары өтүп, бери өтүп чырылдаса да болбой Искендер чыгып кетти. Ал үчүн өтө маанилүү бир иш бар болчу. Мындан ары бул сырды бирөө менен бөлүшпөсө, өлүп калчудай сезди...
(Уландысы кийинки санда)