КОРОНАВИРУС ӨНӨКӨТ ТҮРГӨ ӨТӨБҮ? ВИРУСОЛОГ ЖООП БЕРЕТ

Учурдун негизги көйгөйү болгон коронавирус пандемиясы күн сайын ондогон адамдын өмүрүн алууда. Дүрбөлөңгө түшкөн элдин арасында вирустан коргонуу жана айыгуу үчүн ар кандай өз алдынча дарылануу аракеттерин көрүп, абалын оорлоштуруп алгандар да жок эмес. COVID-19 боюнча окурмандардан келген суроолорго Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Микробиология, вирусология жана иммунология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Адалят Мырзакулова жооп берди.

"ЖӨТӨЛДҮ ПИЯЗ, БАЛ АЙЫКТЫРАБЫ?"

– Коронавирус менен ооруганда жөтөлдү пиязга бал же кумшекерди чылап, чыккан ширесин ичүү менен айыктырса болот деген маалымат социалдык тармактарда көп жүрөт.Чындыгы барбы?

Жекшен, 43 жашта, Токмок шаары

– Коронавирусту пияз, бал дарылабайт. Бирок аталган ыкма инфекциялык ооруларда, анын ичинде коронавируста иммунитетти көтөрүүгө жардам берет. Балды чайга кошуп ичсе да болот.

"АСТМАСЫ БАРЛАР ИВЛ АППАРАТЫН ДАЯРДАП ТУРУШУ ЗАРЫЛБЫ?"

– Менин апамдын бронхиалдык астмасы бар, жашы 60та. Кокус коронавирус жугуп калса, тезинен эмне чараларды көрүшүбүз керек? Анткени ага да жугуп калабы деп коркуп жатабыз. Жугуп калса, дем алышы кыйындашы анык. Обсервацияда жасалма дем алдыруучу аппарат жок болуп же жетишсиз болуп чыкса эмне кылуу керек?

Салтанат, 41 жашта, Талас облусу

– Бронхиалдык астмасы барлар врач сунуштаган дарыларды, ингаляторду колдонушат. Алдын ала дүрбөлөңгө түшүп, Гепарин сатып алып же ИВЛ аппаратын даярдап кереги жок. Коронавируска чалдыкпоо үчүн апаңыз санитардык норманы сактап, көчөдөн келгенде колду, бетти самындап жууп, ооз-мурунду суу (туздуу суу да болот) менен чайкап, иммунитетин көтөрүү үчүн жашылча-жемишти көп жеп, дем алуу көнүгүүлөрүн дайыма жасап туруусу зарыл.

"ЖЕҢИЛ ТҮРҮ МЕНЕН ООРУГАНДАРДА ИММУНИТЕТ ПАЙДА БОЛБОЙБУ?"

– Коронавирустун жеңил түрү менен ооруп, айыккандардын организминде антитела жакшы пайда болбойт. Андыктан адамга кайра вирус жугуп, ооруп калышы мүмкүн дегендин чындыгы барбы?

Жамиля, 34 жашта, Бишкек шаары

– Вирус организмге кирген соң иммуноглобулинди (коргоочу антитела) иштеп чыгаруучу иммундук систем активдешет. Коргоочу антитела вирустарды нейтралдаштырат. Иммуноглобулин пайда болгонун аныктоо үчүн иммуно-ферменттин анализи (ИФА) жүргүзүлөт. Анализ үчүн кандын сары суусу атайын тест-системден өткөрүлөт. Коронавирус менен ооруган соң организмде пайда болгон коргоочу антителалар 5-6 айга жетет.

"КАНТ ДИАБЕТИ, ГЕПАТИТ МЕНЕН ООРУГАНДАР ДЕКСАМЕТАЗОНДУ КОЛДОНБОШ КЕРЕКПИ?"

– Кант диабети, гипертензия, гепатит менен ооругандарга Дексаметазон колдонбош керек. Оорусу кыйындайт дешти. Ушул туурабы?

Адинай, 37 жашта, Бишкек

– Кант диабети, жогорку кан басым, гепатит оорусу барлар, өзгөчө жашы улгайгандар коронавируска чалдыкса, оорусу оор өтөт. Анткени вирус бардык ооруларды козгойт. Дексаметазон негизи ооруну басаңдатат. Аталган дарыны өз алдынча колдонсо болбойт, оорусун күчөтүп алат. Дексаметазон врач сунуштаса гана колдонулат, болбосо колдонулбайт.

"КОРОНАВИРУС МЕНЕН ООРУГАНДАН КИЙИН АЙРЫМДАР ЖЫТ, ДААМДЫ БИЛБЕГЕН БОЙДОН КАЛАБЫ?"

– Коронавирус менен ооруганда даам, жыт билүүнүн жоголушу канча күнгө созулат? Кээ бирлеринде ооругандан кийин даам, жыт билүү биротоло начарлап калабы?

Эрмек, 36 жашта,
Ош облусу

– Даам, жыт билбей калуу – бул коронавирус жуккандыгынын белгилери. Негизи даам, жыт билбей калуу адамдын иммунитетине жараша 5-10 күнгө чейин созулат. Адам ооруп айыккандан кийин даам, жыт билүү ордуна келбей калышы мүмкүн эмес.

"КАНДЫН ПЛАЗМАСЫ ООРУГАН АДАМДЫ ӨЛҮМДӨН АЛЫП КАЛАБЫ?"

– Коронавирус менен ооруп, оорусу пневмонияга өтүп, демиккендерге коронавирус менен ооруп айыккан адамдын канынын плазмасын куйса бат оңолот, өлбөйт дешүүдө. Аталган ыкмалар Бишкекте колдонулбагандан адамдар көп көз жумуп жатат дегенге ишенсе болобу?

Марат, 43 жашта, Бишкек шаары

– Вирустук ооруларда, анын ичинде коронавируста аталган оорудан айыгып чыккан адамдын кан плазмасын куйса болот жана адам тезирээк айыгат. Бизде кан плазмасын куюу Ноокат районунан башка жакта колдонула элек. Бул үчүн атайын борбор болушу керек. Анткени ооруп айыккан адам менен жаңы ооруп жаткан адамдын канынын тобу жана резус-фактору дал келиши зарыл.

“ООРУСУ ПНЕВМОНИЯГА ӨТКӨНДӨР АЙЫККАНДАН КИЙИН 1 ЖЫЛГА ЧЕЙИН КАТТООДО ТУРАБЫ?"

– Коронавирус менен ооруганда оорусу пневмонияга өтүп кетсе, ал адам врачтын каттоосунда 1 жылга чейин турушу керек, эгер кайра оорубаса гана каттоодон чыгарат экен деп уктум. Ушул туурабы?

Жыпара, 47 жашта, Кара-Балта шаары

– Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги да пневмонияны ооруканадан тышкаркы (кадимки пневмония) жана коронавирустук пневмония деп экиге бөлөт. Ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооруган адам өпкөсүнүн канчалык пайызы жабыркаганына жана жашына жараша врачтын каттоосунда 6 айга же бир жылга дейре турат. Ошол мезгилде оорусу кайра кайталанбаса каттоодон чыгат.

"ООРУЛУУ ЖАТКАН БӨЛМӨНҮ КАНЧА УБАКТАН КИЙИН БАШКАЛАР ПАЙДАЛАНСА БОЛОТ?”

– Эжем коронавирустун жеңил түрү менен ооруп калды. Ал үйдө өзүнчө бөлмөдө жатып, дарыланып жатат. Биз тамак-ашты же башка керектүүсүн эшиктин алдына коюп, үстүнө кирбөөгө аракет кылып жатабыз. Эми бир топ жакшы болуп калды. Айыкса ал жаткан бөлмөгө канча убакыт кирбешибиз керек?

Элеонора, 29 жашта, Бишкек шаары

– Эжеңиз толук айыккандан кийин ал жаткан бөлмөгө бет кап менен кирип, терезесин ачып желдетип, хлорлоп жууп чыгуу керек. Бөлмөнү башкалар да колдонушу үчүн 4-5 саатта даяр болот.

"АНТИБИОТИКТИ ӨЗ АЛДЫНЧА ИЧСЕ БОЛОБУ?"

– Жакында эле белгилүү дарыгер «коронавируста оору пневмонияга өтүп кете электе антибиотик иче бергиле» деди. Буга көп врачтар каршы чыкты. Ошондо тиги дарыгер туура эмес маалымат бердиби? Антибиотик коронавирустун кайсы учурунда колдонулат?

Айша, 52 жашта, Ош облусу

– Организмге кирген вирус иммунитетти басып коёт. Бирок адамдын оозунда, ичегисинде зыяндуу бактериялар менен күрөшүүчү пайдалуу бактериялар бар. Иммунитет алсызданганда пайдалуу бактериялар зыяндууларына каршы тура албай калат. Антибиотикти врачтын текшерүүсүнөн өткөндөн кийин ал сунуштаса гана алуу керек. Антибиотик бактерияны өлтүргөнү менен, вирусту өлтүрө албайт. Антибиотик бир жерге пайда алып келгени менен, башка органдарга зыянын тийгизет. Андыктан өз алдынча колдонуу сунушталбайт.

"КОРОНАВИРУС ӨНӨКӨТ ТҮРГӨ ӨТҮП КЕТЕБИ?"

– Коронавирус менен ооруган адамда аталган оору өнөкөт түргө өтүп кетет деп уктум. Анткени Кытайда, Түштүк Кореяда мурун ооругандардын арасында кайра да ооругандары катталбадыбы. Же экинчи жолу да коронавирус менен ооруп калуу себеби башкадабы?

Светлана, 41 жашта,
Кант шаары

– Коронавирус курч кармоочу оору, өнөкөт түргө өтпөйт. Түштүк Корея, Кытайда мурун ооругандар кайра да ооруду деген маалыматтар тастыкталбаган маалыматтар.

"МЕНДЕГИ ФИБРОЗ ООРУСУН КОРОНАВИРУС ЖАРАТТЫБЫ?"

– Мен коронавирустун жеңил түрү менен ооруп айыктым. Бирок бир аз жөтөл калгандан кийин рентгенге түшсөм, оң өпкөнүн үстүнкү жагында майда чекиттей фиброздор бар болуп чыкты. Фиброз коронавирустан улам пайда болушу мүмкүнбү же башка себептенби?

Жазгүл, 53 жашта, Сокулук району

– Коронавирустун жеңил түрүндө фиброз (өпкөнүн альвеолдорунун, башкача айтканда, аба мүшөкчөлөрүнүн сезгениши) пайда болбойт. Сиздеги фиброз бактериялардын айынан жаралышы мүмкүн. Сиз пульмонологго текшерилип, дарыланышыңыз керек. Башкача айтканда, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка жатып калбоонун алдын алуу зарыл.

"Кандай түрү менен ооруганын адам өзү биле алабы?"

– Адам коронавирустун жеңил, орточо же оор түрү менен ооруп жатканын кантип биле алат?

Марат, 29 жашта, Бишкек шаары

– Жок, адам өзү аныктай албайт. Врач гана аныктайт.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан