“STAR DANCE” бий тобу

Бул топ көчө бийлерин бийлеп, тү­зүл­гөнүнө бир жыл болсо да, жаштардын арасында популярдуулукка жетишти. Өзгөчө бий стили менен айырмаланып турган топту Мирбек Атабековдун “Сен”, “Элестетип” аттуу ырынын клибинде жана жаш ырчы Алихандын “Ашыкмын” деген ырларынын клибинде көрүп келебиз. Анда эмесе, жаштардын сүйүктүү “Star Dance” бий тобунун балдары менен маегибиз.

  1. Жакшылыкова Асель, 21 жашта. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун хореография бөлүмүндө 4-курста окуйт. Хоб-биси: сүрөт тартуу, музыка угуу. Топтун башчысы.
  2. Момунова Айнура, 21 жашта. Бишкекте Гуманитардык университетинин 4-курсунун студенти. Хоббиси: кийимдердин дизайнын түзүү.
  3. Үсөнаалы уулу Бектур, 17 жаш-та. №18-мектептин 11 классынын окуучусу. Хоббиси: музыка угуу.
  4. Азель, 18 жашта. Англис тилин үйрөнүү үчүн атайын курстарга барат. Хоббиси: ырдоо, китеп окуу.
  5. Керимбаев Эрмек, 18 жашта. Медицина окуу жайында стоматолог бөлүмүндө 2-курста окуйт. Хоббиси: сүрөт тартуу.
  6. Токтоназарова Бегимай, 15 жашта. №-3 мектепте 9-классынын окуучусу. Хоббиси: сүрөт тартуу.

– Асель, “Стар Денс” деген эмнени түшүндүрөт?
– Группанын атын кыргыз тилине которгондо “Бий Жылдызы” деп которулат. Аты айтып тургандай эле, биз бий жылдыздарыбыз. Топтун атын мен койгом. Топтогу балдар-кыздарды да өзүм тандагам.
– Топтогу балдар менен кандай таанышып калгансың жана кандай талаптарды коёсуң?
– Бийди өзүбүз көчөдөн баштаганбыз. Айтайын дегеним, радиону көчөгө коюп алып бийлечүбүз. Бий тобун ачуу менин тилегим болгондуктан, топ ачууга баш-отум менен киришип, мурда бийлеген эмес, бирок, бийлей ала турган балдар-кыздарды издеп жүргөм. Ошол маалда Бишкекте “Бий мектеби” долбооруна да катышып калдым. Мен окуган бий мектебинде Азель жана Бектур да окуп калышкан. Эрмек менен болсо тааныш кызым аркылуу иштешип калганбыз. Бегимай – менин колумда тарбияланган окуучум, топтун эң кичүүсү. Айнура жакында эле “бийлегенди үйрөнөм” деп келген. Мыкты бийлегенин көрүп топко алгам. Ал эми балдарга койгон талабым – мыкты деңгээлде бийлөө. Кыргызстанда атайын көчө бийлерин бийлеген жалгыз биздин гана группа.
– Топ менен эле алек болбостон дагы эмне менен алектенесиң?
– Көңүлүмө бий жакын болгондуктан, Балдардын спорт клубунда кичинекей балдар-кыздарга хореографиядан сабак берем. Ошол эле жерде группама да хореографиядан сабак өтөм.
– Топтун продюсери барбы?
– Официалдуу түрдө продюсерибиз жок. Бирок, бизге продюсер катары Канат Култаев жардамдашып келет. Бизди издеген ырчылар да Канат байке аркылуу табышат. Финансы жактан да жардам көрсөтүп турат.
– Концерт учурундагы кызыктуу окуялардан айтып бербейсиңби?
– Бардыгыбыз чогулганда кызыктуу окуялар көп болот. Алардын ичинен эң кызыктуусун айтып берейин. Былтыр жай айында Мирбектин концерти менен Ош шаарына баарып калдык. Биринчи күнү концертти берип бүткөндөн соң бардыгыбыз чарчап уктап калганбыз. Анан биз бешөөбүз туруп алып, шыпыргыны адамдай кылып кийинтип, эшиктин оозуна коюп койгонбуз. Эртең менен турган Бакыт Беделов, Алихан жана Канат байкенин чочуганын көрүп бир жолу каткырып да алганбыз. Мирбек аябай чарчап кеч турган болчу. Ал ойгоно электе дагарага суу толтуруп, ал жаткан керебеттин бут жагына коюп койгонбуз. Бул кылыгыбызды Канат байке билип калып, сууну алдыртып койгон.
– Айнура, кийимдердин дизайнын түзөт экенсиң. Топтун формаларын да сен ойлоп чыгасыңбы?
– Жок, сахнага кийинип чыккан кийимдерди баарыбыз чогулуп алып тандайбыз. Форманы тандаганда ырдын мазмунуна, музыкасына карап туруп кийимдердин кандай өңдө болоорун тандайбыз.
– Үйбүлө күтүү алдыңкы пландарыңда барбы?
– Турмуш куруу туралуу оюмда да жок. Мен азыр окуу жана бий менен эле алек болуп келем. Турмуш курганга деле жигитим жок.
– Бектур, ата-энең бийчилик өнөрүң­дү колдошобу?
– Ата-энемдин Москвада чакан бизнеси бар. Алар ал жакка бир жыл мурун кетишкен. Бир жыл мурун менин бийлегенимди билишчү, бирок, топто бийлегенимди кийин телефон аркылуу эле угушкан. Жакында эле апам Москвадан келди. Атам болсо ал жакта калыптыр. Апам мени азыр көрүп, өзгөр­гөндүгүмдү байкаптыр. “Мурдакыга караганда чечкиндүү, акылдуу болуп калыптырсың” деди.
– Жакында мамлекеттик экзамендериң башталат экен. Бийлегениң окууңа тоскоол болбойбу?
– Тоскоолдуктар анда-санда болуп жатат. Анткени, жаңы бийлерди үйрө­нүш үчүн кечке даярданабыз. Анан сабак окуганга үлгүрбөй калып, эжейлерден тил угам. Бирок, жалпысынан экзамендерге даярдыгым “4” деген баага татыктуу.
– Алдыдагы пландарың менен бөлүшө кетсең?
– Азыр мектепти жакшы аяктап, мыкты окуу жайлардын бирине тапшырсам деген тилектерим бар. Ал эми топ менен өнүгүп-өсүп, мыкты бий топтордон болсок деген бардыгыбыздын планыбызда.
– Азель, апаң белгилүү ырчы Алина Жетигенова, агаң жаш ырчы Азиз эмеспи. Сенин да келечекте ырчы болом деген оюң барбы?
– Бардыгыңыздар билгендей эле, үйбүлөбүздө баарыбыз чыгармачыл адамдарбыз. Албетте, мен да аларды көрүп ырдагым келет. Буюрса, менин да ырдап чыксам деген тилегим бар.
– Ал убакыт качан келет?
– Жакында эле Мирбектин жеке концертине даярданып, ага көп убакыт кетти. Учурда жаңы бийлерди үйрөнүп жатабыз. Бийден кол бошогондон тартып ырдап чыгууга белсенип киришем деп турам. Демек, мен ырдап чыга турган убак алыс эмес.
– Сулуулугуңа суктанган жигиттер көп болуш керек?
– “Сулуусуң” деп айтып келишет. Сүйүүсүн арнаган да жигиттер кездешет. Бирок, көңүлүмө жаккан жигитке жолуга элекмин.
– Эрмек, кийин өз кесибиң менен тиш доктур болосуңбу?
– Албетте, тиш доктурга өз каалоом менен окугам. Бул кесип – мен үчүн тү­бө­лүктүү кесибим. Ал эми бий – хоббим.
– Ата-энең жөнүндө айта кетсең?
– Ата-энем шаарда турушат. Атам – жеке ишкер. Апам – үй кожойкеси. Апамды аябай жакшы көрөм. Анткени, эртең менен бийге даярданганы кетээр маалда ысык чайын даярдап, кийимдеримди үтүктөп, бут кийимимди тазалап коёт.
– Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Сүйлөшкөн кызым азырынча жок.
– Кандай кыздарды жактырасың?
– Мага назик, ак көңүл, акылдуу, кыскасы, аялзатына тиешелүү касиетке ээ болгон кыздар жагат.
– Бегимай, туура эмес бийлеп алып тил уккан учурларың болобу?
– Андай учурлар күндө эле болот. Асель эже туура эмес бийлегенимде урушат. Бирок, кайра эле мени жакшы көрүп кетип, жини таркап кетет.
– Бийлегениңе канча убакыт болду?
– Кичинекей кезимден бери эле бийлейм. Топтун жетекчиси Асель эженин колунда хореографиядан сабак алчумун. Кийин топто бийлегим келгенин Асель эжеге айттым. Көп өтпөй эле топко мени алды.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
samat
2010-08-26 19:58:13
Азаматсынар ийгилик баарына
0
№ 236, 11-17-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан