ЖЕТИ ЫРЧЫНЫН БАШЫН БИРИКТИРГЕН GOT7

K-pop музыкасы канчалык популярдуу болгону менен, ошол популярдуулукка жетиш үчүн, козу карындай жыбыраган көп ырчылардан айырмаланыш үчүн өзгөчөлүк керек. Биз сөз кыла турган «GOT7» тобу башкалардан эмнеси менен айырмаланат? Анда сөздү топтун өмүр баянына бурсак.

ИНТЕРНАЦИОНАЛ ТОП

Көпчүлүк эле корей ырчылары сахнада көл-шал түшүп бийлешет. Бийден айырмачылык издөөнүн деле кажети жок. Бирок «GOT7» тобу мыкты вокалдан сырткары трикинг (уруш өнөрлөрүнүн элементтери, акробатика, брейкданс, гимнастика жана башка спорттук кыймылдар) элементтерин пайдалануу менен күйөрмандардын көңүл борборунан орун ээлешти. Өздөрүн «GOT7» деп атаган, 7 ырчы мырзадан турган топ k-pop сахнасына 2014-жылдын январь айында чыгышкан. Жергиликтүү ырчылардан сырткары 3 чет элдик ырчы – Жексон (Кытай), Марк (АКШ) жана Бэм Бэм (Таиланд) кошулган топ ар түркүн өнөрү менен дүйнө жүзү боюнча күйөрман топтой алды.

Алардын эң алгачкы «Got it?» дебюттук кичи альбомуна кирген «Girls Girls Girls» ыры Кореядагы музыкалык чарттардын алдыңкы тизмесине дароо илинген. Популярдуулукка жаңыдан кадам таштаган топ «Sony» музыкалык компаниясы менен келишим түзүп, Японияда дебют жасашкан.

Чыккан жылы: 2014-жыл

Өлкөсү: Түштүк Корея

Топтун мүчөлөрү: Им Жэ Бом, Марк Туан, Жексон Ван, Пак Жин Ён, Чве Ёнжэ, Бэм Бэм, Ким Югём

Лейбл: «JYP Entertainment»

Белгилүү ырлары: «Girls Girls Girls», «Hard Carry», «Just Right», «А», «Stop Stop It», «If you do», «Fly», «Look», «Not By The Moon» жана башка

ТОП ТУУРАЛУУ...

«GOT7» күйөрмандарынын суранычы менен 3 ирет дүйнөлүк турнеге чыгып (2016, 2018, 2019-жылдар), Кытай, Япония, Таиланд, Сингапур, Орусия, АКШ, Европанын бир катар шаарларын кыдырып концерт коюшкан.

Топтун Түштүк Кореяда чыгарган 3 студиялык альбому (Японияда 1 студиялык альбом чыгарышкан), 11 кичи музыкалык альбому (Японияда 4) бар.

Топтун мүчөлөрүнүн баары «Кыялдагы баатыр» сериалына тартылышкан.

Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдөн алган «Азиядагы таасирдүү топ», «Жылдын популярдуу азиялык тобу», «Мыкты эл аралык артист» сыяктуу наам-сыйлыктарынын саны 40тан ашат.

«GOT7» тобунун «JJ Project» жана «Jus2» аттуу кичи топтору бар.

Аты-жөнү:
ИМ ЖЭ БОМ

Псевдоними: JB

Туулган жылы: 1994-жыл, 6-январь

Туулган жери: Түштүк Корея, Коян шаары

Бою: 179 сантиметр

Топто: лидер, ырчы, бийчи

Тартылган сериалдары: «Кыялдагы баатыр», «Бийик кыялдан-2», «Эркек сүйүп калганда»

Топтогу Жин Ён экөө «JYP» агенттигине 2009-жылы чогуу келишкен. 2012-жылы чыккан «Бийик кыялдан-2» сериалынан да экөөнү көрсөңүз болот. Сериалга тартылып жүзү таанылган жигиттер «JJ Project» дуэти болуп дебют жасап, алардын алгачкы «Bounce» кичи альбому iТunes’тагы «Мыкты бий альбомдордун» ТОП-10дугуна кирген. Дуэттен жаңы ыр күткөн күйөрмандарды таң калтырып, алар «GOT7» тобунун курамына кошулганын жарыялашкан.

Топ түзүлгөндөн бери Жэ Бом лидерлик кызматта. «Лидер катары дайыма топтун келечеги, канткенде ийгилик жарата аларыбыз тууралуу көп ойлоном»,- дейт JB. Ал автобуска түшүп алып саякаттаганды, кино көргөндү, сүрөт тартканды жактырарын айтат.

Аты-жөнү: ПАК ЖИН ЁН

Туулган жылы: 1994-жыл, 22-сентябрь

Туулган жери: Түштүк Корея, Чинхэ шаары

Бою: 178 сантиметр

Топто: ырчы, бийчи, вижуал

Тартылган сериалдары: «Кыялдагы баатыр», «Бийик кыялдан-2», «Эркек сүйүп калганда», «Менин сүйүүм Ын-Дон», «Көк деңиз уламышы» жана башка

Театрга барганды, пианинодо ойногонду жактырган Пак Жин Ён топтун «батарейкасы». «GOT7'дин» жүзү катары таанымал Пак Жин Ён топтун, жана башка ырчылардын репертуарындагы бир катар ырлардын автору. Ырдын сөзүн жазыш үчүн көп китеп окуш керек деп эсептейт. Топтун башка мүчөлөрү аны эмгекчил деп сыпатташат. Жин Ён айрымдарга ырчы, кээ бирлерге актёр катары таанымал.

Аты-жөнү: МАРК ТУАН

Туулган жылы: 1993-жыл, 4-сентябрь

Туулган жери: АКШ, Лос-Анжелес шаары (америкалык кытай)

Бою: 175 сантиметр

Топто: рэпер, бийчи, вижуал

Тартылган сериалы: «Кыялдагы баатыр»

Эки эжеси, иниси, ата-энеси болуп АКШда жашаган Марк кичинесинен музыкага жакын болуп, дүйнөнү каптап жаткан k-pop толкунуна кошулуу үчүн 2010-жылы «JYP» агенттиги менен келишим түзгөн. Топтун ичинен уруш өнөрлөрүнүн түрүн көп билгени Марк. Анда да ырдын сөзүн жазуу, обон жаратуу жөндөмү бар.

Аты-жөнү: КИМ ЮГЁМ

Туулган жылы: 1997-жыл, 17-ноябрь

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою: 182 сантиметр

Топто: рэпер, ырчы, бийчи

Тартылган сериалы: «Кыялдагы баатыр»

«Крис Браундун клиптерин көрүп отуруп, мен да ырчы болом дедим. «Көчө бийи» боюнча мелдештерге катышып жүрдүм. Бий боюнча кесиптик билим да алдым»,- деген Ким Югём топко акыркы мембер болуп кошулган. Апасы анын ырчы болуусуна каршы чыккан, бирок уулунун ага ишенүү өтүнүчүн четке кага алган эмес. Югём пианинодо ойноп, обон чыгарганды жактырат.

Аты-жөнү: ЖЕКСОН ВАН

Туулган жылы: 1994-жыл, 28-март

Туулган жери: Кытай, Гонконг

Бою: 174 сантиметр

Топто: вижуал, рэпер, бийчи, саб-вокал

Тартылган сериалдары: «Кыялдагы баатыр», «Кошуналар-2»

Ырчылыкка чейин Гонконгдо фехтование боюнча Улуттук курама команданын мүчөсү болгон Жексонго сахнада трикинг элементтерин жасоо оорчулук жаратпайт. 2017-жылы «Papillon» ырын соло ырдап чыгып, жеке ырчы катары атын чыгара алды. «GOT7’дин» мемберлери аны бейтааныш адам менен бат тил табышат дешет.

Аты-жөнү: ЧВЕ ЁНЖЭ

Туулган жылы: 1996-жыл, 17-сентябрь

Туулган жери: Түштүк Корея, Мокпо шаары

Бою: 176 сантиметр

Топто: ырчы, бийчи

Тартылган сериалы: «Кыялдагы баатыр»

«Кичинемде байкем экөөбүз отуруп алып чогуу пианино чертчүбүз. Ошондо эле башка кесипти ойлонбой, музыкант болом дечүмүн. Кыялым орундалды»,- деген Ёнжэ топто шайыр мүнөзү менен айырмаланат. Ошол эле учурда уйкучу, эрте туруудан кыйналарын айтат. Ыр жазгандан ырахат алат.

Аты-жөнү: КОНПИМУК БУВАКУЛЬ

Псевдоними: Бэм Бэм

Туулган жылы: 1997-жыл, 2-май

Туулган жери: Таиланд, Бангкок шаары

Бою: 176 сантиметр

Топто: рэпер, бийчи, саб-вокал

Тартылган сериалы: «Кыялдагы баатыр», «Жомоктогу киши өлтүргүч» тасмасы

2007-жылы Таиландда өткөн «Rain cover dance» бий сынагында 1-орунду алып, чыгармачылыкта алга умтулууну максат кылат. Кыялы ишке ашып, «JYP» компаниясына 2010-жылы стажёрлукка кабыл алынган. Эки агасы, карындашы да чыгармачыл адамдар, тагыраагы, үчөө тең Таиландда белгилүү бийчилер. Топтун ырчылары Бэм Бэмди моданын тилин билген, саркеч адам деп мүнөздөшөт. Чынында эле ал моделдик карьерада да суроо-талапка ээ. Баса, ал «BlackPink’теги» Лиса менен кичинесинен бери достук мамиледе.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан