ТҮШТҮК КОРЕЯНЫН ЭҢ КЫМБАТ АКТЁРУ КИМ СУ ХЁН

Ким Су Хён кайрадан экранда! 3 жыл карьерасынан тыныгуу алып, ал аралыкта аскер кызматын өтөп келүүгө жетишкен актёр учурда күйөрмандарын кубантып турган чагы. Күйөрмандары эле эмес, өзү да кубанып жатса керек. Анткени ал Түштүк Кореяда эң көп гонорар алган актёрлордун сап башынан орун алды. Ал мындай ийгиликке кантип жетти? Жоопту Ким Су Хёндун жашоосунан издеп көрдүк.

Аты-жөнү – Ким Су Хён

Туулган жери – Түштүк Корея, Нонсан шаары

Туулган жылы – 1988-жыл, 16-февраль

Бою – 180 сантиметр

Кесиби – Актёр, модель

Тартылган белгилүү сериалдары – «Бийик кыялдан», «Жылдыздан келген адам», «Айдын кучагындагы Күн», «Продюсерлер», «Жиндимин, бирок баары ойдогудай»

Тартылган тасмалары – «Уурулар», «Сырдуу миссия», «Чыныгылар» жана башка

ТҮНТ МҮНӨЗҮНӨН УЛАМ АКТЁРДУК КЕСИПТИ ТАНДАГАН

Учурда корей, кытай, япон кинематографиясында жогорку суроо-талапка ээ Ким Су Хён балалыгында түнт, интроверт бала болгонуна ишенесизби? Дал ушул мүнөзүнөн арылуу үчүн ал чыгармачылыкка кадам койгон. «Мени башка балдар менен аралашсын деген ой менен апам «актёрдук чеберчилик курсуна барасыңбы?» деп сунуштады. Биринчи жолу сахнага чыкканымда буттарым титирегени менен, залда отургандардын кол чапканын укканда бактылуу болдум. Анан ошол сезимди түбөлүк сактап калгым келди. Мектепти бүткөндөн кийин университеттен актёрдук билим алам дегенимде апам колдогон»,- дейт Су Хён.

Су Хёндун атасы 1980-жылдары популярдуу болгон «7 дельфин» рок-тобунун ырчысы Ким Чун Хун. Атасынын экинчи турмушунан төрөлгөн карындашы Ким Ю На дагы ырчылык кесипти тандаган.

АКЫРЫНДАН ЖЕТКЕН АТАКТУУЛУК

2007-жылы «Kimchi Cheese Smile» ситкомуна тартылуу менен актёрдук тушоосун кескен. Су Хён кийинки эле жылы мектеп окуучуларына тиешелүү маселелерди чагылдырган «Аквариумдагы балыктар» сериалына тартылып, ал тасма корей, кытай, япон кинематографиясында көптөгөн сыйлыктарга татыган.

Ал эми элге аны актёр катары тааныткан 2011-жылы чыккан «Бийик кыялдан» дорамасы болду. Бул сериалдан көпчүлүк Су Хёндун ырчылык талантын байкап, анын катышуусунда жазылган "Dreaming" жана "Dream High" саундтректерин угушту. Аталган дорама Кореяда жогорку рейтингди багынтып, жергиликтүү эле эмес, бир нече чет элдик сыйлыктарга да ээ болгон. Ырчынын ролун аткаруу үчүн Су Хён JYP агенттигинде 3 ай ыр, бийден сабак алган.

«ЭҢ МЫКТЫ АКТЁР»

Кыргыз көрөрмандары дагы анын «Бийик кыялдан» дорамасын көрүшсө керек. Бирок аны көптөгөн өлкөлөргө тааныткан «Айдын кучагындагы Күн» тарыхый сериалы болду. 2012-жылы жарык көргөн бул сериал азыркы убакка чейин жогорку рейтингдеги сериалдардын катарынан түшпөй келет. Албетте, мындай жогорку рейтингди багындырууга Ким Су Хёндун салымы чоң болчу. Анын да эмгеги бааланып, «Эң мыкты актёр» наамын жеңип алган. Мен-мен деген актёрлордун арасынан наамды утуп алган Су Хён: «Наамды алганыма кубанып да, уялып да турам. Бул наамга татыктуу экенимди дайыма далилдеп турушум керек»,- деп сахнадан ыраазычылыгын билдирген.

Популярдуулуктун артынан киного, ар кандай жарнамалык роликтерге сунуштар жамгырдай жааган. Ал бир учурда Кореядагы 17 брендге модель болуп, андан сырткары Кытайда «Coca-Cola», «Samsung Electronics» сындуу ири компаниялардын жүзү болгон. 2012-2013-жылдары Су Хёндун сүрөтү дээрлик бардык атактуу тамак-аш, косметика, техника компанияларынын продуктыларына чапталып калган. Ошол кездеги жарнамалык келишимдер үчүн алган гонорары 2 миллион долларга жетсе, сериалдагы ар бир серия үчүн 84 миң доллар акы алып турган.

АСКЕРДИК КЫЗМАТ...

Голливуддун «Оушендин он бир досу» тасмасынын корейче варианты тартылып, «Уурулар» аталган тасма Ким Су Хёндун толук метраждуу тасмадагы алгачкы дебюттук ролу.

Актёрдун карьерасындагы дагы бир ийгиликтүү жана кирешелүү ролу болуп 2013-жылы тартылган фантастика, романтика жанрындагы «Жылдыздан келген адам» дорамасы эсептелет. Дорамада анын өнөктөшү – Азия, Европага таанымал актриса Чон Жи Хён.

Су Хён 2017-жылы «Чыныгылар» («Настоящие») тасмасына тартылган. Бул тасмага актёр өз чөнтөгүнөн 7 миллион доллар каражат кошкону айтылат.

Бирок тасма тартуучу топ күткөн ийгиликке жетпей, коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган эмес. Ошол эле жылдын аягында аскердик кызмат өтөөгө кеткен Су Хёнду күткөндөр көп эле. Ал келди. Келгенде да экранга ийгиликтүү кайтты.

«ЖИНДИМИН, БИРОК БААРЫ ОЙДОГУДАЙ»

Сериал сүйүүчүлөрү учурда «Жиндимин, бирок баары ойдогудай» дорамасынын ар бир сериясын кууп көрүп жатышат. Андагы башкы каарман Мун Кан Тэнин ролунда биз сөз кылып жаткан актёр Ким Су Хён. «Мун Кан Тэ дайыма чарчап жүргөн, өзүнө убактысы жок, бирок күчтүү, камкор адамдын ролунда. Тасмада Мун Кан Тэ менен Го Мун Ён акырындап бири-биринин жан дүйнөсүн айыктыргандай сезилет. Экөөнүн кемчи

ликтерин, артыкчылыктарын карап отуруп ар бирибиз сабак алсак керек»,- дейт дорама тууралуу актёр.

«Жиндимин, бирок баары ойдогудай» сериалына тартылуу менен Ким Су Хён кайрадан эң кымбат актёр статусун жаңылады. Ал сериалдагы ар бир серия үчүн 168 миң доллардын тегерегиндеги гонорар алары айтылууда. Акыркы жылдардагы кымбат гонорарды Ли Бёң Хон 2018-жылы чыккан «Мистер Саншайн» дорамасында (ар бир серия үчүн 130 миң доллар) алганы белгилүү.

УБАКТЫСЫ АЗ, КЫЗЫККАНЫ КӨП

Жогоруда айткандай, каарманыбызда ырчылык да талант бар. 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиадада улуттук команданы колдоо максатында ыр жазып, ага клип да тарттырган. Адистер анда профессионал ырчы боло турган талант бар экенин айтышат. Ким Су Хёндун сериалдарга жазган бир нече саундтрегинен сырткары, музыкалык чарттарда ийгиликке жетишкен ырлары бар.

Спорт менен активдүү машыгат. Велосипед тээп сейилдегенди, кышкысын лыжа тепкенди жактырат. Футбол, бадминтон, боулинг ойногондордун катарында. Сууда сүзүүнү жактырат. Анан да фотоаппаратын көтөрүп алып кызыктуу кадрларды сүрөткө тарткандан ырахат аларын айтат.
 

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-07-28 18:43:40
Ушу "каристардан"эч кутулбадык!Кайнаса каныбыз түк кошулбайт
0
Damir94
2020-07-29 15:15:08
Ли Бëн Хондун батинкасына да татыбайт бул. Кантип андай гонорар алат?
-1
al-abu-kinesz
2020-07-30 05:51:24
Окуган деле жокмун. Бок сак менен Чон чон чычтын кантип таанышканы тууралуу маалыматты чыдамсыздык менен кутобуз
0
baisogur
2020-08-02 12:15:55
al-abu-kinesz,))))))(
0
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан