Концертке келиңиз
24-25-сентябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кыргыз элинин сыймыгы, КРнын Эмгек сиңирген артисти, обончу Бек Борбиевдин “Сагындым сени” деген аталыштагы концерти болот. Концерттин өзгөчөлүктөрү тууралуу Берадор мырза төмөндөгүлөргө токтолду.
– Бек байке, концертке кайсы ырчылар катышат жана мурунку концерттерден эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
– Концертке менин ырларымды аткарып жүргөн ырчылар катышат. Мисалы, Ибрагим Жунусов, Сыймык Бейшекеев, Чыңгыз Мырзаев, Алтынбек Алымов, Ильяз Абдыразаков, Мажит бар. Ошондой эле “Агама”, “Береке” бий топтору коштоп бийлешет.
Бир чети менин туулган күнүмө туш келгендиктен, бир чети ушул өнөрдү 20 жылдан ашык убакыттан бери аркалап жүргөндүктөн, элге концерт тартуулоону максат кылдым. Былтыр чыгармачылыгымдын 20 жылдыгына карата берген элем. Бул да ошондой деңгээлде өтөт деп ойлойм.
– Айрымдар үгүт максатында өтүп жатат деп ойлошу мүмкүн...
– Жок, жаңылышат. Концертке саясат аралашпай, саясаттан сырт өтөт. Бул концерт жаңы программа, жаңы ырлар, сатиралар менен коштолот. Сахнага да эч кандай партиянын жарнактары илинбейт.
– Репертуарыңызды жаңы ырлар менен толуктасаңыз керек...
– Ооба, жаңы ырлар бар. Аларды да ырдайм.
– Концертиңизди эмне үчүн “Сагындым сени” деп атадыңыз?
– “Сагындым сени” деген жаңы ыр чыгаргам. Ошол ырдын аталышынан улам “Сагындым сени” деп койдум.
– Ыр сүйүүчүлөр күткөн концертиңиз ийгиликтүү өтсүн.
Миржан Мамбетова