КАПУСТАДАГЫ КУРТТАН ХИМИЯСЫЗ АРЫЛУУ

Дымдаманын көркүн ачкан ак кочандуу капуста Кыргызстандын аймагында кеңири өстүрүлгөн түр болуп саналат. Дыйкандардын эмгегин жеген зыяндуу курт-кумурскалар бул капустага да кол салышат. Ак кочандуу капустанын эң негизги душманы – ак көпөлөктүн курту.

КУРТ ЭМНЕДЕН ТҮШӨТ?

Капустаны эң көп зыянга учураткан жашыл курттар – бул ак көпөлөктүн (белянка) жумурткасынан чыккан жандыктар. Канатында кара чекити бар бул ак көпөлөктөр жалбырагын жайып калган капусталардын үстүнөн жай мезгилинин башында уча баштайт. Аларды капустага жумуртка таштайт деп ойлобойсуң. Башында алар жалбырактардын алдына жумуртка ташташат. Бара-бара курттар жумуртканын ичинен жетилип сыртка чыгат дагы, айланасын жеп баштайт. Ошентип көпөлөк болуп учуп кеткенге чейин алар капустанын ичине чейин тешип кирип, жалбырактарын калбыр кылып жеп салышат.

Мындан тышкары боз түстөгү курттар да капустанын душманы. Аларды да көпөлөктүн башка түркүмү (совка) таштайт.

КАНТИП КҮРӨШӨБҮЗ?

Колдон келишинче курттар жумуртка кезинде жок кылынганы оң. Ал үчүн капустанын жалбырактарынын арткы бетин текшерип карап көрүңүз.

1. Ачуу калемпир же горчица жумурткаларды жок кылат. Дүкөндөн кадимки кызыл калемпирди же горчицаны (майдаланган) алып, 50 граммын 1 литр кайнак сууга саласыз. Тундурма 1 сутка турушу керек. Эртеси тундурманы 5 литр сууга аралаштырып, чачыраткычы бар бөтөлкөгө куюп жалбырактардын артына чачып чыгабыз. Жетиле элек жумурткалар ачуудан улам күйүп калышат.

2. Бир чака кайнак сууга жарым килограммдай күлдү (күйгөн оттун калдыгы) аралаштырабыз. Аны 1 суткага тыныктырып коёбуз. Кийинки күнү кир жуучу самындын алкындыларын майдалап туурап үстүнө салып аралаштырабыз да, дагы 1 суткага тундуруп коёбуз. Эртеси тундурманы жакшылап аралаштырган соң мөмө түйүп келе жаткан капустанын так ортосуна чөмүч менен жылжытып куябыз. Жыйынтыгы 1-2 күндүн ичинде эле билинет. Бул ыкманы 1 сезондо 3-4 жолу же курт жок болгонго чейин колдонобуз.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nursul
2020-07-28 08:58:42
А түбүнөн жеген куртка кандай ыкмаларды колдонсо болот экен
0
Baatirbek81
2020-07-31 11:07:06
Nursul,түбүнө чөптүн ачытмасын куйсаң жок болот
0
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан