АПАЛАР ЭМДӨӨ ҮЧҮН!

Жарандар күн сайын коронавирус инфекциясы жөнүндө абдан көп маалыматтарды алып жатышат, анткени бүгүн дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргыз Республикасы Сovid-19 пандемиясы менен күрөшүүдө. Адамзатка кыйын күндөрдө Кыргызстандын Кызыл ай коомунун ыктыярчылары ар дайым жардамга келишет. Ыктыярчылар маалыматтык иштерди жүргүзүшөт: бул саламаттыкты сактоо маселеси боюнча так маалыматтарды берүү, калк өзүн кантип коргоп жана дени сак калууну билиши үчүн Сovid-19 илдетинин тобокелчиликтерин азайтуу жана жайылышынын алдын алуу иштери. Бүгүн биз окурманга балдардын ден соолугу, тагыраагы, калкты иммундаштыруу, анын мааниси жана зарылдыгы, эмдөөнүн календары жана вакцинацияга байланыштуу башка маселелер тууралуу айтып бергибиз келет. Азыр адамдар вакциналар тууралуу досторунан, туугандарынан, социалдык түйүндөрдөн жана башка булактардан көптөгөн ар түрдүү маалыматтарды алышат. Тилекке каршы, ал маалыматтар дайыма эле туура боло бербейт, кээде тескерисинче да болуп калат. Ошондуктан эмдөөгө байланыштуу көптөгөн ушактар жана мифтер жаралат. Пандемияга карабай күн сайын ымыркайлар төрөлүүдө, аларды кургак учук, гепатит В, кызамык өңдүү коркунучтуу инфекциялык оорулардан коргоо зарыл. Мындай ооруларга эбактан бери вакцина бар, балдар аларды Кыргыз Республикасында профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына ылайык алышат. Бул эмдөөнүн календары вакцинанын коопсуздугу жана эффективдүүлүгүнө карата жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн алынган көп жылдык тажрыйбага негизделген. Бүгүн окурмандарды Кыргызстандагы Кызыл ай коомунун активдүү ыктыярчысы, 3 ажайып баланын апасы, эмдөөнү жана калк арасында вакцинациялоону жайылтууну жактаган Алтынай Абдраимова менен тааныштыргыбыз келет. Ал көп убакыттан бери Орусияда эмгек миграциясында жүргөн. Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Алтынай жумушун убактылуу токтотуп, үйүнө кайтып келген. Толук жана так маалыматтын жоктугунан көптөгөн ата-энелер кээде өздөрүнүн жана жакындарынын өмүрүн чоң тобокелчиликтерге түртүшөт. Алтынайда да ушундай болгон, анын балдары төрөлгөндөн кийин эмдөө алышкан эмес.

– Алтынай, айтсаңыз, эмне себептен сиздин балдарыңыз эмдөө албай калышты?

– Ооба, балдарым төрөлгөндөн тарта эмделген жок. Кайсы бир маалда дарыгерден “эмдетпей койсоңуз болот” дегенди угуп калгам, бул сөз мээме сиңип калыптыр. Андан кийин интернеттен негативдүү комментарийлерди окудум. Үйдө бул маселени талкуулап, “макул” дегендер да, каршы чыккандар да болду. Бул маселени тереңирээк иликтеп көрүүгө аракет кылдым. Бирок мени баарынан мүмкүн болуучу тескери жыйынтыктар коркутту, анткени вакцинация тууралуу ар кандай мифтерди угуп жүргөм. Мени эмдөөдөн кийинки реакция, мисалы, кызаруу, ийне сайылган жердин шишип кетиши, дене таптын көтөрүлүшү тынчсыздантты. Чечүүчү учур менин сиңдимдин ымыркайынын көк жөтөл менен ооруп калганы болду. Бул адамды абдан катуу кыйнаган коркунучтуу оору, ымыркай менин көз алдымда жөтөлдөн кыйналып жатты. Эгер өз убагында эмдөө алганда, бул кыйноолордун баары болбойт эле. Көп өтпөй Кыргызстандын Кызыл ай коомунун ыктыярчысы менен таанышып калдым. Эмдөө жөнүндө сүйлөшүп калганыбызда ал мыйзамга ылайык вакцинациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөрүн, эмдөө алуу керекпи же жокпу ар бир ата-эне өзү тандашы керектигин түшүндүрдү. Сүйлөшүү учурунда балдарымды эмдетпегеним үчүн мага басым болбогону жакты. "Сен кандай энесиң? Эмне, балдарыңа жакшылык каалабайсыңбы?" деген өңдүү сөздөрдү укккан жокмун. Биз телефон чалышып, баарлашуубузду улантып жаттык.

– Кыргызстандын Кызыл ай коомунун ыктыярчысына жолугуп, баарлашкандан кийин кандай жыйынтыкка келдиңиз?

– Биринчиден, таанышканыма абдан кубанычтамын. Жыйынтык катары – биз календарга ылайык эмдөө ала баштадык жана өзүбүздү сонун сезип жатабыз. Ыктыярчыга жолукканга чейин балдарды эмдетпей коюунун тобокелчиликтери тууралуу ойлончу эмесмин. Мисалы, мен бүгүн полиомиелит, кызамык, кызылча өтүшүп кетсе майыптыкка, атүгүл өлүмгө жеткирген пневмония, энцефалит, сокурлук, шал сыяктуу эле коркунучтуу экенин билем. Мен гигиена жана санитардык нормаларды сактоо, туура тамактануу жана таза сууну колдонуу менен көптөгөн оорулардын алдын алса болот деп ойлочумун. Бирок инфекциялык оорулар аба аркылуу тарайт экен. Коомдук унааларда, балдар аянтчасында, соода түйүндөрүндө балдар оору жуктуруп алуу тобокелчилигине туш болушат. Ыктыярчы эмдөө календары тууралуу абдан кызыктуу айтып берди, мен, мисалы, чоңдор да дифтерия жана тарамыш тартышып калган ооруга каршы ар бир 10 жылда, башкача айтканда, 16, 26, 36, 46 жана 56 жашта эмдөө аларын билген эмесмин. Менде вакцинанын курамы, аталышы, эмдөө эмне үчүн жана качан жүргүзүлөрү тууралуу көп суроолор болду. Менде вакцинанын аталышы кантип чечмеленери жөнүндө түшүнүк жок болчу. Бир нече жолугушуунун арасында ыктыярчы Кыргызстанда колдонулган бардык вакциналар Европада колдонулган вакциналардай эле сапатка ээ экенин кеңири түшүндүрүп берди. Вакциналардын компоненттери коопсуз жана эч кандай уулуу же тыюу салынган заттарды камтыбай турганын айтты. Ыктыярчы вакцинаны бир убакта киргизүү поликлиникага келүүлөрдүн санын кыскарта турганын айтты, бул дагы апалар үчүн маанилүү. Айкалыштырылган вакцина эмдөөнү аз алууга, баладагы стрессти төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы, ОПВ вакцина – бул укол деле эмес, баланын оозуна 2 тамчы вакцинаны тамчылатат. Башкача айтканда, эмдөөдөн кийинки реакциядан коркпоо керектигин, бул организмдин индивидуалдык реакциясы экенин, албетте, бала тынчсызданып, табити бузуларын, бирок бул убактылуу экенин, 2-3 күндө баары өтүп кетерин мага жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берди. Экинчиден, мен да Кызыл айдын ыктыярчысы болдум, вакцинация тууралуу өзүмдүн тажрыйбам жана билимимди башка ата-энелер менен бөлүшкүм, аларга көп маалымат жеткирип, жардамдашкым келет.

– Окурмандарга эмне каалайсыз?

– Урматтуу окурмандар, баарыңыздарга ден соолук, балдарга бекем иммунитет, ал эми ата-энелерге бакыт, позитив жана эң жакшы маанай каалайм.

Эгер иммунизациялоо жөнүндө кененирээк маалымат алууну кааласаңыз, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Иммундук профилактика боюнча республикалык борборунун
(www.privivka.kg), ЮНИСЕФ, ГАВИнин сайтына кирсеңиз болот. Бул сизге вакцинация тууралуу окууга, ойлонууга жана туура чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Калкты иммунизациялоо бирден-бир ийгиликтүү жана эффективдүү медициналык-санитардык иш-чара. Ар бир ымыркай өмүрлөрдү коргогон вакцинадан пайдаланууга укуктуу.

*Маалымат “Өмүрдү коргогон вакциналар” китебинен алынды. Автор-түзүүчүлөр: Айтмурзаев Г.Т., Жумагулов Г.Ж.,
Шералиев А.К.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан