Жоопкерчилик... Аялыңдын алдында, күйөөңдүн алдында, балаңдын, ата-энеңдин алдында, жадакалса колдонгон буюмуңдун, өзүңдүн алдыңда да жоопкерчилик болушу керек. Бирок муну эч кимибиз эске алып да койбойбуз. Балким, ушул нерсени биринчи орунга койгондо таарынуу, жүрөк оорутуу деген нерселер болмок эместир.
Жолдошум экөөбүздүн беш, багып, өз балабыз кылып алган бала менен 6 балабыз бар. Ортобузда чоң сый, урмат бар эле. Мен ошентип ойлочумун. Кадыр-барктуу жердин кызы элем, турмушка чыкканда да кадырымды жоготподум, мунусу үчүн күйөөмө, кайын журтума ыраазымын. Жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы мамиле айылдын көбүн суктандырчу. Мен аны ушул үйдүн босогосун аттаган күндөн тартып сүйдүм. Сүйүүмө, ишенимиме кыянаттык кылат деп мына, кечээ жакынкы күнгө чейин ойлогон эмес экенмин. Бирок...
Аралыгы 2 жаш, 3 жаш болуп отуруп катары менен төрөдүм. Жай турмуш, айылдагы түйшүгү түгөнбөгөн тиричилик, чиедей этектеген балдарым. Уулум 1ге чыгып, дагы эле эмчек эмизип жүргөн учурум. Бир күнү түндөсү эшиктен ыңаалаган үн чыгат. Чуркап чыксак, эшиктин алдында оролуу бала жатат.
– Апе-ей! Бала го!- дедим чочуп.
– Ким таштады экен? Тиякты карачы, бол! Балким, алыс узай электир.
Күйөөм чуркап кеткенде баланы колума алдым. Ыйлап жатып тамагы бүтө түшүптүр, үшүп да калыптыр. Жаңы эле төрөлгөн бала экен. Бир бүктөм кагазга “аты Белек” деп жазып коюптур. Алып боорума кыстым. Ооба, чоочун балага дароо эле боор бердим, мээрим төктүм, анткени мен энемин. Ошентип эртеси ар кимден сураштырып, бирок баланын төрөгөн энесинин изин таппадык. Бат эле бул кабар аркы өйүз, берки өйүзгө тарап, биз дагы бир балалуу болуп калдык. Багып алдык. Өгөй экенин билбей өссүн деп балага өзгөчө кам көрдүм, андан кийин да бир кыздуу болгом. Бирок өз балдарымдан да Белекке көп көңүл бөлүп, бардык жагы толук болсун деп өстүрдүм. Жылдар шуулдап өтүп кетти. Белегим зээндүү, акыл-эстүү болуп чоңойду. Жогорку окуу жайга өз күчү менен өттү. Белектин бакма бала экенин билбегендер “атасына куюп койгондой окшош экен” деп айтып калышчу. Башка балдарым менен чогуу чоңойсо окшошуп калат тура деп койчумун оюмда.
Белек өзү ташталган бала экенин биринчи билген күн. Анда 3-класста окуп калган эле. Кошунанын балдары менен уруша кетсе айтып коюшуптур.
– Апа, мени таштап кетишкенби? Мен ташталган баламынбы?- деп чуркап келди эшиктен. Эмне деп жооп айтарымды билбей, томсоруп туруп калдым. Кебетемди көрүп түшүндү окшойт, ыза болуп ыйлап жатты.
– Мен ташталган баламын. Мени ким төрөгөн? Атам кайда?
Анын абалын көрүп жанына чыдап отура албайсың. Жолдошум да сооротпостон томсоруп туруп берди. Бир сөз айтпады. Жүрөгү кантип чыдады экен?.. Же эркектердин кайраты ушундай болобу?
Аны жакшы көрөрүбүздү, багып алган болсок да өз балдарыбыздан артык көрөрүбүздү айтып, эптеп соороттум. Акырындык менен ал жарааты да унутулгандай болду.
Азыр Белек 2-курста окуйт. Жакында ал автокырсыкка учурап, аман калды. Мына ушул окуяда бир чындыктын капкагы ачылып кетти. Кантип ачылып кеткенин өзүм деле байкабай калдым. Канча жылдан бери өзүнүн ата-энеси ким болду экен деп тымызын аларды коркуу менен күтүп, кайсы күнү келип ушунча мээрим төгүп чоңойткон баламды талашат деп тымызын кабатырланып жашап келген баламдын атасы өзүмдүн күйөөм болуп чыкты. Жашоо астын-үстүн боло түштү. Балада эмне күнөө? Жашоо кызык экен... Өзүмдү араң кармадым. Төрөгөн энеси ким, кайда экенин, эмне болгонун сураган да жокмун. Бирок мен жан дилим менен ишенген күйөөм деле периште эмес болуп чыкты. Ага болгон ишенимим талкаланды, быркырап чачылды...