Гепатит С дартынан айыккан айым: “БООРДУН ЦИРРОЗУ КОРКУНУЧУНАН АМАН КАЛДЫМ”

“Сибирь саламаты” компаниясынын продукциялары жөнүндө ар бир экинчи кыргызстандык укса керек? 24 жылдан бери рынокто өз кадыр-баркын, сапатын жоготпой келе жаткан бул компаниянын биоактивдүү кошулмалары, дарылары азыркы пандемияга байланыштуу абдан актуалдуу болуп турган чагы. “Сибирь саламаты” компаниясынын лидери Чынара Жетешикова бул боюнча бизге кенен түшүндүрүп, башынан өткөн окуясын айтып берди.

– Компаниянын продукцияларына эмнеден улам муктаждык жаралып калды?

– Жолдошум экөөбүз 4-перзентибизди күтүп жатканда гепатит С дартына кабылып калганымды билдим. Мен бул нерсени абдан оор кабыл алдым. Катуу стресске кабылып, жумушка отуруп алып 2-3 сааттап ыйлаган күндөрүм болгон. 3 кызымды ойлогондо жүрөгүм ооруп, жолдошума кыздарды тапшырып, керээзимди айтып баштагам. Өзүм кош бойлуумун, дарыгерлер болсо “бул абалың менен ичиңдеги балаңды дагы жарыкка алып келе албайсың” дешти. Бирок мен буга макул болгон жокмун. Өзүмдү курмандыкка чалсам да баланы сактап калам деп чечтим.

– Наристеңизди төрөдүңүзбү?

– Наристем төрөлгөнгө чейин эч кандай дары-дармек кабыл алган жокмун. Гепатит өзүңүздөр билгендей кан аркылуу жугат эмеспи. Мен балага дагы оору жугуп калышынан кооптонуп, ай-күнүмө жеткенде операция жолу менен көз жардым. Ошентип 4-кызыбызды жарык дүйнөгө алып келдим.

– Төрөттөн кийин дарыланууга мүмкүн болдубу?

– Төрөттөн кийин абалым ого бетер начарлап, тамчылатма дары алмайынча жүрө албай калгам. Врачтар төрөттөн кийин дарылануу курстарын сунушташты. Мисалы, мага сунуштаган дары Гепатит С дартына даба болгону менен, башка органдарга терс таасирин тийгизет экен. Ал дарынын бир ампуласы эле ошол убакта (2012-жылы) 300 доллар турчу. Айына 4 жолу сайдырыш керек. Ошондо жалпысынан 6 айлык курсту жазышты. Дарыгерлердин сунушунан баш тартып, аны сайдырбай койдум.

– Анан кантип дарыландыңыз?

– Ошол убакта экологиялык таза продукцияларды караштырып жүргөм. Мени менен чогуу иштеген бала “Сибирь саламатынын” продукцияларын сунуштап, компанияга чакырды. Анын сунушуна макул болуп, компанияга барып консультанттары менен жолугуштум. Алар менин дартым тууралуу маалымат алгандан кийин 4 айлык курс жазып беришти. Дарынын баалары да мени аябай таң калтырды. 1 айлык курсу 1500 сомдон 4000 сомго чейин экен. Ошондо салыштырып көрүңүз, 1 ампуласы 300 доллар турган химиялык дары менен 6 ай дарыланып, ага кошумча башка органдарды зыянга учураткан жакшыбы же 4000 сомго табигый таза дары алып, 4 айдын ичинде айыгып кеткен жакшыбы? Дарылануу курсун баштаганга чейин боордун фиброзунун деңгээли 3кө жетип калган. Дарылануудан кийин фиброз 0-1ге түштү. Ошол күндөн ушул күнгө чейин аталган компаниянын жардамы менен ден соолугум чың. “Эбепке себеп” демекчи, гепатит оорусунун арты менен бүгүнкү күндө компаниянын Кыргызстандагы ТОП-лидерлеринин биримин. Ал эми оорудан айыккандан кийин тилегибиз орундалып, дагы балалуу болдук. 5-перзентибиз уул.

– Компаниядагы ийгиликке кантип жетиштиңиз?

– Башында компаниянын продукцияларына кызыгуу ден соолуктан, үй-бүлөбүздүн саламаттыгынан улам пайда болгон. 4 айлык курстан кийин мен үчүн өмүрүмдөгү эң коркунучтуу оорудан айыгып, компаниянын мүмкүнчүлүктөрүнө ишеним өстү. Консультанттар берген кеңеш менен дарыланууну улантып, 11 ай биоактивдүү кошулмаларын ичтим. Жакшы жыйынтык алгандан кийин ата-эне, бир туугандардын ден соолугу тууралуу да ойлоно баштайсың. Кыскасы, алардын ден соолугунда дагы жакшы жакка өзгөрүү байкалгандан кийин бул пайданы элге да айта баштадык. Компанияда бизнес менен алектенүү чечимин кабыл алгандан кийин 4 айдын ичинде эле 70 миң сомдук айлыкка жеттик. Мындан тышкары ар кандай саякаттарга бардык, автодолбоорго катыштык. Натыйжада 1 жылдан кийин жапжаңы унаага ээ болдук. Алган продукциясынан жакшы жыйынтык алган эл ыраазычылык билдирип командабызга кошулушуп, товар жүгүртүүнүн көлөмү көбөйдү. Тынбаган эмгектин арты менен компаниянын ТОП-лидери болууга жетиштик.

– Компаниянын продукцияларынын өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетсеңиз?

– Кыргызстанда тармактык компаниялар аябай көп экенин билесиздер. Мен алардын продукциясынын жакшы-жаманын айтпайм, бирок биздин компаниянын өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетейин. Компаниянын өзүнүн инновациялык борбору, 3 заводу бар. Компания Россияда негизделген жана дүйнөнүн 65 өлкөсүндө, 3 контингентинде интернет аркылуу продукцияларды ала алышат, ал эми 28 өлкөдө Кыргызстандагыдай расмий түрдө ачылган. Продукциясы Сибирде өскөн дары чөптөрдөн, алардын тамырларынан жасалганы, курамында эч кандай химиялык кошулмалар жок экени жакты. Ошондой эле дарыларынын баалары биздин элдин чөнтөгүнө туура келет.

– Учурдагы пандемия кырдаалы элди коркунучка кептеп турган чагы. Адистер элге “иммунитетти чыңдагыла” деген кеңештерин берүүдө. Компаниянын бул багытта кандай продукциялары бар?

– Коронавирус инфекциясынан айыгуу үчүн ар ким ар кандай ыкманы колдонууда. Ооба, адистер оору менен күрөшүү үчүн элге иммунитетти күчтөгүлө деп жатышат. Ал эми биздин компанияда иммунитетти бекемдөө үчүн атайын продукциялары бар. Мунун баары өзүмдүн организмимде сыналгандыктан, элге да коркпой сунуштай алам. Элибиздин ден соолугу дайым сак болсун. Ушул кырдаалды аман-эсен жеңип, ооругандар толук сакайып кетишсин деп тилейм.

Эгер кызыккандар болсо, кеңеш берүүгө дайым даярмын.
Жетешикова Чынара Султановна 0706 11 27 27; 0770 11 27 27; 0551 12 18 81.
Инстаграм: leader_chynara

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
guli-1980
2020-07-27 10:28:46
Ошондо бул рекламабы?
+2
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан