КОРОНАВИРУС ИНФЕКЦИЯСЫН ХИЖАМА МЕНЕН ДАРЫЛОО ТУУРАБЫ?

Коомчулукта "коронавирусту хижама (денеден кан алдыруу) менен айыктырууга болот" деген маалымат талаш жаратып турган маал. Хижаманын таасирине ишенгендер, ишенбей, бул процедура өмүргө коркунуч жаратат дегендер да бар. Заманбап медицина, элдик дарылоо ыкмасы менен алектенген адистер бул боюнча кандай пикирде? Талаш жараткан суроого жооптор макалада.

“ООРУНУ ХИЖАМА ЭМЕС, АДАМДЫН ИММУНИТЕТИ ЖЕҢЕТ”

Шербет Жусупова, Онкология жана гематология улуттук борборунун врач гематологу, медицина илимдеринин кандидаты:

– Учурда хижама жасап айыктырам деген жарнамалар көп. Элди алдап акча тапкысы келгендер коронавирус инфекциясынын жайылышы, медициналык ыкмалардын, персоналдардын жетишсиздиги, элдин дүрбөлөңгө түшүшү, кырдаалдын курчушунан пайдаланып калууну көздөшүүдө. Чынында инфекция жукса өнөкөт оорусу барлар оор көтөрүүдө. Ал эми элдин 80 пайызынын табигый иммунитети коронавируска туруштук берүүдө. Дүйнөлүк илим таасирдүү дарылоо жолдорун издеп, вакцина даярдап чыгаруунун үстүнөн иштеп жатат.

Хижама жасоочулар элдин иммунитети коронавируска каршы туруштук бере аларын билип туруп ушул ыкманы сунушташууда. Анткени алар кан алымыш болуп коёт да, "мына биз айыктырдык" деп төш кагып, акча тапкылары келишүүдө. Чынында адамдар хижамадан эмес, организминдеги иммунитетинин күчү менен айыгарын билип коюшса. “Хижаманы мынча ирет жасаткандан бери жакшымын” дегендерге ошол аралыкта, мисалы, 7-8 күндө организм өзүн коргоп, айыктырып жатканын айткым келет. Хижама жасоочулар болгону териге жаракат келтирүү менен жалган дарылык-процедуралык таасир көрсөтүп коюшат. Хижама жасаткан адам канынын канча бир өлчөмүн жоготуу менен зыян табышат. Кан алдыруу менен организмдеги табигый процесстер бузулат. Мен андай "дарыгерлерге" барбоого, ар кимдин сөзүнө, жарнамаларына ишенбөөгө, өзүңүзгө зыян келтирбөөгө чакырам.

“ХИЖАМА КАНДЫ СУЮЛТУП, КАН АЙЛАНУУ СИСТЕМИН ЖАКШЫРТАТ”

Шайлообек Үркүнбаев, фармацевтика илиминин кандидаты, “СеннаМед” клиникасынын негиздөөчүсү:

– Бүгүнкү күнү коронавирус илдети элдин үшүн алып, дүрбөлөңгө салууда. Каза болгондордун саны күн санап өсүп жатканынын себеби – бул илдетти дарылаганга медициналык тажрыйба жок жана өкмөт бул кырдаалга жетиштүү даярданган эмес. Тажрыйбанын жок экенине далил – Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо протоколун 3 жолу өзгөрттү. Коронавируста кан жакшы айланбай, коюуланып кетет. Ошол себептен медицинада антикоагулянттар колдонулуп жатат. Ал эми хижама канды суюлтуп, кан айлануу системин жакшыртат, иммунитетти көтөрөт. Хижаманы тескери таасир бербейт деп айта алам. Болгону медициналык стандартка жооп берүүчү шартта, тажрыйбалуу, сертификаты бар адистерге жасатуу керек.

Хижаманы 3 учурда жасатууга болбойт: пневмония өөрчүп турган убакта, дене тап көтөрүлүп турган кезде, канды суюлтуучу дары каражаттарын (гепарин, клексан, фленокс ж.б.) колдонгондо. Башка учурда хижама жасатууга уруксат.

Биздин клиникада коронавирус аныкталган бейтаптарга хижама жасалбайт. Негизинен хижама көп ооруга шыпаа. Бирок кант диабети, гемофилия (кандын уюшунун бузулушу) менен ооругандарга, анемиянын оор учурунда, оор тромбоздо жана өнөкөт оорулар кармап турган убакта болбойт.

Хижама – кичи операция. Андыктан хижама жасаган адам ишине кылдат болуусу шарт. Кан аркылуу ВИЧ, гепатит жана башка жугуштуу оорулар жугары маалым. Ошол себептен адистин медициналык китепчесин талап кылууга ар бир адам укуктуу.

Врачтардын арасында хижама тууралуу эки ача пикир бар. Алар өздөрү да хижама жасаган учурлар көп. “Хижама пайдасыз” дегендердин сөзү негизсиз жана далилсиз. Менин чоң далилим – бул пайгамбарыбыздан келген сүннөт. Кимде-ким буга каршы чыкса, ал Куранга каршы чыккан болот. Керек болсо спортчулар дагы хижаманы байма-бай жасатып турушат. Мисалы, Олимпиада чемпиону Майкл Фелпс, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов, бокс боюнча Дүйнө чемпиону Андрей Курнявка жана башка атактуу спортчулар хижаманы пайдаланышат. Бул ыкмада теринин алдынан гана (капиллярдык кан тамырдан) туруп калган кандар алынат. Канча кан кемисе, анын ордуна ошончо плазма заматта толот. Ал эми лейкоцит, эритроцит, тромбоцит сөөк чучуктун иштеши менен кан 3 күндүн ичинде толукталат. Бейтаптарга ошол үч күндө оор жумуш кылуудан, үшүп калуудан сактанууга, туура тамактанууга кеңеш айтабыз.

“КОРОНАВИРУСТУН ДАРЫСЫ ТАБЫЛА ЭЛЕК. ДАРЫГЕРДИ ГАНА УГУУ КЕРЕК”

Замир Ракиев, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары:

– Адегенде мен хижама тууралуу түшүнүк берейин. Ар бир доордо оору түрлөрү болот жана анын дабасы табылат.

Хижама – бул Мухаммед пайгамбарыбыздын дарылануу жаатындагы көрсөткөн жолу. Пайгамбарыбызга бейтаптар келгенде "хижама жасаткыла" деген. Хижама – кан алуу деген түшүнүк. Денедеги жаман канды алдырса, аны менен кошо кандагы башка жаман нерселер да чыгат делет.

Исламда кан алдырууга уруксат. Ашыкча канды алдырууга боло тургандыгына расмий медицинада жол берилет. Хижаманы дин илими менен кошо медицина илимин да окуп, билгендерге гана жасатуу оң. Диний жана медициналык билими барлар оору түрлөрү, адам анатомиясы жана башкалар тууралуу билет. Ал эми бирөөдөн үйрөнүп алып, санитардык талапка жооп бербеген бөлмөдө отуруп алып хижама жасап жаткандардан жаа бою качыңыздар. Андай адамдарга кан алдырам деп кан аркылуу гепатит, ВИЧ сыяктуу ооруларды жугузуп алуу коркунучу чоң.

Эми коронавируста хижаманы колдонууга болобу деген суроого келсек. Азыр Жер шарында, анын ичинде өлкөбүздө коронавирус пандемиясы жүрүп, эл дүрбөлөңгө түшкөн учур. Коронавирустан айыктырууга ар түрдүү дарылар колдонулууда. Аны айыктырууга өзүнүн дарысы да, вакцинасы да табыла элек. Мындай кезде адам өзүм билемдик кылып же бирөөнүн айтканы боюнча дарыланып, өз өмүрүн тобокелдикке салбашы керек. Көптөгөн адамдардын өмүрүн алып жаткан бул ооруда врачтар менен кеңешип, алардын айтканын кылуу зарыл. Эгер врач хижама жасатууга уруксат берсе гана жасатуу туура деп эсептейм.

“МЫНДАЙ ООР ДАРТТЫ ХИЖАМА АЙЫКТЫРАТ ДЕГЕН БОЛБОГОН СӨЗ”

Мукаш Бейшембаев, Онкология жана гематология улуттук борборунун торакалдык бөлүмүнүн жетекчиси:

– Коронавируста өпкөнүн кан тамырлары менен альвеолдорунун (аба алмаштыруучу баштыкчалар) ортосундагы жука катмар шишип кеткенде альвеолдордо кычкылтек менен көмүр кычкыл газынын алмашышы бузулат. Коронавирус кандагы кызыл кан денечелеринин (эритроцит) ичине кирип, көбөйөт. Ушундан улам эритроциттер өлө баштайт. Гемоглобин да бузулуп, гем жана сидериндер болуп экиге бөлүнүп калат. Аталган өзгөрүүлөр капиллярларда кандын уюп, тромбоз болушуна алып келет. Мындайда капиллярдык кан тамырларда кан жүгүрбөй калат.

Айтылгандардын баары биригип келип, организмде кычкылтек жетишсиздигин жаратат. Органдардын, мисалы, жүрөк, мээ, бөйрөк, боор жана башкалардын иштөөсү бузулат. Вирус бөлүп чыгарган уулар бүт организмди уулантат. Рентгенге тартканда өпкөнүн тромб (эритроциттердин калдыктары пайда кылган) көбөйүп кеткен бөлүгү пневмония болуп табылат. Хижама мына ушундай өнүгө турган ооруну айыктырат деген болбогон сөз. Оорунун белгилери билинер замат врачка көрүнүп, дарылануу менен гана ооруну өтүштүрбөй токтотуп калууга болот.

“КАНДЫ КААЛАГАН МЕЗГИЛДЕ ЭЛЕ АЛА БЕРБЕШ КЕРЕК”

Дүйшөн Чомо уулу, табып:

– Канды кайсы мезгил болсо деле ала бербейт. Анын атайын мезгили бар. Жазында алма гүлдөп, топурак жерден ылдый 15 сантиметрге чейин жылыгандан тартып бир топ убакытка дейре, анан кышкы чилде түшүп, тоң жерден ылдый 15 сантиметрге жеткен кезден бир топ убакытка чейин алынат. Башка учурларда кан алса адам оорукчан болуп калат. Анын оорусу эч качан айыкпайт, өнөкөт болуп жүрө берет.

Белде, муундарда, териде бузук кан болсо, кан басым жогору болсо гана кан алууга болот. Негизи канды кыл тамырчылардан алдырса жакшы. Ал адамдын тамырын кармап, кайсы мүчөсүндө бузук кан бар экенин билип, ошол жерден гана кан алынат. Канчалык кан алган сайын адамдын иммунитети төмөндөйт. Кан алуу жолу менен жүрөктүн кан тамырындагы уюган канды (тромб) чыгарып салуу, пневмонияда кычкылтектин жетишсиздигин камсыз кылуу мүмкүн эмес.

Мен 30 жылдан бери кан алуу менен иштеген табып катары айтарым, коронавирустан кан алуу менен дарыланып айыгууга мүмкүн эмес. Врачтардын кеңеши жана көрсөтмөсү менен дарыланыңыздар. Коронавирус чегилип кан алынган тиликтер аркылуу кирип, канга өтпөйт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан