ДҮЙНӨ ЭЛЕКТРОНДУК ВАЛЮТАГА ӨТӨБҮ?

Ушул жылы дүйнө жүзүндө алгачкы жолу мамлекеттик электрондук валюта чыгат. “Бул акчаларды биринчилерден болуп колдонуу үчүн бир нече мамлекет ат салышууда” деген Марк Цукерберг баары үчүн бир цифралык валюта чыгарууну кыялданат. Бирок анын бул долбоору көптөгөн мамлекеттерден келген даттанууларга байланыштуу токтоп турат. Ал эми Кытайдын Борбордук банкы юандын электрондук версиясын чыгарууга даяр турат. Бул жараянды ишке ашырууга дүйнө жүзүнө жайылып жаткан коронавирус илдети тоскоолдук кылууда.

Ушул аптада Швециянын Борбордук банкы улуттук электрондук валютага тестирлөө жүргүзүп жатканын белгиледи. Кайсы бир мезгилде бул өлкө банкноттук кагаздарды чыгарууда биринчи болгон, эми электрондук акчалардын биринчи колдонуучулары болууну каалап жатышат.

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан