Жан сакчылардын колунан каза болгон ИНДИРА ГАНДИ

Ааламды башкарган айымдар

Аял – улуу жана күчтүү. Улуулугу – эне болгонунда, күчтүүлүгү – жашоодогу бардык кыйынчылыкты солк этпей жеңе билгенинде. Аялдар керек кезде эркек көтөрө алгыс жүктү көтөрүп, эл тагдырын да чече алышат. Тарыхта калган жол башчы айымдардын ичинен Индира Гандинин өмүр жолуна токтолууну туура көрдүк.

Индира Ганди – Индиянын экс-премьер-министри
Туулган жылы – 1917-жыл, 19-ноябрь
Өлкөнү башкарган жылдары – 1966-1977-жылдар, 1980-1984-жылдар
Күйөөсү – Фероз Ганди
Уулдары – Раджив, Санджай Гандилер

1984-жыл, 31-октябрь. Премьер-министр Индира Ганди бул күнгө өзгөчө даярданды. Анткени эшик толо журналисттер, кезектеги жыйын күтүп турган. Алтын түстүү сарисин кийип күзгүнүн маңдайына келген Индира өзүнө көңүл коё карап турду. Мындан бир нече жыл мурун куурчак кармап турган кичине кыз азыркы айымга таптакыр окшош эмес эле. Балалыгы күзгүнүн алдында калкып тургандай көз алдына тартылды...

ЭСКЕРҮҮ
Индира Ганди Индиянын биринчи премьер-министри Жавахарлал Нерунун жалгыз кызы болгон. Алардын үй-бүлөсү Индиядагы жогорку каста болгон брахмандарга кирчү. Атасы Индия элинин эркиндиги үчүн күрөшүп, элинин арасында Махатма Гандинин ишин улантуучу катары таанылган. Кичинесинен акылы зирек, сезимтал жан атасынын жашоосу кандай экенин түшүнчү. Анын катчысы, кеңешчиси, сырдашы да эле.
Атасы Жавахарлал Неру каза болгондон кийин Индира анын ишин улантууну туура көрдү. Бул кадамдан аны эч ким артка кайтара албайт эле. Жадакалса сүйүктүү үй-бүлөсү да. Баса, көпчүлүк болжолдогондой, күйөөсү Махатма Гандинин тукумдарынан эмес. Болгону, фамилиясы окшош. Фероз Ганди жөнөкөй инженердин баласы болчу. Ошондуктан көп убакытка чейин аны менен турмуш курууга макулдугун берген эмес. Бир күнү алдында чөгөлөп, колун сурап турган адамдан кандай болсо да баш тарта албасын түшүнүп, колун кармаган. Кызыгы, жаштар бал айын түрмөдө өткөрүшкөн. Чагымчылардын айынан куру жалаа жабылган Индира бир нече ай бою түрмөдө жаткан.

ЖӨНӨКӨЙ АЯЛ БОЛГУСУ КЕЛГЕН
Индира Гандинин саясатка кири­шүүсүнө атасынын атагы көп жардам берди. “Албетте, күчтүү лидердин кызынын орду саясатта” деп болжолдошту. Бирок ал үйдө отурган жөнөкөй аял болгусу келгенин эч ким сезбеген. Атасынын өлүмүнөн кийин ал баш-оту менен саясатка кирип, тез эле парламенттин депутаты болгонго жетишти.
Гандиге саясатта ийинин тоскон бирден-бир адам – анын күйөөсү, журналист Фероз Ганди эле. Бул жылдары Индия менен Пакистандын ортосундагы согуш күчөп турган. Мамлекетти курч кырдаалдан чыгаруу үчүн Ганди ал кездеги чоң держава болгон СССР менен мамилени чыңдоого зор салым кошот. Мыкты жүргүзүлгөн саясат менен согушту басып, өзү бийлик кылган жылдары элинин турмушун оңдой алды. Бирок 1975-жылы Индиянын Жогорку Соту Индира Гандини “мыйзам жолун бузуп, шайлоо учурунда көз боёмочулукка барган” деп күнөөлөп, каршылаштары премьер-министрликке талапкерлигин алуусун талап кылышты. Өзүнүн күчүнө ишенген Ганди 1977-жылы партиясы менен парламентке талапкерлигин коёт. Бул жолу жеңилип калат. Ал эми 1980-жылы парламентке шайланып, андан кийин премьер-министр болот.

ИШЕНГЕН АДАМЫНЫН КОЛУНАН АЖАЛ ТААП...
Аялдын жашоосунда көп жоготуулар болду. Ата-энеси, күйөөсү, кичүү уулу Санджай өлүмгө дуушар болушту. Эгерде саясатка киришпесе, балким, алардын баары маңдайында болушмак. Баарынан Индираны сындырып кеткени – баласы Санджайдын өлүмү эле. Бул окуя анын триумф менен бийликке кайтып келгенинен бир нече жума өткөндө болду. Учакта бара жатып учак менен күйүп кеткен уулунун өлүмүнө да каршылаштарынын тиешеси бар экенин тымызын туйду. Бирок...

Күзгүгө дагы бир жолу көз чаптырып алган Ганди бронежилет кийүү үчүн токтой калды. Бирок бул саам аны колуна алган жок. “Мейли, эгерде өлүм босогодо күтүп турса, кайда буйтайт элем?” деген ой менен эшикти ача берди. Ушул учурда маңдайында турган үч жан сакчысы адаттагыдай ийиле салам айтышты. Алик алып жылмая берген Индира биринин колундагы револьверди көзү чала салды. Көз ирмегиче андан үч жолу ок чыкты. “Эмнеге?! Ишенимге кирген адамдын колунан кантип келди?!” Өмүр менен коштошуп бара жаткан аял ушуну ойлогонго үлгүрдү. Ганди ооруканада эсине келе албай көз жумду.

Индира Гандинин өлүмүнөн кийин уулу Раджив анын жолун улап саясатка аралашкан. Бирок 1991-жылы ал дагы киши колдуу болуп көз жумат. Учурда экөөнүн баштаган ишин келини Соня Ганди улантып келет. Ал 2004-жылы парламентке депутат болуп шайланган.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aminali
2010-09-18 05:35:12
Uzak jawagin kelse-sayasattan alis bol(AMINA)
0
imperator
2010-09-18 20:10:13
40 jyl soguw bolso da ajaly jetken olot.
0
talaibek
2010-09-20 10:42:33
Туура ажал жеткенде 1 секунда дагы ары же бери эмес убагы келгенде кетебиз. Бирок чындыгында саясат сасык нерсе. Андан оолак болгонго аракет кылуу керек.
0
ilgez
2010-09-23 08:12:52
аял киши саясаттан алыс болгону жакшы, колуна бийлик келип калса кээ бир айымдар тез эле озгоруп кетишет.
0
AIZAD
2010-09-23 14:31:10
ilgez кеп кээ бир аял эмес Индира Ганди жонундо болуп жатпайбы.Аялга тен келе албаган алсыз эркек олтурттубу,аны ким билет?
0
AIZAD
2010-09-23 14:34:46
Саясатка аралашкан кээ бир мырзалардын тез эле озгоруп кеткенинен олкобуздо эмне болуп атат
0
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан