ИНДИЯДА МАЙМЫЛДАР 1 ҮЙ-БҮЛӨНҮ КЫРСЫККА УЧУРАТТЫ

Индиянын Шахжаханпур шаарында жапайы маймылдар үйдүн дубалдарын талкалап, анда жашаган аял 4 баласы менен каза болду. Маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Индиянын 45 жаштагы жашоочусунун үй желдеткичи бузулуп калган. Ысыктан коргонуу үчүн аял алты баласы менен короосуна уктоону чечет. Эртең менен уктап жаткан үй-бүлөнүн үстүнө дубал кулап, аял төрт баласы менен мерт кеткен. Дубалды кулатууга маймылдар күнөөлөнүүдө. Тактап айтканда, алар короодогу жемиштерди алуу үчүн дубалды талкалашып, ал урап түшкөн. Жергиликтүү полиция эки бала жеңил жаракат алганын кабарлады. 4 бир тууганы жана апасынан айрылган эки бир тууганга мамлекет тарабынан 400 миң рупий (370 миң сом) компенсация төлөнөрү маалым болду.

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ilgis1991
2020-07-27 10:46:58
Тообо
0
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан