АЯЛДЫ ЭКИ БАЛАСЫ МЕНЕН ӨРТТӨП ЖИБЕРГЕН АДАМ СОТТОЛДУ

Башкортостандын Давлеканово шаарынын 30 жаштагы тургуну эки балалуу аялдын өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Тергөөгө ылайык, айыпталуучу бирге жашап жүргөн аял аны конокко ээрчитип барбаганы үчүн андан өч алууну чечет. Үйүнө мас абалында келгенде аялы эшикти ачпай коёт. Буга ачуусу келип, үйдүн кире беришине от жагып коюп кетип калат.

Аял балдары менен үй ичинен тилсиз жоону кеч байкашат. Алар үйдөн чыгууга аракет кылып, бирок иске ууланып каза болушат. Куткаруучулар келип, алардын күйүп кеткен денелерин табышкан. Айыпталуучу кылмыш ишин моюнуна албаганына карабастан, сот аны өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыгарды.

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан