САЯСАТЧЫЛАР КИЙИМИНЕ САРЕСЕП САЛЫШПАЙБЫ?

Эсиңизде болсо, кыргыздын жүгүн көтөргөн салмактуу саясатчылардын ар кайсы жылдардагы, ар кандай учурлардагы сүрөттөрүн политтехнолог Гуля Алмамбетовага көрсөтүп, сынчынын элегинен өткөргөнбүз. Тактап айтканда, абройлуу саясатчыларыбыз абал-шартка жараша кийинеби, жокпу, байкап көргөнбүз. Кезек кийинкилерде.

ТЕМИР САРИЕВ

  1. “Ак шумкардын” лидери Темикенин бул кийиминде галстук, көйнөк, костюмдун сызыкчалары айкалышпаган. Андыктан сырт кийими өзүнө чоң сыяктуу көрүнүп турат. Чынында, галстугу өзүнө абдан жарашкан. Бирок ырас ушундай галстук тандаган соң майда сызыкчалуу костюм, бир түстүү көйнөк кийиши керек болчу.
  2. Көйнөк менен костюм бири-бирине төп келет. Ал эми ачык сары түстөгү сызыкчалуу галстугу абдан стилдүү көрүнөт. Андан да галстукту өзгөчө байлаганы Сариевди башка кыргыз саясатчыларынан кадимкидей өзгөчөлөнтүп турат.
  3. Мына бул сүрөттү карап “адамдын көркүн кийим эмес, адам кийимдин көркүн ачат” деп айткың келет. Баары туура тандалган.

ФЕЛИКС КУЛОВ

  1. “Ар-намыстын” лидеринин бул сүрөтү премьер-министрдин кабинетинде тартылган өңдүү. Турмуштан көптү көргөн токтоо адамдын көз карашы... Жектеси менен галстугу бири-бирине төп келишкен. Бирок костюму өзүнө чоңураак.
  2. Экинчи сүрөттө галстук менен көйнөгү нейтралдуу. Мындай галстук, жекте ар түрдүү костюмга туура келе берет. Бирок кайра эле сырт кийими өзүнө чоң болуп турат. Көйнөктүн жеңдери костюмдан бир аз чыгып турушу керек. А мында көйнөктүн жеңинин кыска экени көрүнүп турат. Стиль бузулган десе болот.
  3. Үчүнчү сүрөт быйыл тартылыптыр. Сыягы, Феликс Шаршенбаевич ишмердиги менен катар кийимине да эми жакшы көңүл бөлө баштагандай. Айрыкча боз түстүү костюм өңүнө абдан жарашкан. Көйнөк менен костюмдун айкалышы да бир топ жакшырган.

ЖЕҢИШБЕК НАЗАРАЛИЕВ

  1. Сүрөткө абдан дыкат даярданып, кийимди жакшы ойлонуп тандаган, түстөрдүн айкалышы да сонун.
  2. Кайсы бир жумуш үстүндөгү сүрөт. Би­рөө­лөр менен сүйлөшүү учуру экени көрүнүп турат. Бейсболка, ийинине көңүл кош (чынында, тыкан ойлонулган) таштап койгон свитер, сызыкчалуу көйнөк. Мунун баары жумуш күнүнө же жол жүрүүгө ылайыкталган кийим. Түстөр бири-бирине төп келишет.
  3. Оң колундагы саат – кымбат баалуу, да­ңа­залуу швейцариялык. Күмүш түстүү запонка. Мунусу да модада. Дизайнына караганда “DuPont” фирмасыныкы. Галстугу кымбат баалуу жибектен тигилген. Костюму көйнөгү менен да, галстугу менен да жакшы айкалышкан. Жалпысынан гармониялуу образ.

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ

  1. Галстугу менен көйнөгү төп келишет. Бекназаровдун образына туура эле келет. Бирок костюмдун өңү жалпы образды бузуп турат. Негизи, ачык түстөгү кийимди абайлап бири-бирине туура келгидей тандоо керек.
  2. Бул стилди революциялык-трибуначыл деп атамакмын. Жеңил ветровка, калпак жана көйнөк. Костюмдардын ийинине жумшак жаздыкча кошулат эмеспи. Бул кийимдеринде андай жаздыкча жок, келбетиндеги кемчиликтер даана байкалып калган. Дегеле ушул саясатчынын жалпы имиджине көңүл бура турган мезгил келди го деп ойлойм. Кийимине эле эмес, чачына, өзүнө дегендей...

Гуля Алмамбетова
кесиби боюнча социалдык технолог, философ. 1993-жылдан бери политтехнолог катары эмгектенип келет. Бир нече жыл катары менен Орусиянын “Единая Россия” партиясы жана Анатолий Чубайс, Ирина Хакамада, Борис Немцов, Сергей Кириенко өңдүү лидерлери менен иштешкен. Учурда парламенттик шайлоого ат салышып жаткан бир нече партияга кеңешчи катары иш алпарууда.

Айбек Нурадилов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
meerime
2010-09-18 01:54:18
aia bai jakshy syndalyptyr baary...Bul jerde en stilduusu Jeishek Nazaraliev eken..Azimbek Beknazarov taza bolso boldu degenderdengo..
0
smm
2010-09-18 10:37:24
Гулянын озунун стилине(келбетине,чач жасалгасы, макияж...) конул бурса жакшы болмок.
0
TROYA
2010-09-19 09:57:27
emi saiasat4ylar kaldy ele syndalbagan
0
meerimkameerim
2010-09-23 16:41:03
Албетте бир гана саясатчылар эмес бардык адамдар оздорунун кийген кийимине карашы керек да! Бирок саясатчылар эл алдында журот. Башка олколорго барышат ж.б. Башка элдер аларды коруу менен кыргыздарды корушот! Андыктан бардык саясатчылар оздоруно жакшы конул бургун! Алар
0
meerimkameerim
2010-09-23 16:43:14
Саясатчылар элдин кузгусу, лар дайыма элге улгу катарында журушу керек!
0
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан