21- июль күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүүдө ыктыярчы катары иштеп жаткан 12 адамды кабыл алды. Президент менен жолугушууга кыргыз шоу-бизнесинен ырчылар Анжелика, Айзада Жамгырчиева, алпаруучу Эркин Рыскулбеков катышышты. Өлкөгө коронавирус жайылып, карантин жарыялангандан тарта ыктыярчы катары муктаж жарандарга колунан келген жардамын берип жүргөн, бирок аталган жолугушууга чакырылбай калган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева социалдык тармактардагы баракчасына жаштарга, мамлекетке болгон таарынычын жазып чыкты. Бул тууралуу ырчы өзү кенен айтып берсин:– Ажобуз пандемия учурунда элге жардам берип жүргөн ыктыярчыларды чакырган экен. Өнөр инсандары арасында улуу башымды кичүү кылып өз жанымды, кичинекей кызымды тобокелге салып, алгачкылардан болуп демилге көтөрүп ыктыярчы болуп чыктым. Эрнис Бөрүбаев, Талант Сагынбаев, Сагын Эргешовдор менен 20-марттан баштап жардам берип жатабыз. Дагы да иштей беребиз. Бул биздин элдин алдындагы милдетибиз, кыргыз жараны катары парзыбыз. Муну милдет кылбайбыз. "Ажо ыктыярчыларды чакырат экен" десе, мен эмне деп айтсам, кандай суроо берсем деп ойлонуп алыптырмын. Бирок чакырылган жокпуз. Мен ага капа эмесмин. Кечээ Инстаграм менен Фейсбукка кирсем, “Алтынай Нарбаева менен Эрнис Бөрүбаев эмнеге чакырылган жок?” деп көп адам жазыптыр. Эл-журттун махабаты баарынан бийик. Мен жөн гана кичине ызаланганымды баракчама жазып койдум. Элге да жооп берип коюшум керек эле. Мен мамлекеттик концерттерден да, чет өлкөгө барчу делегациянын катарынан да чийилип калам. Дайыма ошондой мамиле кыла беришип, жүрөгүм электей тешилип, жалбырактай жыртылып калган. Эл артисти наамы үчүн документтерим 3 жолу жөнөтүлдү, 3 жолу тең кайтты. Эми документ тапшырайын деген оюм жок. Жан дүйнөнүн жабыркаганы – кичинекей өлүм. Чыныгы өлүмдөн да күчтүү. Эч кимге айта албай сыртыңдан күлүп, ичиңден азап тартып жүрө бересиң.
Эл бир гана адамга кайрылгандай түшүнүп калышпасын, мен жалпы жаштарга таарынычымды айттым. Өнөр сахнасында мен өнөрлүүлөрдүн жаш өзгөчөлүгүнө эмес, керек болсо сахнага менден мурда чыккандарга “сиз” деп кайрылып, ыйбаа кылып турам. "Кардыма эмес, кадырыма ыйлайм" деген ушул окшойт. Айылда деле аксакалдарды төргө өткөрөт, жакшылык-жамандыкка эң биринчи аксакалдарды чакырат. Аксакалмын дегенден алысмын, бирок 50дөн аштым. Кадырлап-барктап коюшса, уул-кыздарым, окуучуларым, күйөрмандарым үчүн да жакшы болмок.