(Башы өткөн сандарда)
Бул нерсени бирөөгө айтпаса көкүрөгү жарылып кетчүдөй сезилди. Аны Урмат досу гана түшүнө алат, сырын да сактайт. Турмушта ишиң жүрүп турганда дос, жакын санаалаш дегендин көптүгүн айтпа, бирок мезгил менен сыналганда жаныңда бирөө, ашып кетсе экөө эле калат. Урмат экөө эчен кырдаалдан өттү, башында кандай болсо, дал ошондой бойдон калган жалгыз досу Урмат болчу.
– Бүркөлгөн асмандай эле түнөрөсүң, эмне болду анчалык?
Искендер көпкө унчукпай турду. Бир топтон кийин гана асманды тиктеди. Чын эле бүркөлүп турган экен.
– Келгениңе рахмат.
– Айтчы бай болгур, эмне болду?
– Сен Кудайга катуу ишенесиң, туурабы? Намаз окуп, сакал өстүрүп жүрөсүң. Бирок врачсың, мендей эле бир пендесиң, бирок мендей көр пенде эмессиң. Акылдуу, даанышман адамсың.
– Кудай сакта, кириш сөзсүз эле баштачы. Өзүм жөнүндө одага муктаж эмесмин,- деди Урмат тамашалай.
– Досум, мен өмүрүмдө болуп көрбөгөндөй эзилип кеттим. Түш десем түш эмес, башка десем башка эмес.
– Ой, коркутпачы! Айтурган жакшыбы деги?
– Кыскасы, менин уулдарым бар. Туурасы – мурун эле бар экен, мен билбептирмин. Азыр сегиз жашта. Эгиз балдар.
Досу оозун ачып, чын айтып жатабы же тамашасыбы дегендей тигилип турду. Чын айтып жаткандай. Жүзү шалпайып, арыктап кетиптир.
– Эмне эле деп жатасың? Айтурган төрөй албайт экенин экөөбүз...
Искендер алакандары менен тигинин оозун жаба калды.
– Чүш-ш, бул экөөбүздүн ортобузда кала турган иш экенин билесиңби?
– Анан кайдагы бала?
– Башка кыздан, мындан көп жыл мурун болгон. Бир студент кыз...
Урмат эмне дээрин билбей калды. Искендер экөө мединститутка келгенден бери бирин-бири билет. Экөө тең Айтурганды бир көрүп, ашык болуп калышкан. Экөө тең кыйналышканын бири-бирине айтып алып кийин аябай күлүшкөн. Бирок Айтурган Искендерди тандаган, ошол күндөн тартып Урматтын көкүрөгүндө эч нерсе калбагандай эле. Калса да аны эч кимге билгизбегенге акылы жетчү. Бирок өмүр бою алаканына салып, Айтурган деп көзүн карап жүргөн Искендердин башка бир аялдан баласы болушу мүмкүн эместей эле.
– Антип карабачы.
– Кызык го бул иш?
– Мен көп жыл мурун бир адамдын жүрөгүнө операция жасадым. Ал алсыз келген эле, башка да оорулары бар болуп, каза болуп калды. Өлүм алдында жаткан адам кызын атай берди. Ага көз болуп коюшумду, ал жалгыз экенин айтты. Ал чындыгында жалгыз болчу. Жапжаш... Көздөрүн бир көрсөң... Сулуу эле. Ага катары жардам берип коёюн деп бардым да, туткунда калдым.
– Айтургандан сулуу аял болушу мүмкүн эмес,- деди Урмат өзүнчө.
Искендер жылмайып алды.
– Айтурган деп жүрүп экөөбүздүн тең жарым өмүрүбүз кетип баратат, досум.
– Калжаңдабачы...
– Бир аялдын жашоодон коркпой, анын агымына каршы туруштук бергенин көрүү башкача сезим, досум. Карап туруп суктанасың. Мен ал кыздын рухунун күчүнө таң калдым. Типтик турушуна, кайратына, акылына багындым. Ал да мени катуу сүйдү. Ал сезимдеримди айтып бере албайм.
– Анан эмне болду?
– Ал акылдуу кыз болчу. Мени эч бир күч аялымдан ажырата албашын билди. Бир ай чогуу болдук, шартташкандай ал менин жашоомдон акырын чыгып кетти. Издебедим. Бирок бир көргүм келди. Унуттумбу? Аны да билбейм. Ортодон жылдар өткөндөн кийин келди. Менден кош бойлуу болуп, балдарды менден жашырып төрөп, жашырып чоңойтконун айтты.
– Балким, сенин балдарың эмес.
Искендер башын чайкады. Телефондогу эки баланын сүрөтүн досуна сунду.
– Булар кантип менин балдарым болбосун? Эч бир далилсиз көрүнүп турат. Менин көздөрүм, менин жүзүм, көрсөң таң каласың.
Урмат эки баланы нес боло тиктеп турду. Шектенүү болушу чындап мүмкүн эмес эле. Шалдайып телефонду кайра сунду.
– Эми эмне кыласың?
– Эгиздин биринин жүрөк оорусу бар. Аяна ошол себептен келгенин айтты. Андай себеп болбосо, кайсы бир жерде менин балдарым бар экенин билбей, бул дүйнөдөн өтүп кете бермек экем. Мени ушу ой жеп салды. Аялдарды алсыз дейбиз, акылсыз дейбиз. Бирок чындап келгенде өтө коркунучтуу калк.
– Эмне дээримди да билбей калдым.
– Жакында баламдын операциясын жасайм. Анын жүрөгүн ушу колдорума кармап турам. Элестет. Бул ишти миң жолу, балким, андан да көп жасадым. Бири ийгиликтүү, экинчиси ийгиликсиз болду. Бирок бул жолкудай корккон эмесмин. А балким, сактай албасамчы? Ойлосом дем жетпей кетип жатат. Айтурганды да кыйнап бүттүм. Ал байкуш да эмне болгонун түшүнө албай убара.
Урмат ордунан туруп, чечкиндүү үн катты.
– Азыр өзүңдү жогото турган мезгил эмес. Операцияны ийгиликтүү өткөрүшүбүз керек. Андан кийин баары ордуна келет. Мындай ишке дуушар болгон сен жалгыз бекенсиң? Толтура. Эч кимиси өлүп калган жок. Балдар бар экен, балким, экинчи кылып нике кыйдырып аласың.
– Тобо, жинди элесиң сен.
– Тамаша, Искен, сени бул абалдан чыгаруунун жолун ойлоп жатам.
Эки дос кайгыларына, кубанычтарына ортоктош боло бири-бирин далыдан таптай басып бара жатышты.
ххх
Операция ийгиликтүү өттү. Ошол мүнөттөр, секунддар Искендер үчүн башкача болчу. Элес-булас гана билет. Көкүрөгүнө жабыша ыйлаган Аянаны, өзүн сыймыктана караган Адамды, далыдан таптаган досу Урматты көрүп жатты. Бир нерсе деп сүйлөгөндөй болду. Анан кабинетине кирип ичинен бекитти да, шалдырап отуруп калды. Көзүнөн жаштар агып жатты. Жаратканга ыраазы, кесибине ыраазы боло муңканды, бир өмүрдү, өзүнөн жаралган бир адамды сактап калган колдоруна сыйынды. Бир дайраны экиге тилип салгандай болгон өмүрүнө кайгырып ыйлады, ушу эки өзгөчө балдардын атасы болуу бактысына шүгүр кылып ыйлады. Айтор, ыйлап жатты. Бир топто эсине келди. Аябай жеңилденип калган экен. Ошондо гана канча күндөн бери жарытылуу тамак ичпегенин сезди.
Сыртка чыкса коридордо Аяна менен Адам бири-бирине жабыша уктап калыптыр, Урмат ары-бери басып жүргөн экен.
– Курсак ачты, жакын жерде кафе бар. Тамактанып келеличи.
– Тигилер да ачка окшойт,- деди ал уктап жаткан аял менен балага ээк кага.
– Ала келебиз.
Экөө тамак ичишти. Искендер жайдары болчу.
– Болду, ай, болгон тамактын баарын ала бересиңби?
– Сен канча күн тамак ичпегенимди билсең. Шүгүр, баары артта калды.
Чындап келгенде баары башталган учур эле. Бул балдар тез эле жан эти менен тең болуп каларын кайдан билсин? Уулу көзүн ачканда аны кантип жанынан чыгаргысы келбей кыйыларын, жакшы болуп калса да шылтоолоп клиникасында кармап жатарын билген эмес.
– Сизге мен пластилинден оюнчук жасадым,- деди бир күнү Алан.
– Оо, магабы бул?- деди ал кичинекей өзүнө түспөлдөш врачты кармап туруп.
– Сизге. Мени сактап калдыңыз. Менин да сиздей атам болсо...- деди бала көздөрү жашылдана.
– Баатыр, сен ыйлаганы турасыңбы?
– Жок,- деди бала көзүнүн жашын билгизбей аарчып.
– Сен атаң тууралуу эмне билесиң?
– Эч нерсе.
– Апамдан сурасак, башка сөзгө алаксыта берет. Кайда экенин, ким экенин да билбейбиз. Жок дегенде сүрөтү болсо, Адам экөөбүз рамкага салып коюп алат элек. Ооруп жатканда, капа болгонумда апамдын сүрөтүн коюп алам. Жардам берет. Ал эми атамдын сүрөтү болсо да коюп алат элек.
– Сен менин сүрөтүмдү коюп алсаң болобу?- деди Искендер акырын гана.
– Өзүң айткандай, мен сага операция жасадым. Экинчи өмүр бердим десем болот.
– Ошондой болобу?
– Эмнеге болбосун? Мен сага өзүмдүн сүрөтүмдү рамкага салып туруп белек кылам.
– Макул,- деди күлүмсүрөгөн бала. Жылмайганы да өзүнө окшош. Өх, бул нерсеге кантип чыдоо керек? Катуу кучагына кысып өпкүлөп жибере албай, өзүн араң карманды...
(Уландысы кийинки санда)