ЧӨП ТАЛАШТАН ЧЫККАН ЧЫР. 40 ЖАШТАГЫ КИШИ БЫЧАКТАЛЫП КАЗА ТАПТЫ

11-июлда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө айылынын тургуну бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Кылмышка шектелип ушул эле айылдын тургуну кармалды. Жабырлануучу тарап “иш адилет каралып, шектүү мыйзамдуу түрдө өз жазасын алышы керек” дешүүдө.

“ЖАБЫРЛАНУУЧУ ООРУКАНАГА ЖЕТПЕЙ КАЗА БОЛГОН”

Окуя тууралуу Нарын ОИИББинин басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымат берди:

- Ушул жылдын 11-июль күнү саат 21:00 чамасында Жумгал РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Урмат аттуу жаран байланышып, Таш-Дөбө айылында бир адамды белгисиз бирөө бычак менен сайып салды деп билдирген.

Аталган билдирүү Жумгал РИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Ал жерде Таш-Дөбө айылынын тургуну, 1991-жылы туулган А.З аттуу жаран ошол эле айылдын тургуну, 1980-жылы туулган З.У. аттуу жаранды бычак менен сол санына сайып салган. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болуп калгандыгы аныкталган.

Бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Жумгал РИИБи тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 2 айга камакка алынды.

“ИШ АДИЛЕТ КАРАЛЫП, КҮНӨӨЛҮҮ ЖАЗАСЫН АЛСА ДЕЙБИЗ”

Каза болгон жарандын бир тууган иниси Айбек окуя тууралуу буларга токтолду:

- Ал бала менен байкем экөөбүз тең жакшы мамиледе болчубуз. Ортобузда мурда-кийин эч кандай чыр деле болгон эмес. Ал дагы, мен дагы трактор айдайбыз. Майда-чүйдө тетиктерин алышып-беришип, жетишпей жатканда бирибиздин жумушубузду бирибиз бүтүрүп койчубуз. Окуя болгондон мурун байкем экөөнүн ортосунда чөп талашуу болгон. Ошол окуя болгон күнү ал баланын машинасы менен өзүбүзгө бөлүнгөн жер тилкелерибизге барганбыз. Талаш боюнча чечиштик. Макул деп экинчи чабыкта аларга 5 таңгак чөп бермей болдук. Негизи ал эч кимге деле тиешеси жок нейтралдуу жер. Элдешип айылга келе жатсак, тигил бала кайра эле чөп тууралуу кеп козгоп баштады. Байкем “эми болбодубу, сүйлөшпөдүкпү, мен сенден канча жаш улуумун?” десе, “байке, экөөбүз сүйлөшүп албайлыбы?” деди. “Сүйлөшсөңөр сүйлөшүп алгыла” десем, мага карап “байке, түшө турбайсыңбы” деди. Эч кандай жаман ой жок эле машинадан түштүм. Түшөрүм менен машинаны айдап качты. Өлтүрүп салат деген ой кайдан болсун? Мен талаада калып калдым.

Айылга жетип калганда мага бирөө телефон чалып, алардын мушташып жатканын айтты. Айткан жерине бирөөнүн машинасын айдатып барсам эч ким жок. Үйгө кеткен го деп келе жатсак, ошол баланын машинасы аркабыздан жете келди. “Байкеңди өлтүрүп койдум” дегенде коркуп кеттим. Эки колу кан, колунда бычагы бар экен. Машинасынын эшигин ачсам жок. Машинанын багажын ачып, “мына, байкеңдин сөөгү” деп агамды колума салып берди. Канжалап жаткан байкемди көрүп нес болуп калдым. Бычак менен сайып, жип менен бутун байлап багажга салып коюптур. Ошол жерден "сени дагы өлтүрөм" деп мени бычак менен кубалады. Байкемди көтөрүп алып андан качып, "жардам бергиле!" деп ары-бери чуркап жүрдүм. Айланадагылар дарбазаларын жаап эле качышты. Окуя мечиттин жанында болду. Бир молдо келип калганынан “байке, жардам бериңизчи” десем келбей койду. Мага алып келгиче байкемди багажга салып алып, көчөнү айланып “өлтүрүп койдум” деп ар кимге көрсөтүп жүрө бериптир. Эч ким эч нерсе кылбаптыр, көргөндөрдүн баары эле “нес болуп калдык” дешет. Көрсө, байкем эчак эле каза болуп калган экен. Эми иш адилет каралып, ал жигит мыйзамдуу түрдө жазасын алса дейбиз.

“АЙЫЛДЫК ДАРЫГЕР ЖҮРӨГҮ СОГУП ЖАТАТ ДЕП КАЛП ЭЛЕ АЙТЫП КОЮПТУР”

Атын атагысы келбеген айыл тургуну төмөнкүчө маалымат берди:

- Балдар болуп отурганбыз, кечки саат 6-7лер чамасында каза болгон байкенин иниси Айбек чалып “байкемди бычак менен сайып кетти, мечиттин жанына келе калгыла” деди. Биз дароо жетип бардык. Байкесин кармап алып Айбек ыйлап жатыптыр. Биринчи жардам кылалы деп айылдык дарыгерге алып жөнөдүк. Дарыгер бычак менен сайган баланын жеңеси болчу. Барсак тигил баланын машинасы ошол жакта токтоп туруптур, аркасы кан экен. Бала дагы ошол жакка барыптыр. Кыязы, сайып алдым деп айтып жаткан көрүнөт. Колунда бычак бар экен, балдар алып коюшту. Укук коргоо кызматкерлерине жана “Тез жардамга” кабар бердик. Айылдык дарыгер жүрөгү согуп жатат деди. Аны укканда эртелейли деп райондук ооруканага алып жөнөдүк. Орто жолдон “Тез жардамга” жолугуп, алардын унаасына салдык. Жандандыруу бөлүмүнө алып киргенден кийин 5 мүнөткө жетпей эле врач чыгып “эчак эле каза болуптур, өлүктү эмне алып келгениңерди билбейм” деди. Көрсө, айылдык дарыгер "жүрөгү согуп жатат" деп калп эле айтып коюптур. Ошону менен сөөктү моргго алып кетишти. Эртеси эксперт келип корутунду чыгаргандан кийин сөөктү алып кеттик. Укук коргоо кызматкерлери тигил баланы ошол күнү эле кармап, көрсөтмө алышты.

“АКЧА ТАБЫЛАТ, ӨМҮР ТАБЫЛБАЙТ. КУН АЛБАЙБЫЗ”

Маркумдун карындашы Айдайдын да пикирин уктук:

- Экөөнүн жер тилкеси жанаша жайгашкан. Бул жерде байкемдин эч кандай күнөөсү жок. Байкемдин чөбүн ошол бала өзү чаап берет. Үйгө алып келип жыйгандан кийин “менин чөбүмдү чаап алыптырсыңар” деп келиптир. Башка бирөөгө чаптырса бир жөн. Байкем “өзүң чаппадың беле, макул, көрөлү” дейт. 5 таңгак чөп ашык болуп калат. "Макул, берели, алып кет" десе болбой эле кайра-кайра чала берет. Байкеме бычак сайган бала досу экөө үйгө келип агамды машинасына салып кетет. Ошондо жеңем иним Айбекке чалып “байкеңди салып кетишти, барчы” дептир. Жолдон аларга жолугуп, чогуу талаага барышыптыр. Иним “эми урушпай эле койгула” деп экөөнү элдештирет. Элдешкенине карабай ушул иш болуп, 5 таңгак чөп үчүн адам өмүрү кыйылып жатпайбы. Мушташып жатышканын, бычак менен сайганын, канжалатып айылды аралап жүргөнүн көрүп туруп, кайдыгер болуп реакция кылбай койгондорго таң калып бүтө албай жатам.

Өткөндө акчалуу тууганын бетине кармап келишиптир. Акча табылат, өмүр табылбайт. Байкемдин өлүмүн акчага сатпайбыз. Биздин тынчыбызды алып мындан ары келишпесин. Босогобузду аттаганга акысы жок. Биз эмне үчүн бул окуяны маалымат каражаттарына берип жатабыз? Сот процессинин акыйкат жүрүшүн каалайбыз. Байкемди өлтүргөн бала өз жазасын алсын. Эгер маселе башка жагынан чечиле турган болсо, ЖМКнын баарына кайрылганга туура келет. Эч качан колубузду жайып отуруп калбайбыз.

Адам баласынын башында бир өлүм бар. Агамдын 1 жаштагы жалгыз уулун карап каниет кылып жатабыз. Бул бала эмне максатты көздөп мындай ишке барды, билбейм. Бөөдө ата-энесин кайгыга салып, бетине көө жаап отурат.

“АЖЫРАТАЙЫН ДЕП ЧУРКАП БАРСАМ КОЛУНДА ЧОҢ БЫЧАК БАР ЭКЕН”

Окуяга жеринде күбө болгон Эрлан буларды билдирди:

- Үйдөн чыгып бир байке экөөбүз ылдый көздөй басып келе жатсак бир машина жаныбыздан өтүп кеткен. 100 метрче узап токтоп эле түшө калып эки киши мушташып баштады. Ажырата калайын деп чуркап барсам биринин колунда чоң бычак бар экен. Эмне кыларымды билбей токтоп калдым. Жетериме 10 метрдей калганда каза болгон байке бычак кармап турган баланы бетке чаап жиберди. Бала отуруп калганда бычагын алам деди окшойт. Үстүнөн баса калайын дегенде сан жакка сайып жиберди. Өзү нес болуп артка кетенчиктеп калды. Бутунан кан атып жатканда мен дагы коркуп кетип артка бастым. Бычак сайылган байке бир аз туруп кулап түштү. Жанына бара албай жатам деп экөөнүн тең туугандарына чала баштадым. Биз эмне кылабыз дегиче тигил бала байкени машинанын багажына салып туруп, мага келип “кел, отур” деди. Мен отурган жокмун. Ошону менен жүрүп кетти.

“ИНИМДИ ЫЗАЛАНТЫП КОЮШСА КЕРЕК”

Экинчи тараптын оюн угалы деп кылмышка шектелип кармалган А.Знын Дамир аттуу байкесине байланыштык:

- Бул иш эми азгырык болду. Ортолорунда чөп талашуу болуптур. Ал боюнча эмне деп сүйлөшүшкөнүн деле билбейм. Маркум инимден 11 жаш улуу. Иним “жөн эле сүйлөшөбүз деп барганбыз” дейт. Негизи инимди ызалантып койсо керек. Анын айтымына караганда, алгач инимди чаап жиберет, туруп келатса дагы чабат. Ызаланып кетип бычак менен сайып жибериптир. “Коркутам деп ойлогом, бутка сайып алгандан кийин эмне кылганымды билбейм. Канын токтотом деп бутун байлап жатканымды билем, бирок кайсы жеринен таңганымды деле билбейм” дейт иним. Нес абалына түшүп калыптыр. Карындашым келсе аны тааныбайт, атамды да тааныбай калыптыр. Алып барам деп инисин издеп жүрө бериптир. Ал тарапка деле, бизге деле кыйын болду. Бир айыл, бир журтпуз. Айыл элинен деле сурап көргүлө. Иним ичип, мушташып жүргөн бала болсо, "ушуну көрмөк, кой дегенди укчу эмес" дейт элем. Жакшынакай эле жүрчү, үй-бүлөлүү, балдары бар. Куткарып алат деп ойлоп жатышат. Адам өмүрү кыйылып жатпайбы, мыйзам деген бар, эми мыйзамдуу түрдө чечилет да. Биз деле чиренген бай эмеспиз. Ак эмгегибиз менен эле оокат кылабыз. Жазадан кутулууга мүмкүн болсо, президент болгон Атамбаев кутулат эле го.

Болгон окуя боюнча сот ишинин жүрүшүнөн кабар алып турмакчыбыз.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Nina.alex
2020-07-27 09:55:51
Атамбаевди кыпчый кетиптир
+2
bulathan
2020-07-31 14:08:19
Nina.alex, мейли айтып алыптыр эми Агасы айтканынан уялып акча берип куткарам дебей калат. Жазасын алсын деп
0
monok2001
2020-07-27 11:34:30
мени туура тушунгуло бирок маркумдун иниси агасы менен кылмышкер талаадан кетти деп айтты. А карындашы болсо эки киши уйдон алып кетти деп жатат, бир аз тушунуксуз. Жайы жаннаттан болсун, 5 тангак чоп учун адам омуру кыйылып жатат, ошол нерсе жаман да
0
Saliman
2020-07-28 14:37:46
monok2001,маани берип окунуз.кылмышкер маркумду уйунон талаага алып кетиптир.маркумдун келинчеги кайнисине айтыптыр артынан бар деп.учоо талаада жолугуп жатат.иниси менен карындашынын созу окшош эле чыгып жатат
+3
bulathan
2020-07-31 14:08:45
monok2001,маани берип окусан
+1
XATSAN125
2020-07-27 20:00:44
Турмого заказ берип аны ошол жакта олтуртуп салыш керек
-3
Nursul
2020-07-28 09:24:41
Иниси менен карындашынын сөзү эки башка болуп жатабы же мага ошондой болдубу. Жайы жаннаттан болсун.
-4
Nina.alex
2020-07-29 18:56:53
Nursul,эми эки башка чыгып атат создору деп бошотуп жибериш керекпи зоокурду?? Тим койсо баарынар эле детектив
+1
dinamo7
2020-07-31 14:04:58
Nursul,эки башка болгон жок. Иниси талаадан берки окуяны айтып жатат. Карандашы үйдөн алып кеткенин айтып жатат.
+1
bulathan
2020-07-31 14:09:51
Nursul,дал келип эле турат
Жакшылап окугула
+1
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан