АРТИСТТЕРДИН ШАЙЛООДОГУ «ШАБАШКАСЫ»

“Артисттердин эле жашоосу жыргал” дегендерди угуп эле жүрөбүз. Бул сахнага күлүп-жайнап эч санаасы жоктой чыккандарынан улам келип чыкса керек. Бирок биздин бүгүнкү сөз кыла турганыбыз – өнөрпоздордун шайлоодо иштеп тапкан гонорарлары. “Мынча төлөнөт” деген акчасынын суммасын укканда “кап, ырчы эле болуп калбай” деп сөз жок өкүнөсүз.

СИМВОЛИКАЛЫК КОНВЕРТ ЭЭЛЕРИ
“Ата Мекен” партиясында партияны 10 жылдан бери туу тутуп келаткан Асылбек Өзүбеков бар. Ошондой эле Султан Каримов, Гүлзинат Суранчиева, Асел Турдалиева, Нена, Съездбек Искеналиев, Дайыр Исмадияров, Нурлан Насип, “Кыз-Бурак” тобу. Партия жогоруда саналгандардан сырткары да бир нече ырчыны чакырган. Бирок алар талантын чоң суммадагы акчага баалап, баш тартып коюшкан. Анткени партия ырчыларга олчойгон деле доллар төлөбөйт. Болгону, символикалык түрдө конверт карматат.

"БЭК" ЫРЧЫЛАРЫНА 11 000 ДОЛЛАРГА ЧЕЙИН ТӨЛӨЙТ
Бириккен элдик кыймылынын жетекчилерине концертти уюштуруучу тарабынан артисттердин тизмеси берилген. Алардын ичинен Сема, Рахман Разыков, Замир Мырза, Жаныбек Алыкулов уулу Алмаз Алыкулов менен Кубаныч Сатаев, Алишер Тоотаев, Жакут Сыдыков, комузчу кыз Кенже тандалып алынган. Булардын ар кимиси өзүнүн атак-даңкына жараша түрдүү суммада гонорар алышат. Алган акчалары эми укмуш. Көркөмдөп айтканда, “ай чапчыйт”. Эң эле элге алымдуусу бир ай ичинде 11 000 доллар алат экен. Ал эми калгандарына андан азыраак сумма берилет. Учурда аталган партия шоу-бизнес өкүлдөрүнө келишимде жазылган акчанын жарымын берип койгон. Калганы шайлоодон кийин төлөнөт.
“11 000 доллар деген сумманы биз калпыс угуп алган жокпузбу?..” деп "БЭКтин" басма сөз кызматынын жетекчисине кайрылдык.
“Бул чындык. Ырчылардын атактуусу 11 000 доллар, калгандары андан азыраак алышат. Акча шайлоо фондунан төлөнөт. Келишимде канча акча жазылса, бир тыйыны кемибей толук берилет”,- дейт Мирлан Дүйшөнбаев.

“БИЗГЕ ИШТЕГЕНДЕР БИР ТЫЙЫН АЛЫШПАЙТ”
“Жашасын Кыргызстан” партиясынын концерти Ош жана Бишкек шаарларында өтөт. Болгондо да көп улуттун өкүлдөрүнөн турган концерт. Эл оозуна алынып калган ырчылардан Бураш менен Максат Бегалиев бар.
“Ырчыларды партияга тартууда жердешчиликке жана тууганчылыкка караган жокпуз”,- дейт аталган партиянын жетекчиси Токтайым Үмөталиева. Бирок Бураш өз кызы, Максат кара чечекей күйөө баласы эмеспи. Ырчылар партиянын желегин канчалык желбиретишпесин, бир да тыйын алышпайт экен. Жетекчи айым: “Бизге иштегендер бир тыйын алышпайт. Анткени өздөрү да ушул партиянын мүчөлөрү. Башка партиялар ырчыларга чоң суммадагы гонорар төлөп жатышпайбы. Бул – учурунда мамлекет өнөр адамдарына бербей калган акчалар. Саясатчылар ырчыларды керек болгондо эле колдонбой, кайсы убак болбосун төргө отургузса жакшы болмок”,- деп кошумчалады.

ЭКИГЕ ЭМЕС, ҮЧКӨ БӨЛҮНГӨНДӨР
“Замандаш” партиясы Орусиядагы мекендештерибизди колдоп, көп иштерди алпарганы элге маалым. Ошондон улам өз үлүшүнө тийген ырчыларын экиге эмес, үчкө бөлүп, үчүнчү топту Орусияга жөнөтүшкөн. Ал эми эки топ Кыргызстандын түштүгүн жана түндүгүн түрө кыдырып жүрүшөт. Орусияга сапар алгандар кыргыздар көп жашаган Орусиянын 12 чоң шаарында “Замандашты” колдоп койгула деп үгүттөшөт.
Ар бир топто бирден алпаруучу, бирден куудул жана 3-4 ырчы бар. Гонорарлары болсо сүйлөшүүгө жараша болгон. Белгиленген сумма партиянын шайлоо фондунан төлөнөт. Шайлоо фондундагы акча депутат болом деген партия мүчөлөрүнүн капчыгынан чогулган.
"Гонорарын ачык айта аласыздарбы?" деп аталган партиянын басма сөз кызматына кайрылсак, алар "жашыруун сыр" деп жооп беришти.

"АРЗЫМАТТАРДЫН" КЕРЕГИ ЖОК"
“Айкөл эл” партиясынын үгүт иштерине бир дагы ырчы катышпайт. “Ушундай да болобу? Башкалар 11 000-12 000 доллар төлөп жатса...” деп аталган партиянын жетекчиси Эдил Байсаловго кайрылдык.
“Ыр ырдап элди алдабайбыз. Ырчыларга жамынуу Бакиев менен Акаевге жарашат. Ушул эле ырчылар убагында экс-президенттердин ырын ырдап жүрүшпөдү беле. Бизге "Арзыматтардын" кереги жок. Ырчыларга төлөөчү акчабыз жок, болсо да бермек эмеспиз. Эл ойлонуп, ишенип, анан добуш бериши керек. Ошондуктан өзүбүздүн программаны ар бир жаранга түшүндүрүүгө аракет кылабыз”,- дейт жетекчи.

АТАБЕКОВДУН ГОНОРАРЫ 12 000 ДОЛЛАРБЫ?
“Республикачылар” – Токтобек Асаналиев, Кутман Жолдошев, Айчүрөк Иманалиева, Мирбек Атабеков, Омар, Өмүрбек Андарбеков, Тилек Каныметов, Бегимай Эсенгулова, Ильяз Андаш, Аида Кулуева, Жанэль, алпаруучулар Нурзат Токтосунова, Бакыт Байсариев, Назира Кадыева.
“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт элибиз. Бул жерде чөптүн башын “Республиканын” төлөөчү акчасы кыймылдаткан өңдүү. Анткени “Мирбек Атабековго “Республика” партиясы 12 000 доллар төлөйт экен” деп уккан элек. Бир топ жашыл акча төлөнөрү чындык эле окшойт. Эмнеге дегенде, карабайсызбы, шоу-бизнестин көзүрлөрүнүн үйүлүп-жыйылып алганын.
“20га жакын адамга төлөнчү мынча суммадагы акчанын берилиши чынбы?” деп партиянын жетекчисине кайрылууга аракет жасадык. Бирок бизди бери жактан эле басма сөз катчысы Кубат Болотканов жолго салды.
“12 000 доллар деген чындыкка дал келбейт. Шайлоо кодексинин талабы боюнча, ырчылар бекер ырдабайт. Ошондуктан символикалык түрдө келишимде көрсөтүлгөн акчаны беребиз. Мирбек Атабеков биздин партиянын мүчөсү, анын үстүнө Бабанов менен мурунтан жеке тааныш. Омар, Ома, Мирбек концерттик программаны өздөрү түзүп чыгышкан”,- дейт Кубат мырза.

КУРСАГЫ ТОК "ЧАБУУЛЧУЛАР"
"Бүтүн Кыргызстандын" "чабуулчулары" – Кубик Калыков, Байыш Момунов, Сапар Эркебаев, Назира Токонова, Камчы Сарыбаев, Чыңгыз Мырзаев. Булар да башка партиялардай эле эки топко бөлүнүп алып, үгүт тобу менен биргеликте Кыргызстандын бүт аймагын кыдырышууда. Аты айтылгандар кайсы жерге барбасын курсагы ток, машинасы бензини менен алдында, жатчу жайы камдалган. Ал эми бир айлык маяналарына келсек, ар кимдики ар кандай. Гастролдо жүргөндөр гонорарынын жарымын алып коюшкан. Келишимдеги акчаны шайлоо аяктагыча партия толук төлөп бүтөт экен.

СЫРДУУ ПАРТИЯЛАР
“Ак шумкар” партиясынын кеңсесине “сиздердин партия үчүн кайсы ырчылар ырдашат жана гонорарлары канча?” деп телефон чалсак, концерттерди Марина деген айым уюштуруп жатканын айтып, телефон номерин беришти. Уюштуруучуга чалсак, “мен эч кимдин атын атабайм. Гонорарын айткыдай жинди белем?!” деп сыр кылды. Ал эми “Ата Журт” партиясынын басма сөз кызматкерлери “бизде ким иштеп жаткандыгы тууралуу так маалымат жок, келип-кетип эле ырдап жатышат го...” дешти.


“ЫРЧЫЛАРСЫЗ ТОЙ КӨРКСҮЗ” ДЕЙТ БЕЛЕ?

Ырчылар үгүт иштеринде канча акча табары жөнүндө өздөрү эмне дешет?

Кумар Асанов:
“МИҢДЕГЕН ДОЛЛАРДЫН ДА ЖООПКЕРЧИЛИГИ БОЛОТ”
– “Ата Журт”, “Ак шумкар” партиялары чакырды, бирок убакыттын тардыгынан бара алган жокмун. Анткени “Асыл жарым” деген ырга клип тартып жаткан элек. Чынында, революция болбогондо деле жашообуз өтмөк, туурабы? Үгүт иштери башталганда эле катышпайм дегем, ошол сөзүмө турдум. 10 000-11 000 доллар жөнөкөй акча эмес. Балким, бул сумма карапайым калктын чөнтөгүнөн алынган же кимдир бирөөнүн көз жашыдыр. Ошондуктан миңдеген доллардын да жоопкерчилиги болуш керек деп үгүт иштеринен оолак болдум.

Ынак Осмоналиев:
“6000 ДОЛЛАРГА ИШТЕП ЖАТАМ”
– Мен “Замандаш” партиясы үчүн иштеп жатам, гонорарым – 6000 доллар. Азыр Таласта жүрөбүз, анан Суусамырга кетет экенбиз. 28-сентябрда гастролубуз аягына чыгат.
– Шайлоодо кайсы партияга добуш бересиң?

– “Замандашка” же “Ата Мекенге” добуш берем. Мерген Турган:
“МЕНИ ЭЧ КИМ ЧАКЫРГАН ЖОК”
– Мени эч бир партия чакырган жок. Чакырса сүйлөшүп көрмөкмүн. “Партиядагылар өз тааныштарын алып келип эле ырдатып, акча жасап жатышыптыр” деп уктум. Алар аты-жыты билинбеген эле ырчылар экен. Кыскасы, мен эл мененмин.

“Жоролор” тобунун жетекчиси Жылдызбек Абдраимов:
“10 КҮНГӨ 2500 ДОЛЛАР АЛАБЫЗ”
– Биздин “Жоролор” тобу төрт адамдан турат. Төртөөбүз “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен 10 күнгө 2500 доллар алмай болуп сүйлөштүк. Он күндүк жумушубуз аягына чыкса, дагы башка партияга иштейли деп жатабыз.

Баяке Чааров:
“ӨЗДӨРҮ ЭЛЕ “КУДАЛАЙ” БЕРИШИПТИР”
Кайсы бир партия Ильяз Абдыразаковго 3000 доллар беришкен. Арадан көп өтпөй ырчыга башка партиядан
“12 000 долларга ырдап бер” деген сунуш түшкөн. Анан Ильяз биринчи партияга алган 3000 долларды кайтарып берсе, “6000 доллар кылып бересиң же бизге ырдайсың” деген талап коюшкан.
“Ушунун аягы эмне менен чечилди?” деп Ильяздын продюсери Баяке Чааровго кайрылдык.
– Муну мен кеч билип калдым. Менин катышуумсуз эле ошондой иштер болуп кетиптир. Партиянын адамдары тууганчылыкка салып “ырдап бер, иничек” деп акча карматышкан экен. Орто жерден “Республика” да “кудалап” жибериптир. Эки партиянын талашында калгандыктан, азырынча эч бир партияга ырдай элекпиз. Бирок “Ата Мекенди” көздөп жатабыз. Анткени ал жакта менин жакын адамдарым бар.

Мирбек Атабеков:
“ЧЫН ЭЛЕ ГОНОРАРЫМ КӨП”
– Мен “Республика” партиясына иштеп жатам. Чынында, гонорарым көп эле, бирок бул сыр бойдон эле калсын. – Айрым партия жетекчилери азыркы ырчыларды "Арзымат" (курсагы тойгон жерде ар кайсы байды мактаган акын) деп атап алышыптыр, өзүңдү "Арзымат" катары сезбейсиңби?
– Мурдагы бийликтин үгүт иштерине чыкканым чын. Анда кысымдын негизинде чыккан элек. Азыр “Республиканы” өз каалоом менен колдоп жатам. Ырчылар – элдин адамдары. Эл үчүн ырдап, кызматыбыз үчүн акыбызды алабыз. Аны "Арзымат" дегенге болбойт да.

Урмат Усенов:
“БИР ПАРТИЯГА БАЙЛАНГЫМ КЕЛГЕН ЖОК”
– Неля экөөбүз тең бир партияга башыбызды байлагыбыз келген жок. Ошондуктан мен 3-4 партияга келишимдик негизде ырдайм. Мисалы, “Ар-намыс” партиясынын эки концертине катыштым. Бир концертте эки ыр ырдадым. Акчасы жашыруун боюнча эле калсынчы. Андан сырткары дагы үч партия менен келишим түзүү алдында турам.

Алина Жетигенова:
"БАЛАМ ЭКӨӨБҮЗ БИР ПАРТИЯГА ЫРДАЙБЫЗ"
– Балам Азиз экөөбүз тең "Замандаш" партиясына ырдамай болдук. Мага кеч айтып калышты. Ошондуктан кагаз жүзүндө келишим түзгөнгө жетишпей эле гастролдоп бара жатабыз. Партиянын жетекчиси Мухтар менен саясатка аралаша электе эле тааныш болчумун. Гонорар жагынан таарынтышпаса керек деп ойлойм.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЫРЧЫЛАРДЫН САЯСАТКА АРАЛАШУУСУНА КАНДАЙ КАРАЙСЫЗ?

Улан Эралиев,
30 жашта, спортчу:
– Негизи, ырчылардын да ар кандайы болот. Алардын ар бири өзүнүн жөндөмүнө, деңгээлине жараша иш алпарса керек. Бирок башкысы, алардын ичинде патриоттук сезими зор, эл үчүн күйүп иштей турганы болсо, андайларга ийгилик эле кааламакчымын.

Майрам,
60 жашта, пенсионер:
– Ырчылардын аралашуусунабы? Чынын айтсам, саясатта ырчы болобу, башкасы болобу, жыйынтыктуу иштеп берсе дейт элем. Баары креслого отурарда "тоону тоңкором" дейт. Бирок жыйынтыгын 15 жылдан бери эле көрүп келе жатпайбызбы. Андыктан кимиси болсо да иштесин.

Гулира,
47 жашта, соодагер:
– Кыргызстандын ар бир атуулунун саясатка аралашууга укугу бар. Ырчылардын аралашуусуна мен каршы эмесмин. Учурда маданият тармагыбыз жыргап кеткен жок. Ырчы депутат болсо, мындай абалды оңдойт деп ишенем. Анан да жеңил-желпи ырлар көбөйүп кетти. Мына ошону көзөмөлдөшсө болор эле.

Фархат Кеңешбек уулу,
26 жашта, ырчы:
– Билишимче, саясатка бардык эле ырчылар аттанган жок. Кадам таштагандар элге кызмат кылып, элдин жашоосун оңдоого дитин койгондор болсо керек. Бирок ар ким өз иши менен алек болгону жакшы дейт элем.

Айжан,
18 жашта, студент:
– Келечектен жакшылыкты үмүттөнгөн жаштарданмын. Андыктан саясатка кимиси келсе да өлкөдөгү жаман окуялар кайталанбашы үчүн жакшы иштеп берет деп үмүттөнөм. Ал эми ырчылардын кирүүсү плюс эле. Алар дайыма элдин маанайын көтөрөт, жан дүйнөнү байытат. Саясатка кирип, элди да байытышат дейт элем.

Топчубек,
21 жашта, студент:
– Ырчы сахнасы, саясатчы саясаты менен эле болсун. Мен ырчылардын бул ишке барышына каршымын. Саясат эмне нота беле? Ырдап жүрүп атын чыгарып, анан эле саясатка аралашып жаткандарына күлкүм келет. Алар ырын эле кыйратышсынчы.

Назик,
27 жашта, бийчи:
– Эки колдоп колдойм. Ырчылар, негизи эле артисттер эл кишиси да. Алар гастролго чыгып жүрүп, элдин көйгөйүн жакшы билишет. Саясатка аралашышса, көйгөйлөрдү чече алышат го.

Бактыгүл Сокушова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
aminali
2010-09-18 04:22:51
IR4ilar da sayasat4i bolup ketkeni bolboit ko,bawka sayasat4ilar dele jetiwet,birok ubakittan paidalanip ak4a taap aliwsa kowulam ir4ilarga dele.
0
aminali
2010-09-18 04:34:27
IR4ILAR kaisil jerlerge barip "ZAMANDAW" je "AR NAMIS"dep irdap jatti boldu eken?Albette mintip irdawpait boluw kerek,ar kim oz syigon gana irin irdait,patriot bolgon son KIRGIZ elim y4yn irdaim dese ukmuw sonun bolmok(ak4aga irdagan kundo dele).
0
Ceed
2010-09-18 13:50:15
Ырчылар - булар ШОУ БИЗНЕСтин адамдары, булар партияга аралашып саясатка илинип депутат болушса, анда ЖКда баягыдай эле бизнесмендердин курамы тузуп калат, ансыз деле коптогон бизнесмендер ат салышып жатканы талашсыз.
0
talaibek
2010-09-19 09:37:36
Урмат азаматсың ушинтип бир патиянын артынан чуркабай 2-3 патияны аркалаганың жакшы. Мындай ишке ынтымакты, биримдикти сүйгөн элдин башын бириктиргенге аракет кылган гана адамдар баш багат деп ойлойм. Анткени мен өзүм ушундаймын.
0
kyrgyzstan
2010-09-20 11:55:59
Албетте ырчылардын элди аралап концерт бергени жакшы,бирок саясий кербенге ырчылардын кошулушуна каршымын.Анткени партия жетекчилери жаштарды концерт менен сатып алууну коздоодо.18-25жаштагы жаштар шайлоочулардын 40-50%тин тузот. Буларга партиянын платформасы эмес бекер к
0
kyrgyzstan
2010-09-20 11:57:39
бекер концерт кызыктуу. Жаштар стадионго кобунчо Бабанов же Сариев келиптир деп барбайт, Атабеков же Султан Садыралиевдин концертине деп барат... Жаштардын копчулугунун (18-25арасы) саясий коз карашы калыптанып буто элек, алардын ишенимин бекер концерт менен сатып алуу туур
0
kyrgyzstan
2010-09-20 11:59:05
туура эмес... Ал эми ырчыларга бул асмандан акча жаагандай эле кеп да, бир жылдык мээнетин 10-20 кундо тапчу болсо.
0
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан