БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Адыл каякта?

Ордунан шамдагай турду да, маңдайыма жакын келди. Түрү олуттуу болчу. Өңү кызарып, муштуму чытырап түйүлүп, колу шилтөөгө даяр турду. Жакпаган бир сөз айтсам же айтканына көнбөсөм, чоң муштум бетиме былч дегени турат. Эптеп алаксытып, убакытты созушум керек.

– Адыл каякта дейм?!

– Мени тирүү коё берсеңер баарын айтып берем.

– Ии, де. Мына бул башка кеп.

– Дагы бир шартым бар.

– Айт, угуп көрөлү.

– Мага кепилдик керек.

– Өлтүрбөй коё бергенибиздин өзү кепилдик эмеспи?

– Мындан кийин мени тынч коёсуңар. Жолубуз такыр кесилишпесин. Мен өз жолум менен кетем, экинчи бул ыплас жашоого кайтпайм. Сураганым ушу.

Мени бир кыйын адам, көндүрүү кыйын болот деп ойлогон да. Оңой эле “жеңилип” бергениме, Адыл аганы заматта “сатып кетүүгө” даяр экениме таң калгансып карап калды. Балким, атайын ошондой көрүнгүсү келип жаткандыр, көпкө чейин менден көзүн албай тиктеп турду. Бул менин чын же калп айтып жатканымды көзүмдөн изилдегени болчу.

– Болуптур, Адылдын кайда экенин айт да, жолуңа түш. Бизди экинчи көрбөйсүң. Мен эки сүйлөбөйм, ишене бер, сени экинчи издебөөгө сөз берем.

Адыл ага Түркияда, дарегин берем.

Тиги мыйыгынан күлүп койду. Ишенбеди. Жинине тийип алдым. Менден бурулуп, ары карай басты.

– Чынын айтып берип, кыйналбай өлгөнүң жакшы эмес беле. Биздин убактыбыз көп, баары бир чынын айтасың. Билесиңби, адамды көп убакытка чейин жанын көзүнө көрсөтүп кыйнай берсең, акыры ал адамдын эрки жеңилбесе да, акылы жеңилет. Өзүңө ушундай азапты тилеп алдың. Кыйнай берсек өзүңдү жоготосуң, акырында өзүң каалабасаң да оозуң өзү эле сайрап берет бизге бүт чындыкты. Алым, сен ишиңди баштай бер. Керек болуп калсам мени ойготуп койгула,- деп коюп сыртка чыгып кетти.

Алым дегени узун отургучтун үстүнө жайылган темир аспаптарын карап, эмнеден баштасам дегенсип бир саамга карап турду да, кычкачты алды. Денем жыйрыла түштү. Булардын эч бир аячудай түрү жок. Жаныма келип чачымдан кармап өйдө тартты.

– Коркпо, жигит. Азыр үч эле тишиңди жулам, хе-хе. Өлбөйсүң.

– Ушул жерден аман чыгып кетсем, бириң да соо калбайсың. Бирден терип жок кылам. Ушуну билип кой.

– Аман чыгып кетсем де... Чыкпай калдың го.

– Кел, сүйлөшөлү. Каалаганыңды аткарайын, мага жардам бер.

– Мен сенин алдагы оозуңду жабышыңды каалайм.

Башымды жерге ныгыра тебелеп, чоң бармагы менен кулагымдын түбүнө катуу басты эле, оозум өзүнөн-өзү эле ачылып калды. Кычкачы менен маңдайкы эки тишимди дароо жулуп алды. Бакырып жатып калдым. Оозума кан толуп, көзүм караңгылашып тыбырчылап жаттым. Тиги бейкапар ары барып, башка аспаптарын кармалай баштады.

– Бул жөн эле разминка, оюн эми башталат, жигит.

– Шашпа. Менин сунуштарымды угуп көрчү.

– Ии, айт, эмне сунушуң бар?

– Менде эсепсиз акча бар, жарымын ал. Мени бул жерден чыгарууга жардам бер.

– Хе-хе, мени акмак, оңой алданат дейсиңби?

– Айт, эмне каалайсың?

– Мага эч нерсенин кереги жок. Кожоюн мага ишенет, ал үчүн мен баарын жасайм.

Баңгизаттын күчү менен эмне кылып жатканын деле билбейт окшойт бул зөөкүр. Бир коркутуп, кайра токтоп калышса керек деп ойлогом. Тишимди жулуп салгандан кийин жан сактоонун амалын көрүүгө кириштим. Жана Юлай таштап кеткен бычак менен колум таңылган жипти кескилей баштадым. Тиги байкаган жок, өзү менен өзү сүйлөшүп, бирдеме кылып жатты.

“Кожоюн мага ишенет” дейт. Кызык, бул деле мага окшогон бирөө да. Менин андан айырмам кайсы? Ишим – кожоюнга ак кызмат кылуу. Адыл агага кызмат кылам деп мен деле далай адамдын тилегин, бактысын, атүгүл бүтүндөй өмүрүн талкаладым. Адыл аганын ишеничин актайм деп далай отко-сууга түштүм. Мына азыр да Адыл аганын ишеними үчүн, аны сатпаганым үчүн азап-тозоктун оозунда турам.

Эптеп качып чыгыш керек, калганын дагы көрө жатарбыз. Үч саат күтүүгө убакыт жок. Алым бир жипти алды да, шашпай чиеленгенин чечип, учуна кайырмактыкындай, бирок андан алда канча чоң илмектерди байлай баштады. А мен жанталашып колумду чечүүнүн аракетиндемин. Бычак курч экен, тиги илмектерин даярдап бүткүчө мен колумдагы жипти кесип үлгүрдүм. Алым менин жаныма келип, колундагы жиптин бир учун шыптан атайын түшүрүлгөн зымга байлаганы жатканда ордумдан ыргып туруп муунтуп калдым. Башын бир жакка буруп, уйку тамырына алакандын кыры менен бир урсам шылкыйып жатып калды. Эми кеминде 20 мүнөт уктайт, ага чейин качып үлгүрүү керек.

Дароо бутумдагы жипти кыркып, Алымдын чөнтөктөрүн тинтсем колтугунда тапанчасы бар экен. Акырын эшикти ачсам, жогору чыгып кеткен тепкич турат. Тепкич сыртка, короого алып чыгат экен, эч ким көрүнбөйт. Азыр өтө сак болуш керек, болбосо бул жерден тирүү чыкпай калышым мүмкүн. Короого чыгып эки жакты карадым, эч ким жоктой. Көчөнүн бою эле окшойт, ары-бери өткөн машиналардын, адамдардын кобураган үндөрү угулуп жатты. Кутулуп кетсем болот. Элдин көзүнчө булар деле эч нерсе кыла алышпаса керек. Короодо малина эгилиптир, аны аралай жөрмөлөп короонун түбүнө жеттим. Эски темир-тезектер жыйылып турган экен, артына өтө койсом күзөтчү окшойт, телефон чукулап бирөө отуруптур. Дабышты угуп калды, өйдө тура калды эле, ээктен ары бир уруп, үстүнөн басып калдым. Экөөбүз алышып жатып бутубуз тийип кеттиби, жанагы эски темирлер шыгырап кулап түштү. Ыңгайды келтирип туруп бетке катуу тепсем, эси ооп жатып калды.

Короодон бирөөлөрдүн малинаны аралап мени көздөй чуркап келатышканы көрүндү. Тапанчамды атууга даярдап, чоң темир ящиктин артына бекинүүгө жетиштим. Аңдып карасам экөө экен, бири жанагы башчысы болчу. Жакындап келишкенде башчысы шеригине мен бекинген жакты көрсөтүп башын жаңсады. Анысынын колунда тапанча, мага жакын калганда тиги башчысына карай:

– Касен, эмне болуптур?- деп калды.

– Эси ооп жатат. Алдагы жакты кара жакшылап.

Мага жакындап калганда тапанчамдын учун кычыктап чыгарып туруп атып жибердим. Бакырып, ичин кармап жатып калды. Башчысынын колунда куралы жок экен, дароо келген жагына качты. Артынан кууп барып басып калдым да, башына тапанча такадым. Аңгыча эле үй жактан үч адам чуркап келишти, баары куралданган. Тапанчаларын мени каратып сунуп калышты. Юлай да келди, колунда автомат. Ал мени негедир таң кала карап турат. Ошол эле учурда "бүт ишти өлтүрдүң, бир аз чыдап турбайт белең?" деген көз караш. Колумдагы туткунду моюндан бекем кысып артка тарттым. Анын сөзүн тигилер угат, демек, мага ок чыгара алышпайт.

– Бүттү баары, мага бирөөсү жакындаса мээңди чачырата атам.

– Токто, токто. Жан соога, жигит.

– Тигилериңе айт, үйгө киришсин.

– Баарың үйгө киргиле!

Эч кимиси кыймылдаган жок, куралдарын сунган бойдон турушат. Мен тигини моюнун дагы катуураак кысып, буйрук бердим.

– Жашагың келсе айт тигилерге. Мени коё беришсин. Болбосо ажалым жетти дей бер.

– Балдар, артка кайткыла. Сөздү уккула,- деди тигинин жалынычтуу үнү.

Юлай шериктеринен эки-үч кадам артта турган, негедир бир маалда бирөөсүн желкеге бир уруп сулатты да, экинчисине тапанча такап:

– Куралыңды ташта,- деди токтоо гана.

Менин колумдагы башчы мындайды күтпөсө керек, бакырып жиберди.

– Юлай, бул эмне кылганың?

– Бүттү баары.

– Ит экенсиң. Биз сага ишенип...

Юлайдын шериги тапанчасын жерге таштады. Ошол замат желкеге бир сокку жеди да, жерге сулк жыгылды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Komar
2020-08-03 12:23:28
Коп коптон эле чыгарсанар эмне болот? Канчалык созсонор да,бул чыгарма аягына чыгат. Бул чыгарма бутсо башка чыгарма болот. Ай караган текедей кутуп,уч минутка жетпей окуп бутосун.
+7
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан