ДҮЙНӨНҮ БЕТ КАП ТАШТАНДЫСЫ КАПТООДО

“Коронавирус пандемиясы дүйнөдө медициналык бет кап, кол кап жана дезинфекциялык каражаттардын бөтөлкөлөрү сыяктуу таштандылардын көбөйүшүнө себеп болууда”. Мындай билдирүү менен 27-июлда өткөн БУУнун жалпы жыйында Эл аралык соода-сатык департаментинин башчысы Памела Коук-Хамильтон бөлүштү.

Эксперттердин баамында, пандемия маалында киргизилген чектөөлөргө байланыштуу газ таштандылары 5 пайызга чейин кыскарган. Бирок кубанууга али эрте, анткени коронавирус илдетине байланышкан башка таштандылар көбөйүүдө. Көчөлөр, деңиздин жээктери, эс алуучу жайлар жана океандар коргонуучу бет кап, кол кап жана дезинфекциялоочу каражаттарга, дары-дармектин таңгактарына толду деп билдиришти. Алсак, 2019-жылы бир жолу колдонулуучу медициналык бет каптын дүйнөлүк сатылышы 800 миллион долларды түзсө, 2020-жылы 166 миллиард долларга көтөрүлгөн.

“Жаратылыштагы пластикалык таштандылар коронавируска чейинки планетага коркунуч алып келген эң негизги маселелерден болчу. Бул көйгөйдүн бир бөлүгү гана. Пандемия учурунда тамак-аштарды коргоо шартында түрдүү материалдар менен кабаттап каптап, үйлөргө жеткирип берүү кызматтары да болуп көрбөгөндөй күч алды. Жыйынтыгында көптөгөн пластикалык таштандылар көбөйүүдө”,- деди Памела Коук-Хамильтон. Анын айтымында, бул өңдүү күндөлүк колдонулуучу каражаттар абалдын курчушуна себеп болууда.

"Киодо" агенттиги франциялык экологдордун айткан маалыматтарына таянып, бир жолу колдонулган бет каптардын экологияга алып келген зыяндуулугун жана бет каптардын түрдүү жайларда, жадакалса балыкчылардын торунда саякаттап жүргөнүн жазышкан.

Колдонулган бет кап, кол кап жана башка сактануучу каражаттар эми океандардын булганышына алып келери айтылууда. Эгерде азыртадан тиешелүү чаралар токтоосуз көрүлбөсө, адамзаттын зыяны менен жаратылыш көп кырсыкка кабылары да айтылды.

Изилдөөгө ылайык, бир эле бет кап топурак алдында же жерге түшкөндөн кийин чирип жок болуусуна жүздөгөн жыл кетет деп бүтүм чыгарылган. "Oceans Asia" уюму көп жолу колдонгон бет капка өтүүнү сунуштаганы да бар.

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан