– Ооба, көптөр менин пикиримди туура эмес деши мүмкүн. “Башты оорутпачы” дегендер да болот. Бирок бул жеке тажрыйбамдан алынган ойлор. Туура, ар ким акылына, жүрөгүнө, жан дүйнөсүнө жараша сүйүү бере алат. Жок, андан да туурасы, ким кичине кезинде кандай сүйүү алса, ошондой сүйүү бере алат. Эгерде сенин апаң өзү ата-энеси тарабынан сүйүлгөн болсо, ал сени эзилип, эч нерседен тартынбай, коркпой, төгүлүп-чачылып сүйөт. Ал жарытылуу мээрим албай калса түртмөлөнүп, кысылып, ачык сүйүүдөн корунуп чоңойсо, өз баласын сүйгөндөн да тартынат. Кудум карызга бир нерсе сурап жаткандай сүйүүнү да жашыруун берет. Буга кыргыздын менталитети да кошумча. “Тим эле баласын азыр көрө калгансып өпкүлөйт менин көзүмчө” дешет айрым кайын эне, кайын ата. Ошентип уул-келининен өз баласынын сүйүү акысын да колунан алып коюшат.
Билесиңерби, мага кысылып берилген сүйүү карызга берилген акчадай сезилет. Же тузу кем тамактай. Же эшиктин жыртыгынан кыпчылып, шоола берген жарыктай. Же сынып калган оюнчуктай. Айтор, өксүк. Толук эмес.
Өмүр бою ушу өксүктү сезип жашадым. Ойлобогула, ата-энем мага эч нерсе бербей койгон деп, ажырашып кетишкени менен алар сабагыма, кийимиме, ден соолугума аябай көңүл бурушкан. Болгону дүйнөмдүн жарым экенин, көңүлүм өксүк экенин байкашпады.
А мен башкача болчумун. Жан дүйнөм назик, сезимтал эле. Кичинемден зирек элем. Атам бизден кеткенден кийин көп узабай каза болуп калды. Апам жалгыз чоңойтту, өзү да чоң эненин колунда өскөн экен. Ошондон уламбы, ушундай катуу эле, көзүмдөн жаш мончоктоп атса “эмне болду?” деп сурабачу. Ушундай даражада катуулук бар эле. Жөн салды тиричилик айтып же байкамаксан болуп койчу. Апам кимдир бирөөнүн эле эмес, өзүнүн көкүрөгүнө үңүлүп, эмне каалап же каалабай жатканын аңдабагандай сезилчү. Апамды карап роботту элестетчүмүн. Акылына “кызыңды эч нерседен кем кылбай багасың” деген жападан жалгыз программаны киргизип алган роботтой сезилчү.
Апам, ай. Эмнеге? Качан, кайдан мындай болуп калдың? Мени эч көрбөдүң, сезбедиң. Азыр деле тиричиликтен тыш сөздөрдү сүйлөшө албайсың. Мени өзүңө жакындаткың келбейт. Көкүрөгүңдө эмне бар экенин бөлүшкүң келбейт. А мен чоңойдум. Мен сени аябай жакшы көрөм. Сенин агы көрүнгөн чачтарыңа, сулуу жүзүңө, мээнеткеч колдоруңа, тунук акылыңа суктанам. Сүйүүңдү сезбейт дейсиңби? Сезем, жаным. Болгону сенин сүйүүңдүн өз тили бар. Мага түшүнүксүз, жат, менден алыс. Бул сүйүүнүн тилин таба албай убарамын. Көп темада сүйлөшкүм келет. Мисалы, мага окшоп сүйдүң бекен? Таң атканда шүүдүрүмдө баскың келген, көлдүн толкунун уккуң келген, жамгырга жүзүңдү тоскуң келген жиндилик сенде да болгонбу, билгим келет. Атам менен болгон мамилеңди билгим келет. Мен да мени кыйнаган ойлордон арылат элем.
Бала энесине гана жан дүйнөсүн жылаңач көргөзө алат. Эмнеден коркот, эмнеден уялат, бир гана энесине айта алат. Бирок эне уга алса...
Мени эч бет капсыз, жылаңач жан дүйнөмдү көрсөтө алган жалгыз адам – өмүрлүк жолдошум болду. Ал мени кемчиликтерим менен, коркууларым менен чогуу сүйдү. Көкүрөгүмдөгү ар бир такты көрдү, абайлап мамиле жасап жатып айыктырды. Мен анын коргоосунда башка бир жан дүйнөнүн тилин ачтым. Бактылуумун, апа. Бирок сен бактысыз экениңди сезем. Сүйлөшө албаганың үчүн, сүйүүңдү ачык көрсөтө албаганың үчүн, кайсы бир нерселер ичиңде гана чаңырып калып кала бергени үчүн бактысыз экениңди билем. Сен бактылуу болмоюнча менин да бактым жарым экенин бир билсең...
Ооруп жүрөсүң. Мен коркуу ичиндемин. Сени менен эне-кыз катары ачылбай өтүп кетебизби деп жаным чыгат. Ата-энелер, балдарыңарды ачык сүйүүдөн коркпогулачы. Жабык сүйүү сандыктын түбүндө жатып, дат баскан зер буюмдай. Датын ким тазалай алат, ал да белгисиз. Балдарыңарга байлык да, бакыт да калтырып кете албайсыңар, бирок аларга арналган сүйүү өмүр бою коштоп жүрөт. Жөн эле сүйүү бере алганга үйрөтүп койсоңуз, ага чоң жакшылык кылган болосуз.
Назира