Кыргыздын Малайзиядагы жана Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанды УКМК күбө катары суракка алууда.
Ал Коопсуздук кызматына 23, 24 жана 27-июлда суракка кирип чыкты. УКМК бул иш боюнча комментарий бере элек. Мурдагы элчи Кылмыш-жаза кодексинин 309-беренеси – бийликти күч менен басып алуу боюнча күбө катары суралып жатканын 27-июлда анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди. Кылычбек Султан тийиштүү тил катка кол коюп бергенин билдирип, суракта эмнелер тууралуу сөз болгонун айткан жок.
“Акыркы жылдары мамлекет орчундуу, олуттуу иштер менен алектенбей, коркутуп-үркүтүү, ооз жаптыруу иштери менен алектенип жатат”,- дейт экс-элчи.
21-июлда Кылычбек Султан социалдык тармактагы баракчасына “5-август. 2020-жыл. “Сооронбай Жээнбековго – импичмент”. Кайдыгер эмес жарандардын нааразычылык митинги” деген билдирүү жарыялаган. Ал бийликти “эпидемиялык кырдаалда карантин киргизип, элди үйүнө отургузуп, бизнести токтотуп коюу менен эле чектелди. Вирустун жайылышынын алдын алууга, элди дарылоого тийиштүү чараларды көргөн жок. Анын кесепетинен миңден ашуун жаран көз жумду” деп сындоодо.
Ошондой эле ал "эпидемиялык кырдаалга байланыштуу 5-августта деп айтылган митингди 5-сентябрга же 5-октябрга жылдырууну сунуштайм" деп жарыялады.
Мурдагы элчи өзүнүн суракка чакырылып жатышын – Ак үйдөгү айрым адамдардын президентке жакшы көрүнүү аракети катары баалап, мындай аракеттин арты эч бир бийликти жакшылыкка алып барбай турганын айтууда.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg