Нурайым Азыкбаева: «АТАМДЫН КААРЫНАН КОРКОМ»

"Аккан арыктан суу агат" демекчи, Курмангазы Азыкбаев кызы Нурайымды өзүнөн ашыра тарбиялап, музыкага сугарганга бардык күчүн жумшап келет. Нурайым жаштайынан скрипкасы менен дүйнөнүн көп өлкөсүн кыдырып, кыргыз музыкасын таанытып жүрөт. Бүгүн биз мына ушул таланттуу, татына кыздын жан дүйнөсүн, дегеле жашоодо кандай адам экенин ачып берүүгө аракет жасайбыз.

АТАСЫНЫН КЫЗЫ

  • 1989-жылы 3-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.
  • Туулган күнүнө карата жана “Чыгыш базары” сынагына топ менен эмес, жеке ырчы катары барып келгенин куттуктап, ата-энеси машина белек кылышты.
  • Бир байкеси, эки иниси бар. Баары тең музыка дүйнөсүнүн патриоттору.
  • “Казакстандын атын чыгарып бизге иштегиле” деген сунуш бир нече ирет түшкөн. Бирок Азыкбаевдердин жүрөгү кыргыз деп гана согот.
  • Атасынын кызы. Атасынын мүнөзү катуу. Бирок эл ойлогондой балдарын уруп-сокпойт.
  • Бош убактысында психология боюнча китептерди окуп, апасы менен төшөк көктөйт.
  • "Чыгыш базары" фестивалында Атай Огомбаевдин "Эсимде", Токтогул Сатылгановдун "Үлгү ыр", Калыйбек Тагаевдин "Таалайым сенде" ырларын аткарды.

– Нурайым, билишимче, балалы­гың Нарын жергесинде өткөн...
– Ооба, 6 жашыма чейин Нарын жергесинде, чоң энемдин колунда өскөм. Бала кезде кыздардын деле чачын устара менен кырып салат го. Кыска чачыма чачыгы бар сүлгү байлап узартып алып, коңшу кыздарга берген концерттеримди унутпайм. Анан борбордогу Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке киргем. Мектепке кирерде кадимкидей сынак тапшырышат экен. Ошондо атам мага бир сааттын ичинде нотаны үйрөтүп койгон. Мугалимдер колумдун жөндөмүн карап көрүшүп, скрипка бөлүмүнө алышты. Ага удаа эле №1-музыкалык мектепте комуздан, Шубин атындагы мектепте скрипкадан сабак алып окудум. Бир учурда үч мектепте окудум деп айтсам, оор угулушу мүмкүн. Бирок үчөө тең музыкалык болгондуктан, кызыгуу, аракети бар адамга кыйын болбойт.
– Бир мезгилде үч мектепти аяктаган кыз азыр бир эле окуу жайда окубаса керек...
– Мектептен соң Улуттук консерваториянын скрипка бөлүмүнө тапшырдым. Андан сырткары Политехтин менеджмент факультетинде да окуйм. Ошол эле Политехте студенттерге маданият таануудан сабак берем. Учурда бул нерсени убактылуу жыйыштырып коюп, “Эне-Сай” тобуна көбүрөөк күч жумшап жатам. Мурунку “Наристе” тобу менен “Эне-Сайды” кошуп, камералык оркестр түзгөм. Топто мурун 6 адам элек, азыр 11 адам болуп көбөйдүк. Жаңы курамдын мүчөлөрү Абдраев мектебинин окуучулары. Мүнөзү жагынан мени менен иштеше ала турган, фольклор, жаз, классика, эстраданы бирдей алып кете турган таланттар менен толукталдык. Андан сырткары кенже курам түзүп, ага төрт жаш жеткинчекти алдым.
– Жаш болсоң да чет өлкөлүк сынактарга катышып, чоң сахнаны аралап жүрөсүң. Алардын сахнасы менен биздин сахнанын айырмасы кандай?
– 14 жашымда биринчи жолу Прибалтика өлкөлөрүн кыдыргам. Ошондон бери бир нече өлкөдө болдум. Биз көбүнчө Казакстанга тойлорго чакыруу алабыз. Бирөө чакырат, андан угуп экинчиси чакырат дегендей. Биздин тойлордо тост берет, анан бир ырчы ырдайт. Ушинтип алмак-салмак кете берет го. Аларда оюн-зоок, ыр-күү көбүрөөк. Бир тойдун үстүнөн 20-30 адам иштегени менен, кыргыз берген тойго жетпейт. Анткени биздин тамадалар алардыкына караганда 2-3 эсе профессионалдар десем жаңылышпайм, кандай болбосун тойдун көркүн чыгарышат.
– Бир тойдон канча сом тү­шөт?
– Акча жагын атам өзү сүйлөшөт, мен кийлигишпейм. АКШнын, Орусиянын сахналарына токтолсом, уюштуруу иштери өтө жогорку деңгээлде болуп, сахнасынын чоңдугу, жасалгасы менен бизден бир кыйла алдыда. Мисалы, Бритни Спирсти алалы. Анын клиптери теледен, ырлары радиодон берилип жатса эле, “даяр ырды коюп койду” дейбиз. Бирок ал концерт бергенде жандуу үн менен ырдайт. Музыкасын канча аспап коштосо, ошонун баары сахнада ойнолуп, бир эле ырды бир нече стилде жандуу ырдай билет. Алардын сахнада аткарылган ар бир ырына өзүнчө сценка коюлат. А бирок аларда жылдыз оорусу күчтүү. Жылдызы жанып турган жаш ырчы өзүнөн көп жаш улууну деле тебелеп-тепсеп кете берет. Кыргыз элинде ыймандуулук баарынан жогору. Мен ушуну менен сыймыктанам.
– Жакында эле Украинада өткөн “Чыгыш базары” сынагына катыштың. Эмне жаңылык ала келдиң?
– Жаңылык көп. Индонезиядан келген ырчы жигит өз мамлекетине чогуу концерт берүү үчүн чакырды. Эгер бул тилектер ишке ашып калса, дуэт жаздырабыз. Сынак жөнүндө айтсам, орундар алдын ала сатылып кеткени билинип турду. Калыстар тобунун башында, курамында өзбек туугандар отурду. Мамлекетибизде болуп өткөн окуядан улам алар бизди басып койду дегим келет. Жыйынтыгында мен финалга чыкпаганым менен, Неля чыкты. Демек, Кыргызстандын аты жаңырды, бул мен үчүн сыймык. 1-орунду Казакстан алды. Гран-При болгон жок. Угушубузга караганда, Гран-Приге демөөрчү болгон адам 30 000 евросун бербей качып кетиптир.
– “Калыстар тобунда өзбек туугандар отурду, өлкөдөгү кырдаалга жараша бизди басты” деп жатасың. Эмне үчүн анда ал­дың­­кы орунду өзбек ырчысы алган жок?
– Өзбек ырчысын жакшы эле көтөрмөлөштү, алда канча төмөн деңгээли менен 2-орунду алды. Эгер андан да жакшыраак ырдаса 1-орунду алмак.
– Жол чыгымын ким көтөрдү?
– Бизге Маданият министрлиги чакыруу берген. Ошол чакыруунун негизинде сынакка бекер катыштык. Катышуу үчүн жүздөгөн евро төлөнөт экен. Продюсеримдин, менин барыш-келиш жолубузду атам көтөрдү.
– Продюсериң Назгүл Айдаралиева экөөңөрдүн ортоңордо кагаз жүзүндө келишим барбы?
– Экөөбүздүн иштешкенибизге эки жыл болду. Кагаз жүзүндө келишим жок.
– Эл арасында “бул кыз скрипкасы менен эле жүрө берсе болмок, ырдай албайт. Ырлары кыска-кыска кайрыктардан турат” деген кеп бар. Вокалдан сабак алдың беле?
– Мен бир эмес, бир нече профессионал мугалимден сабак алгам. Ырдоо жагынан деңгээлим төмөн деп эсептебейм. Ушул жерден кыстырма кыла кетким келет. Ооба, бизде жаш таланттар дүркүрөп өсүп келе жатышат. Бирок көбүнүн музыкалык билими жок. Ушуну айтсам, “өзүңөрдү “классикабыз” деп бөлө бересиңер” дешет. Кеп анда эмес. Биздин ырчылар компьютердин жардамы менен үнүн кооздотуп алышат. Чет өлкөгө концертке же сынакка барганда ырчылар чай, кофе ичип эс алып жатышканда жандуу үн менен бири-бирине ыр тартуулашат. Мына ушул жерден өздөрү уят болот.
– Сырттан караганда татынакай, шайырсың. Чыныгы жүзүң кандай?
– Чын эле шайырмын, күлкүчүмүн. Достор менен чогулганда күлкүм бир кармаса кечке күлөм. Анан баарын бетке айткан ачыкмын, бирок унчукпачу жерден унчукпай коём. Жемимди кандай учур болбосун, такыр жедирбейм.
– Жигит жагы кандай болуп жатат?
– Сиздер мурунку сандарыңарда “Нурайым Азыкбаева Чыңгыз Мырзаев менен жакшы түгөй болчудай” деп тамаша иретинде жазыптырсыздар го. Ошону атам туура эмес түшүнүп алып, аябай урушту. Кыскасы, атамдын каарынан корком. Ошондуктан жеке жашоом жөнүндө эч нерсе айтпайм.
Атамдын бир жоругун айтып берейинби? 2009-жылы Опера-балет театрында “Жылдын тандоосу” деген кече өткөрүлдү. Чет өлкөгө Кыргызстандын атын даңазалап жүргөнүм үчүн мени да сыйлашмак экен, концерттик программага да кошуп коюшуптур. Ал мезгилде ден соолугум бир аз начарлап, ооруканада жаткам, ага болбой чакырган жерге бардым. Режиссёр Казакстандан келиптир. Даярдануу учурунда ал киши мага “скрипкада ары-бери бийлеп ойно” деди. “Ооруп жатам, отуруп комузда эле ойноюнчу” деп сурансам “ары жакка кат алдыгыныңды” деп комузумду жактырбай жинденди. Ошондо атам чет өлкөлүк адамдын мага кылган мамилесине, улуттук аспапты басмырлап жатканына чыдабай кетти. Тура калып режиссёрду микрофон менен бетке койду. Бул окуя чоңдорго чейин жетиптир. Режиссёр кетерде “кокуй, кой, сен Кордайга жетпей каласың” деп коопсуздукту сактоо кызматкерлерин кошуп жөнөтүшкөн. Атамдын кыялы мына ушундай.

Сүйүн Кулматова
star
@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
swan
2010-09-17 23:19:22
Ona talantliva
0
Elit
2010-09-18 06:50:03
Оркунун оссун!
0
Titi
2010-09-18 14:28:35
Атаң ырас кылыптыр бетке микрофон менен чаап.
0
Yoma
2010-09-18 22:01:43
Kurmangazy Azykbayevdi chyn dilimden urmattaym.Chynygy Kyrgyzdyn munozu tak ushul kishide!
0
talaibek
2010-09-19 09:52:55
Азамат Курмангазы байке.
0
nazira
2010-09-20 02:15:30
iygilik sana .
0
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан