“МЕКЕН” ТАСМАСЫ ЭМНЕГЕ БИЙЛИККЕ ЖАКПАЙ КАЛДЫ?

Экологиялык маселелер камтылган “Мекен” аттуу тасма 2019-жылы тартылган. Бирок фильм бут тосуулардын айынан элге көрсөтүлбөй калганы белгилүү болду. Тасманын продюсери Бектемир Мамаюсупов буларды айтты.

– Тасманын продюсеримин жана башкы каармандын ролун ойногом. Режиссёру жана сценарийин жазган Медербек Жалилов. Былтыр тартылып, 2020-жылдын январь айында кинотеатрларга коюлмак. Тасманы кинотеатрларга койгонго уруксат алуу үчүн күбөлүк керек эле. Аны Маданият министрлиги көзөмөлдөгөн бир мекеме берет. Күбөлүктү бербей, ушуга чейин сүйрөп келишти. Төрт жолу комиссия түзүлдү, бирөө келет, бирөө келбейт, шылтоолорду айтышат. Прокатка уруксат бере турган күбөлүктү башкалар оңой эле алышат. “Мекен” тасмасы кыргыз жериндеги экологиянын бузулушу, кендер казылып, чет элдик инвесторлор биздин жерибизге сук артып жатканы баяндалган тасма. Ошол нерсе бийликте отурган анча-мынча кишилерге жакпай калып, бут тосуулар башталды. “Тасмада пара алган жерлери бар, аны кескиле” дешти, “бул көркөм тасма” деп түшүндүрсөк да болгон жок. Аны кестик. Анан карантин башталып кетти, ушул убакка чейин келдик. Тасма тартканга мен 100 миң доллардай акча карызга алгам. 31-июлда прокатты күтпөй, эл оор абалда турганда духун көтөрүү үчүн “Мекен” тасмасын YouTube каналга жүктөй бермек болдум. Учурда эсептик карта ачтык, чет өлкөдөгү патриот жигиттер, кыздар, кыргыз жериндеги мекенге кайдыгер карабаган адамдар тасмага кеткен чыгымды төлөгөнгө жардам беришсе жакшы болмок. Бул тасманы күткөн адамдар көп. Тасманын саундтрегин Гүлнур Сатылганова ырдады.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Alia82
2020-08-03 13:13:30
Азаматсынар, чын чычалатат деп коёт, бийликтин анык жузу корунот деп коркуп атышса кк да, киносуз деле баарына белгилуу да бул нерселер. Келгиле колдон келсе кобуроок акча кошуп, болбосо жок дегенде бир билеттин акчасын болсо да которуп патриотторубузду колдоп коёлу
+23
Araika
2020-08-03 20:21:22
Ыйлагым келип журогум элжиреп жатып кордум. Чыныгы жашоо тартылган.
+13
Dani
2020-08-04 02:04:50
Жакшы тартылыптыр мага жакты
+11
nurhan2702
2020-08-04 07:49:24
Келгиле , кыргыздын патриоттору! Чыгымдарды тологонго жардам берели.Ансыз деле Эл озун озу багып, озу дарыланып келатат!
+17
rafo80
2020-08-08 11:29:48
nurhan2702, Эсептик картасын жөнөтсө болмок.
+1
Shokoladka94
2020-08-05 09:40:47
Мага жана мага окшогондорго жакты, албетте бийликтегилерге жакпай турган тасма экен! Фильмдин жаратуучулары азасатсынар!
+6
Noon
2020-08-05 22:30:40
Эн сонун тасма,коптон бери кыргыз фильмдерин мындай таасирленуу менен коро элек элем.
+3
Nuri1988Elim2010
2020-08-08 23:33:19
Бийликтегилерге жакпайтта чыныгы азыркы учурлар тартылыптыр, Азаматсыңар мыкты
+2
Leon441
2020-08-09 03:43:54
Азаматсынар жакшы тартылыптыр.
Кыргызстанга 120чимкириктин кереги жок, ак иштеген май баспаган жаштар керек.
+1
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан