“ТУҢГУЧ” ТЕАТРЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ САДЫР НАЗАРОВ КАЗА БОЛДУ

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Садыр Назаров 26-июль күнү 83 жашында оорудан улам каза болду. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматованын өмүрлүк жолдошу, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин кандидаты, профессор Садыр Назаров 1937-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик Политехникалык институтунун окутуучусу, проректору болуп кызмат өтөгөн. 1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин “Туңгуч” театрынын башкы директорунун кызматын аркалаган.

"Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты маркумдун өмүрлүк жары, залкар актриса Жамал Сейдакматовага, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан