КИМ? КАЙДА? КАЧАН?

Супер агент

Сепилдин ичинде эч кимге көрүнбөй жашасаң да, кайсы бир учурда кылган ишиң билинип калышы мүмкүн. Айрыкча элге аттын кашкасындай таанымал адамдарыбыздын айланасында эмне деген гана сөздөр болбойт. Биздин редакциянын куржунуна келген каттарга жооп берели.

“БЕКЧОРО МЕНЕН ЭРЛАН УРУШУП КЕТКЕНБИ?”
– Саламатсыздарбы, редакция. Мен жакында бир курбумдан мындай маалымат уктум. Бекчоро үйлөнөр астында Эрлан Андашев менен бир батирде жашаптыр. Бекчоро акыркы күндөрү тартипти бузуп, кызын алып келип алыптыр. Мына ушундан улам Эрлан экөө аябай таарынышып кетишиптир. Айнура, Бишкек.

Эрлан Андашев:
– Бекчоро экөөбүз убагында бир батирде турганыбыз чын. Бирок ортобуздан эч кандай кара мышык өткөн эмес. Анын үстүнө Бекчоро намаз окуп, дин жолунда жүргөндүктөн, келинчеги менен үйлөнгүчө жашаган эмес. Мындай ушакты бизди уруштура албай жүргөндөр чыгарган болуш керек.


“КЕРИМ ТУРАПОВ КАЛП АЙТТЫБЫ?”
– Урматтуу редакция, саламатсыздарбы. Мен Керим Тураповдун интервьюсун окуп, жиним келгенинен сиздерге кат жазууну туура көрдүм. Ал берген интервьюсунда “балам жакында үйлөнөт, тойго камылга көрүп жатабыз” деп айтыптыр. Муну айтуу менен Керим агай миллиондогон окурмандарды алдады. Билишимче, анын уулу Канат былтыр эле үйлөнгөн. Ушул жылдын апрель айында Акылай аттуу кыздуу да болгон. Канат бул кызды ала качып алган. Угушумча, эки жаш тил табыша албай, келиндин боюнда бар экенине карабай ажырашып кетишиптир. Учурда келини өз апасы менен турат экен. Сиздерден ушул маалыматты тактап берүүңүздөрдү өтүнөм. Айтурган, Бишкек.

Керим Турапов:
– Ооба, ошондой иш болгон. Тил табыша албай калышты, эмне кылалы?..


“ИЛЬЯЗ АНДАШ МЕНЕН ЖАНЫМ АЙЗАТ
КЫЗ-ЖИГИТПИ?”
Бир жолу концертке барганымда көшөгөнүн артында бир адамды күтүп турган элем. Ошондо Жаным Айзат менен Ильяз Андаштын бири-биринен көздөрүн албай тим эле таттуу сүйлөшүп жатканын байкадым. Кийин курбумдун “экөөнүн дайыма эле чогуу сейилдеп жүрүшкөнүн көрөм. Сыягы, алар кыз-жигит окшойт” дегенин угуп, бул нерсенин чын-бышыгын билгим келип жатат. Бегимай, Бишкек.

Ильяз Андаш:
– Негизи, концерттерде экөөбүз бири-бирибизден көзүбүздү албай сүйлөшмөк тургай, кучакташып деле коёбуз. Анын эмнеси бар экен, достор деле кучакташат го. Анан да экөөбүз кошуна тургандыктан, чогуу сейилдеп калганыбыз чын. Айзат бардык жагынан төп келген кыз. Менин кыялымдагы кыз десем жаңылышпайм. Өң десең өңү бар, таланттуу десең таланттуу. Бирок азырынча экөөбүздүн ортобузда кыз-жигит мамилеси жок. Балким, келечекте болуп каларбыз. Аны убакыт көрсөтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
takim
2010-09-25 18:11:53
ооо тобо, Эрлан калп айттын корунот. Бекчор аялын жашырып жургон унутуп койдунбу...
Тамчы гезити аны жазып чыкты эле, аны да талкаладыэле. Сенин уйундо официалдуу турдо уйлонгучоту жашаганы калп беле аялуэкоо тен ...
0
takim
2010-09-25 18:12:27
Ильяз да калп айтат, Айзатты жакшы деле корбойсун го....
0
lira
2010-09-25 22:19:28
Iliaz m-n Aizattyn produceri bir bol4u..balkim oshondon ele 4ogu jurup kalyshattyr...
0
TROYA
2010-09-25 22:58:03
kyskasy kyrgyz jyldyzdary emne ele bolup jatywat bilbeim birok oilonup iw kylsa jakwy bolmok
0
imperator
2010-09-29 01:58:18
Бироонун турмушуна аралашып не кыласынар,туугандар.
0
sani
2010-09-29 22:34:02
soz jok.
0
Нукура кыргызка
2010-10-01 07:59:30
Эрлан,азамат!
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан