СЕНДЕН КИЙИН... (Эки аялдын таң калычтуу тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Искендердин тынчы кетип, кыйналып жүргөнүн Айтурган да билди.

– Сен эмне эле болуп жүрөсүң?- деди ал бир күнү чыдамы кетип.

– Эмне болуп жатыптырмын?

– Барсыңбы же жоксуңбу белгисиз.

– Кандайча бармынбы же жокмунбу?

– Жинге тийбечи, биздин үйдө барсыңбы же жоксуңбу белгисизсиң деп жатам.

– Сага ошондой сезилип жатат. Баары жайында.

Искендер терс бурулуп жатып алды. Айтурган да жини келе терс бурулуп жатып алды. “Жумушунда бир нерсе болуп жаткандыр, убагы келгенде айтат” деди ичинен. Дагы да өзүн алдады. Анан да адамда ишеним деген нерсе бар. Ишенген адамың тууралуу эч бир жаман ойлоно албайсың. Айтурган күйөөсүнө сокур ишеним эле. Эч бир убакта Искендердин башка бир аял менен байланышы болору оюна келчү эмес. Бул жолу да келбеди. Искендерге ушул ишеним баарынан оор болчу. Аялынын ишенимин тебелеп кете албайт эле. Ушунча жылдык курган сезимдерин тебелеп кеткени өзүнүн өлүүсү менен барабар болчу. Үйүндө да жай таба албаган, жумушка да көңүлү жок, уулдарынын жанына да кете албаган бир азаптуу күндөр башталды. Бир чети бактылуу күндөр эле. Жан дүйнөсү менен тартылганы – уулдары болчу. Жок дегенде бир жолу аларды көрүп койбосо болбойт. Алан жакшы болуп келе жатты. Өзгөчө ушу баласы менен жакын болуп кетти. Күндө өзүн күтүп, терезеде отурчу. Көрөрү менен эшикти ачканга чуркачу.

– Искендер атам келди,- деп жиберди бир жолу сүйүнгөн уулу.

“Ата” деди. Оозу толо айтты. Апасынын көздөрү бакырайып, Искендер турган жеринде катып калды.

– Жинди, ал биздин атабыз эмес,- деди Адам шыбырай.

– Мейли, атам болбосо да мени айыктырды. Ошого ата дей берсем да болот. Туурабы, апа?

– Билбейм, уулум. Мен...

– Болот,- деп койду бала өзүнчө ишенимдүү. “Сен дагы уруксат бер” дегенсип сураныч менен тиктеп калды Искендерге.

– Ооба, сен менин уулумсуң да. Сен ата де мени. Макулбу? Мени ата десең аябай сүйүнөм,- үнү калтырап кетти атасынын. Моюнунан кучактаган баласын бооруна кыса ыйлап жибербегенге араң чыдады.

– Жок, сен биздин атабыз эмессиң.

Адам болсо жактырбай тиктеп турду. Ичинен эгизи жөн жерден ата таап алганына кызганып тургандай. Сөздү улантыш оор эле.

– Келгиле, чай ичебиз,- деп жиберди Аяна. Балдар ойноп кеткенде гана экөө бири-бирин тиктеп калышты.

– Мындан ары эмне болот?- деди Искендер. Муну өзүнөн сурадыбы же Аянадан сурадыбы белгисиз болчу.

– Жарым жылдай операциянын жыйынтыгын күтүшүбүз керек. Муну өзүң айттың. Андан кийин биз кайра кетебиз. Бир аз убакыт чыдап кой. Анан жашооңдон кетебиз.

– Сен кетесиңби, коёсуңбу, өзүң билесиң, бирок балдарды эми менин жанымдан карыш чыгара албайсың. Мурун билбеген үчүн жүрдүм. Эми эч кайда алып чыгып кете албайсың.

– Искендер...

– Сен эч качан менин абалымды түшүнбөйсүң. Ойлогонуң эле өзүң. Сенин балдарың маңдайыңда турат, бирок ата деп айта албайт. Бул канчалык оор. Ата деген сөздү да тилемчидей тиленип айтып алса жүрөгүң жарыла сүйүнүп отурасың. Сен аларды бооруңа кыскың келип жатса да аны кулпулаганга аргасызсың. Бул канчалык оор, билесиңби?

– А сен билесиңби жалгыз бой эне болуу кандай оор?

– Жок.

– Билбесең билип ал. Жалгыз бой эне болуу ата үчүн да, апа үчүн да, адам үчүн тең чечим чыгаруу. Балдарыңдын үмүтүн, сага болгон ишенимин бошко чыгарбоо үчүн күнү-түнү алпурушуу. Жаныңды оозуңа тиштеп алып турмуш менен күрөшүү. Бакырып ыйлап алгың келсе да дым чыгарбоо, анткени балдарың сенин кыйналганыңды билбесин. Ыйлаганга да, шалдайганга да акың жок, анткени эки баланын төрт көзү сени тиктеп турат. Кээде акылыңдан адашып кеткиң келет, анте да албайсың, анткени алардын сенден башка эч кимиси жок. Өзүңдүн эч бир жашооң жок, анткени сен энесиң. Мен билген энелик ушундай. Сен көп болсо жарым жыл кыйналдың.

– Азыр ким канчалык кыйналганын салыштыра турган убакпы?

– Искендер, сага эч кандай милдетим да, доом да жок. Сен дагы мага дүйнөдө эң чоң кылмыш кылган адамдай мамилеңди токтот. Сенин күнөөлөгөн көздөрүң мени күндөн-күнгө муунтуп бара жатат.

– Эмне кылайын? Мен жашай албай бара жатам.

– Ии, мен жыргап жашап жатпаймынбы?

Искендер Аянаны бир далайга тиктеп калды. Эч кимди, өзүн да, башканы да аябагандай бир катуулук пайда болуптур. Балким, бул жалгыздыктын кесепетидир, балким, бул бактысыздыктын белгисидир? Мурун башкача кыз болчу. Жашоого тойбогон, ар бир мүнөтүнөн ырахат алган башкача жан эле. Көздөрү мындай катуу эмес эле, каштары мындай жыйрылчу эмес.

– Кичинекейим,- деп жиберди. Аяна жалт тиктеди. “Жок, жүрөгүмө кайра киргенге аракет кылба, ансыз да сага жолугуп, бактысыз болдум. Кайра жалынсыз түтөгөн күндөрүмө кайткым келбейт. Мени жайыма кой” демек азыр көздөр сүйлөй алса.

– Мен сени...

– Искендер, үйүңө кет.

– Макул, мен эч нерсе дебейм. Сен үчүн канчалык ал эшик жабык болсо, мен үчүн да жабык. Бирок сен өзгөрбөчү, сен катуу болбочу. Андан көрө дүйнө ала салып кетсинчи. Ооба, мен акылсыз акмакмын. Мен адам деле эмесмин. Менин айымдан сен да, балдар да кыйналышты. Ошентсе да сен өзгөрбөчү, мени жек көрүү менен карабачы. Билем, чарчадың, аябай оор болду. Ошентсе да...

– Кет дедим.

– Кетем. Эртең кайра келем.

Искендер чыгып кетти. Аяна бир топко отурду да, тарелканы болгон күчү менен ыргытып жиберди. Чуркап келген балдарына күлүмсүрөй карады.

– Колумдан түшүп кетти, балдар, силер тишиңерди жууп, төшөккө жөнөгүлө.

ххх

– Ырас келдиң, эже, сени, балдарды да сагындык эле,- деди Салима эжесин кучактай.

– Сонун жер экен.

– Аландын абалы кандай?

– Жакшы. Буюрса, жарым жылдан кийин баары өз ордуна келет. Өзүң кандайсың?

– Жакшы, минтип жайлоого чыгып кетебиз. Кышында айылга түшөбүз.

"Ушунча жыл окудуң, канча эмгек кылдың, эми Нарынга, айылга жашаганы турасыңбы?" деп урушканым эсимде. Азыр жашооңду карап туруп, сен туура жолду тандагансың деп ойлоп жатам.

– Ооба, Самат жакшы күйөө, балдарыбыз да жакшы чоңоюп жатышат. А менин билимим бул жерде деле кереги тиет. Жылкыларды, койлорду, уйларды дарылап жатам. Менин ветеринар экенимди бүт айыл билип калды. Байып да жатам,- деди Салима күлүп.

– Эх, Салиш, сен акылдуу кызсың. Башынан эмне каалаганыңды билдиң. Бактылуусуң. Кайсы жерде болсун адам бактылуу болуш керек экен. А мен кайсы жерден бакыт издесем да таба албадым.

– Искендер менен жолуктум, башымды кайра жоготтум дей көрбө, эже.

Аяна күлүп жиберди.

– Жок, жоготподум. Ортобузду балдар гана байланыштырарын дагы даана түшүндүм. Айласын таппай жүрөт. Жүрөгү балдары дегени менен, аялына айта албайт окшойт.

– Аялы мынча кымбат чыкты аныңдын. Сиз менен жашабайм, бирок бул балдар меники деп айтып, балдарга жоопкерчилик алышы керек го.

– Билбейм, ал тууралуу деле сүйлөшкөн жокпуз. Эзилип турганын көрүп, мен кыйналып кеттим. Кетип калайын десем, Алан беш ай анын көзөмөлүндө болушу керек. Мен өзүм үчүн андан эч нерсе күткөн эмесмин, күтпөйм дагы. Бирок балдарды көргөндө бир тыянакка келет го дегем.

– Эже, Москвада жүргөндө сизге ушунча суктанчу элем. Мени окутуп, балдарды карап, иштеп, баарына жетишчү элеңиз. Сиз баары бир жолун табасыз. Сиз таң каларлык акылдуу адамсыз. Мунун да бир жолу болот. Ишенип коюңуз.

Аяна башын ийкеди. Уулу эле айыгып чуркап кетсе болду. Калганынын жолун табат...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nurhan2702
2020-08-04 07:46:35
Сонун...
0
Anarik87
2020-08-09 19:28:33
Биринчи жолу окудум кызыктуу экен
0
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан