БАЛАНЫ УЗАККА ЭМИЗҮҮ ЗЫЯН ЭМЕСПИ? ПЕДИАТР ЖООП БЕРЕТ

Ар бир ата-эне үчүн баласынын ден соолугу биринчи орунда. Муну окурмандардан кат куржунубузга келген суроолор да айгинелейт. Бул жолу окурмандар узаткан суроолорго врач-педиатр Гүлжамал Саадакбаева жооп берет.

– Балам 1,5 жашта. Эмчектен чыгара элекмин. Катуу соробу, айтор, акыркы убакта эмчегимдин үрпү аябай ачыша баштады. Чыгарайын десем кайненем “азыр таажы тумоо күч алып турганда чыгарбай коё тур. Эмчек сүтүн эмген баланын иммунитети күчтүү болот” деп болбой жатат. Бул чынбы? Баланы узакка эмизүүнүн зыяны жокпу?

Алия, Бишкек шаары

– Алия, кайненеңиз туура сунуш айтып жатыптыр. Негизи 2 жашка чейин эне сүтүн эмген балдардын иммунитети күчтүү болот. Ошондой эле баланын күнүмдүк рационуна белок, углевод, кальций, темир жана башка витаминдерге бай азыктарды, жер-жемиштерди кошуңуз. Иммунитет күчтүү болсо, зыяндуу микроорганизмдерден коргоп, көп оорулардын алдын алат.

“БАЛАМДЫН ТАМАККА ТАБИТИ ЖОК”

– Балам 3 жашта. “Жаш бала тойгонун билбей жей берет” дешет го, меники андай эмес. Тамакка табити начар. Бир-эки кашык жейт да, суу же чайды шыңгыта ичип, ойноп кетет. Салмагы да аз. Эмне кылсам болот?

Мадина, Бишкек шаары

– Тамактануу – бул баланын аң-сезиминин өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошкон элемент. Өзгөчө баланын дене бою, акыл-эси өөрчүп жаткан учурда туура, витаминдүү тамактануусуна ата-энелер көңүл бөлүшү шарт. Витаминдүү азыктар балага толук берилбегенден улам анын организми үзгүлтүккө учуроосу мүмкүн. Эгерде балаңыздын табити аз күн мурун эле жакшы болуп, кийин эле табитинин бузулганын байкасаңыз, дароо педиатрга көрсөтүңүз. Дагы бир эске алчу жагдай, айрым балдар табиятынан тамакты аз жеши да мүмкүн. Баланын ашказаны өтө эле кичине болот эмеспи. Ошондон улам алар салмакты дагы акырындан кошот. Эгер балаңызда физиологиялык көрсөткүчтөр нормасында болсо, анда сиздин санаага батышыңыздын кажети жок. Айрым ата-энелер “ушунун баарын түгөтөсүң” деп күчкө салып тамактандырышат. Бул ыкма туура эмес. Себеби балада тамакка болгон табит ансайын жоголушу мүмкүн. Айрымдар баланы оюнчук, мультфильм сыяктуу нерселер менен алыксытып тамактандырышат экен. Бул көрүнүш да туура эмес. Баланы кичинесинен тынч, бир жайда отургузуп тамактандырган туура. Ошондо ал эмне жеп жатканын, тамактын даамын сезүүгө үйрөнөт. Колдон келсе балаңызга тамактарды түрлөп, кооздоп жасап бериңиз. Жашылча-жемиштерден жасалган даамдарды, жаңгак, ашкабак, өрүктүн данектерин менюсуна көбүрөөк кошуңуз. Мындан сырткары баланы күндө жуунтуп, таза абага алып чыгып ойнотуп, денесине укалоо жасоо да, балдар менен чогуу тамактандыруу да жакшы жыйынтык берет.

“БАЛАМДЫН ДЕНЕ ТАБЫ КҮНДҮЗ ЖОГОРУ БОЛОТ”

– Саламатсызбы? Уулум 1 жаш 3 айлык. 3 айынан тарта баламдын дене табы күндүз 36.9-37.2, кээде 37,4кө чейин көтөрүлөт да, кечкисин кайра 36.6 болуп калат. Бул көрсөткүч баламдын жашы үчүн нормалдуу эле көрүнүшпү? Же текшерүүдөн өтүшүбүз керекпи? Кудайга шүгүр, баламды оорутпай, жакшы багып келе жатам. Физиологиялык жактан да жакшы өсүп келе жатат.

Гүлсүнай, Таш-Көмүр шаары

– Бир жашка чейинки баланын дене табынын 37,2 болушу нормалдуу эле көрүнүш. Айрым ата-энелер өзү үшүкчөөл болсо, баласын да тумчулап кийинтип салышат. Балдарга мелүүн, салкын температура жагат. Андыктан бөлмөнүн ичи ысык эмеспи, ашыкча жылуу кийинтип койбодуңузбу, эске алыңыз. Бөлмөнү шамалдатып, аба алмаштырып турууну унутпаңыз. Таза абага алып чыгып ойнотуңуз, көбүрөөк суюктук ичириңиз. Мындан сырткары күнүнө заңдайбы, канча жолу заңдайт, байкоо салыңыз. Баланын өз убагында заңдабашы да дене табынын көтөрүлүшүнө себеп болот. Эгер дене табы 37,5тен жогору болсо, анда дарыгерге көрүнүп, ай сайын кандын анализин тапшыруу керек.

“ЭМНЕГЕ БАЛАНЫН КӨЗҮНҮН АСТЫ КАРАРЫП КАЛАТ?”

– Эки жаштагы кызым бар. Ден соолугу, тамакка табити жакшы. Күлүп-жайнап эле ойноп жүрөт. Мени тынчсыздандырганы – эртең менен турганда кызымдын көзүнүн асты караргансып, бир аз шишип калат. Бул эмнеден улам?

Жадыра, Сокулук району

– Эгер жакшы тамактанып, ойноп жүрсө көп тынчсыздануунун кажети жок. Менимче, физиологиялык өзгөчөлүгү болсо керек, териси өтө жука, балким, кан тамырлары териге өтө жакын жайгашкандыр. Көбүнчө бул өзгөчөлүк балага ата-энесинен өтөт. Мындан сырткары кызыңыздын уйку режимине көз салыңыз. Түн ортосунда суу же эмчек сурап ойгонгон учурда көзүнүн чечекейинин тегерегиндеги май кыртышына ашыкча суу топтолуп, мындан улам көзү шишип, асты караргансып калат. Ошондой эле баланын уйкусунун бузулушу, гаджеттерди көп колдонуу, сыналгы, компьютердин астында узакка отурушу, аз кыймылда болуусу жана өнөкөт стресс да буга себепчи болот. Андыктан баланын күнүмдүк режимине тыкыр көз салып, алдын алыңыз. Эгер көзүнүн астынын карарып калышына булар себеп болбосо, анда педиатрга сөзсүз текшертиңиз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан