10 ЖАШАР БАЛА АПАСЫН САКТАП КАЛДЫ

Красноярск өрөөнүнүн Гремучая Пад кыштагынан 10 жаштагы бала өзүн жана унаада кошо сууга чөгүп бара жаткан апасын сактап калды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 25-июлда катталган. Mazda Familia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, сууга кирип кеткен. Унааны 38 жаштагы аял башкарып бараткан, арткы орундукта анын баласы отурган.

Аялдын айтымында, ал унаанын эшиктери бекилип калганын көрүп, нес абалда калган. Бала арткы эшикти ачып, чөгүп бараткан унаадан чыгып, андан соң апасынын чыгуусуна көмөктөшкөн. Алар жээкке чейин сүзүп чыгып, ал эми унаа сууга андан ары чөгүп кеткен.

Аял баласынын сууда сүзгөндү билбей турганын айткан. Эне-бала төрт чакырым алыстыктагы жакынкы айылга чейин жөө барышкан.

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
suban78
2020-08-07 11:58:33
Азамат. Он жашар бала.
+1
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан